Айылым
Кичинемде жайы сыртка жатчу элем
Өз ичимен кыялдарга батчу элем
Бир жылт этип учуп кетсе чоң жылдыз
Бакыт бер деп ичке тилек катчу элем
Түн киргенде тынбай сүтак сайраган
Асман ачык көктө жылдыз жайнаган
Тоодон келген муздак шамал опкулоп
Эркелетип тулку боюм аймаган
Көп жылдыздар бири бирине жанашып
Мен сыяктуу мени алар да карашып
Кечээ күнгө бирөө жетпей калды деп
Саначу элем кайра кайра адашып
Ай нурунан күндө эргүү алчу элем
Жатып алып түркүн обон салчу элем
Теректердин шуулдаган үндөрүн
Тыншап жатып анан уктап калчу элем
Таң атканда тааныш күкүк сайраган
Элдер малын жайыт көздөй айдаган
Бала кезим көздөн учту айылым
Ошол кезге алып барчы кайрадан
Эх ка