А почему только парни говорят о своих предпочтениях? Я вот кыргызка, и я тоже не хочу замуж за кыргыза! Потому что у всех какая-то подлянка есть. Один дурак, даже в 25 не знает чем хочет заниматься «когда вырастет», другой маменькин сынок, третий изменник и даже зависает в подобных пабликах! Омерзительно! А про воспитание вообще молчу! Будто никогда девушек не видели, пишут в лс всякую гадость и ещё и обижаются как придурки, если не отвечаешь! Да ну вас!
    0 комментариев
    0 классов
    Саламатсыздарбы! Мен бир окуя жаза кетейин эсимде калган, эстесем азыр кулуп алам кееде. Жаны окууну бутуп шаарга келген кезим, эжем вогзалдан тосуп алды. Анан эжем экобуз кичине шаар тегеренип басып, уйго бармай болуп коомдук транспортко туштук. Эжем акчаны шоопурга берип артына отуп кетти. Карасам алдында бир места бош экен олтуруп алдым, эчнерсе менен деле ишим жок бирок, негедир мени алдымда турган чон эжелердин баары эле жаман коздору менен карашат эле карашат. Ичимен жаман болдум айылдык экеним билинип атат окшойт деп, кой шаарлыктарга окшошуп отурайын деп, бир бутум устуно бир бутум учкаштырып отурам деловоймун озунчо эле😁. Бир маалда бир апа кел уулум апана орун бошотуп берчи деп ордуман нагло эле тургузуп туруп олтуруп алды. Ошентип маршрутканын эшигинин жанында бурчта кыпчылган бойдон турам. Кишилер кирип артына отуп кетишет. Бир маалда бир эже 20 сом карматып "передайте пожалуйста" дейт. Орусча билбеген жаным эркелетип берип атат окшойт деп чонтоко салып койдум, бир аздан кийин дагы биро акча берди "передайте" деп, ал акчаныда жылмайып рахматым айткандай чонтогумо салып койдум😁 озумчо жаман болуп кеттим эмне мен мынча любимчик болуп калгам деп. Баарын коруп турган эжем келип чонтогумдогу акчаны алып чыгып шоопурга толотуруп туруп анан тушуп кеттик. Айылда бекер алып журуп конуп калган жаным, шаардан бир жылдай кыйналдым го чиркин, жадакалса туалетке кире албай же туалет таппай😁
    5 комментариев
    5 классов
    Ак көгүчкөн. 2- бөлүм. Орус кошунама барып эшигин кактым. Чыгып, мени кучактап көңүл айткан сымал болду. Дүйшөн алып чыгып жатканда көргөн окшойт. Дароо үйдү аласыңбы?-деп ток этер жерин айттым. -- Документи жайындабы? -- Жайында, апам мага эчак өткөрүп койгон. Акчаң даяр болсо эрте күндү кеч кылбай жүрү бүгүн өткөрүп берейин. Акча даяр деп кудуңдап кирип кетти, үйгө кирип үйдүн документин алып чыгып тиги орустун машинасына олтурдум. -- Натариуска эле баралы тез болот. -- Бир ишти эки кылбай дароо каттатып алайын, көп убакыт кетпейт. -- Мейли, буюмдарды эки күндөн кийин алып кетем. -- Мейли бирок, көп жоголсон ыргытып салам. Үйүмө ээ болбой туруп кыйын болуп жатканын карасаң. Кыргызстанда жашап жатып Кыргыздарды басынтат. Арданып кеттим. Бирок азыр айнысам үйгө кардар табуу кыйын болмок, тапсам дагы убакыт кетип калмак. Он беш миң долларга бааладык. Жакшы сатып жатам окшойт, арты урайын деген эки бөлмөнү. Бир саатка жетпей үйдү өткөрүп берип акчаны колго алдым. Үйгө келип бир аз буюм жыйнап убакытынча жашап турууга жай издөөгө чыктым. Акчамды болсо аябай каттым, жаныма алып алдым. Акчаң болсо баары оңой экен, көп кабаттуу үйдөн бир бөлмө батир таптым. Баары бар экен ичинде. Эки күндүн ичинде ушундай батир сатып алышым керек, демек кечиктирбей эртеңден издейм дедим. Жуунуп, дүкөндөн сатып келген нерселерди жеп алып жаттым. Түш көрдүм. Бей тааныш адамдарга аралашып жүрүптүрмүн. Бир татынакай кыз менен дүкөндө, дүкөн ээси жанагы кызды жактырып тийишип жатат менимче. Бели эки эле карыш болгон кыз экен. Ал дагы жөн турбай жылмайып, тийишет. Жагып жатат көрүнөт. Атасындай немеге ырсандап күлгөнү жаман эле көрүнөт экен. Кийим тандап жатыптырмын бирок, жакшы мага ылайыгы табылбайт негедир. Анан жанагы киши бир кагазга бир нерсе жазып мага карматты. Кызык, көздөгөнү жанымдагы кыз болсо анан кагазды эмнеге мага карматты экен. Келишкен периштеге эки жүз миңге чек жазып бериптир. Бул кагаздагы акчаны ушул гана дүкөнгө коротсо болот. Демек, баштык жыртылганча дүкөндөн каалаганын алса болот. Мага жанагы кыз сен дагы бир сыйра кийим алып ал деп койот. Билбейм анан эмне болдук, айылга окшогон жерде болуп калдык. Кой союп тамак кылып, калган этти калтырып койдук. Чийки эт түшкө кирсе жаман экенин билип жатам, колумдан эч нерсе келбейт негедир. Бейтааныш сулуудан жумуш сурап жатам, кызык ал ким болду экен. Кайра түштүн мааниси башка жака бурулуп, бейтааныш жерде жападан жалгыз калдым, жалгыз апамдын керебетине окшогон керебетте жатам. Койо турсаң, мен өлүп жатам окшойт. Өлүү кандай болоорун өз денем менен сезбедимби. Бутум өйдө жака асылып, түшүрө албай бир топко ыйладым. Ушуп кеттим, бутум эч нерсе сезбейт. Таштай муздап, кан жүгурбой калды го. Ошол муздак нерсе денемди акырындап бүтүндөй каптап келе жатат. Жүрөгүмө жеткенде башым чыдагыс ооруп кетти, бакырдым. Жанымда ойготуп койчу жан адам болсочу аттиң. Кудай мага белги берип жаткан сымал, бирок менде айла канча. Апам тирүү кезде болбогон тууган эми кайдан пайда болмок дейсиң. Туугандан тажаган адамдарга эч түшүнбөйм, мен мына мен алыс болсо дагы эптеген тууган сөрөй го зарыгып олтурам. Бул дүйнөдө жалгыз калуу канчалык деңгээлде оор экенин ошолор сезсе, туугандан айланып гана кетишмек. Өкүнүчтүү...... Апам, жан берип жатып оозу мурду кыйшайат деп айтып калчу. Ошондой турум менен мени биринчи тапкан адамды коркутпайын деп оозумду бекем жаап, көзүмдү ачпай, колу бутумду түз кармап жаттым. Сөз менен айтып бере алгыс нерсе болуп жатат, адамдан жан чыгыш деле кыйын тура. Жанагы бутумдан башталган муз бүт денемди каптап, акыркы мүнөттө эки гана жолу дем алып, анан тынчып жатып калдым. Мына өлдүм. Жаным чыгып кетти. Өзүмдүн жансыз денемди ыйлап карап турам. Апам сыяктуу болуп калыптырмын, болгону оозумдун ачылып калышынан корксом керек аябай катуу жабам деп тиштеп алыптырмын. Тегереги көгөрүп кеткен. Эми эмне кылам? Өлгөндөн кийин сурак, анан бейиш же тозок деп айтчу эмес беле. Эч нерсе көргөн жокмун, жаным чыкканы менен жанымды алып кетчү Азраил дейби ошону да көргөн жокмун. Анда эмне баары калп, жөн эле уламыш дегениби. Кызык денемди жерге жашырса духум дагы кошо жатабы? Кээде чыга аламбы? Же жайга жаткандан кийин өлүм периштеси келеби.? Жата бердим, менин денемди эч ким тапкан жок. Ошондо барып мени жерге берүүчү тууганым жок экенин эстедим. Духум ыйлап жатат, жансыз денемди кучактап ыйлап жатат. Ошол жерде жансыз денени карап, кучактап ыйлап олтуруп ойгонуп кеттим. Ойгонуп алып тирүү же өлүк экенимди түшүнбөй күзгүгө жүгүрдүм, чын эле өлгөн адамдай өңүм бозоруп калыптыр. Эки жакты карап, колумдан чымчым алдым. Чымчыган жерим ооруп кеткенде барып түшүм экенин түшүндүм. Келме келтирип, кайра барып жатып калдым, мындай түштөн кийин кайдагы уйку. Жанагы түшкө дүкөн, кыз, семиз кишинин эмне тийешеси бар дейм да. Карасам таң атып калыптыр, туруп үй издөөгө кириштим. Гезиттен карап, сатылуучу үйлөрдү кыдырдым. Кымбатыраак. Биринчи кабаттан бир бөлмөлүү, ремонту жок үй таптым. Жок дегенде ошону алып алайын деп үйгө акчага жөнөдүм. Жана акчаны жоготуп алам деп жаныма алган эмес элем, үйгө кайтуума туура келди. Акча жок экен. Кийим салган сумканы миң аңтарып карасам дагы жок. Үйдү тытып салдым, жок. Өзүмдүн үйүмө барып издедим, жок. Мени тоноп кетишти, билген адам эле кылат да. Жанагы орустан көрдүм, артымдан аңдып акчаны алып кеткен тура. Чыгып Милицияга барып, Арыз жазып Орустан көрүп жатканымды айттым. Алар дароо эле орустун үйүн басып калышты. Ал түшүнбөгөн адамдай жалдырап калды. Акча бар экен, бирок анчалык көп эмес майда-чүйдө акча. Андан башка эч ким билбейт болчу деп көнбөй койдум. Аныкталганча деп орусту алып кетишти, аялы мени каргап жатып калды. Эмне кылууну билбей үйгө кирип башым айлана, өзүмдү жаман сезип жатып калдым. Канча күн өтсө дагы орус мойнуна алган жок, таяктан тажап айласыз үйдү кайра өзүмө өткөрүп берүүгө көнүптүр. Орустан эле көрдүм анткени андан башка эч ким билбейт болчу. Сатылат!-деп үйдүн сыртына кайрадан илип койдум. Жанагы орус жаныма келип сүйлөөгө даабайт, бети чыдабай жатабы же милицияга айтат деп коркуп жатабы билбейм. Эки күндөн кийин милиция келиптир, мунусун да мага келиптир. Түшүндүрбөй алып барып камап койду. Эмне болгонун түшүнбөй калдым, бир күн муздак жерде төшөк жок жаткандан кийин анан суракка алып башташты. -- Атың, фамилиян. -- Бейшенбек кызы Айжамал. -- Туулган жылың. -- Бир миң тогуз жүз токсон алты. -- Демек азыр он жети жаштасын. -- Ооба, бир айдан кийин он сегизге толом. -- Туугандарың барбы? -- Жок, апам аз күн мурун каза болду. -- Эмнеден каза болду? -- Ашказандан Рак болду. -- Экспертиза башкача айтып жатат, жок рак дагы бар экен бирок, тумчуктуруп өлтүргөн деп чыгып жатат. Апаң менен карым катнаш кандай эле? -- Жалгыз апам менен кандай болмок эле. Ороодогу кезимден бапестеп баккан апамды жанымдан артык көрөт элем. Союуга ким уруксат берди силерге? -- Баласы Дүйшөнбек. Сен болсо тууганым жок дейсиң. -- Мен аны өмүрүмдө эки жолу көргөм. Тууганым деп эсептебейм, апамдан бир кабар алып келбеген. -- Көчө шыпыргыч экен агаң. -- Калп, ал бандит. -- Сен сатууга аракет кылган үйгө Дүйшөндүн дагы акысы бар. Эмнеге апаң каза болгон күнү үйдү саттын? -- Апам ошентти, сатып тез көчүп кет деди. -- Апаңды эмнеге өлтүрдүн? Өлтүрүп жатканда айттыбы? Же сенден жанын албашын суранып жатып айласыз макул болдубу? -- Өлтүргөн жокмун, өзүнүн каалоосу менен кылдым. Бул адам өлтүрүүгө жатпайт. -- Далил барбы? Эгер чын болсо заң аркылуу чечиле турган маселе го бул. -- Бизде акча жок болчу. Атаны бала тааныбаган заманда өлүү дагы акча экенин мен кайдан билдим. Апам чыдабай калды, түшүнсөңүз апам менден акыркы суранычым деп суранды. Колумдан келгени ошол болду. Сиз дагы жакыныңыз оорудан онтоп, жаздык тытып ыйлап жатса, закон деп турганыңды көрмөкмүн. -- Адам өлтүрүү качантан бери жакшылык болуп калды эле? Мүлктү өзүнө өткөрүп алуу максатында атайын адам өлтүрүү болуп жатат. Иш козгойбуз, он жылдан он беш жылга чейин камаласын. Эгер каалабасаң бир жолу бар. -- Эмне жол экен? -- Үйдү өткөрүп бересиң. -- Ток этер жери ошол турбайбы? Дүйшөн ушул жаман үйгө зарыгып калыптырбы? Кармасаң карма, экспертиза апамдын ансыз деле ичер суусу түгөнүп калганын айтат. -- Сен иштин канчалык деңгээлде татаалдыгын сезбей турасың. Он беш жыл түрмөдө жатып оорукчан болуп чыгасың, эгер чыксаң. Болбосо ошол жакта чирийсин. Өмүрүң бекер өтүп кетет, мага баарыбир. Бети ачылбай жаткан эки-үч кылмышты кошуп илип койюуу мага кеп эмес. -- Келиштик, үйдү кимге өткөрүү керек? Ошол үйдө бейкут жашоо көрүүгө апамдын арбагы жол берет экенби көрөбүз. -- Алып чыгып бергиле. -- Кимге? Мени кимге берет? Жооп алган жокмун, эки колумду кайрып чыгып бир унаага салып коюшту. Артына, колум жип менен анча катуу эмес байланган. Башыма кара кап кийгизген эле анысы чыгып кетти, тишим менен колумдун жибин чече алдым. Жашоого болгон сүйүү мындай учурда ушунчалык күчтүү болуп кетет экен, кантип машинанын артын ачып алганымды өзүм да түшүнбөйм. Болгону ошол жердеги темир менен чукулап, кээде ургулай бергем. Артты кароого күчүм жеткен жок, машина өкмөттүн машинасы эмес. Демек мен сатылып кеттим, сатылган соң дурус жашоо күтүп турбаганы анык. Андан көрө азабымды азайтып, азыр тобокелге барганым жакшы. Тирүү калсам жакшы, эгер тирүү калбасам бул маңдайга жазылганы деп билем. Өзүмдү таштаганда жерге дүп эте катуу түшүп, анан үч төрт метрге тоголонуп кеттим. Көзүмдү коркуу менен ачсам, бажырайып жылдыздар көрүнөт. Тирүү экенмин, ичер суум бар экен дагы. Оо кудай, рахмат. Рахмат, ыраазымын.... Тирүү калганыма катуу сүйүнсөм керек, дароо жолдун четине чыгууну унутуп коюптурмун. Качан гана башка машинанын үнү угулганда эсиме келдим. Туруп, анан качууга убакыт жок болчу. Машина аябай жакын келип калган, кандай куласам ошол бойдон жээкке тоголонуп жибердим. Мага бир нерсе сынган сыяктуу үн угулуп кетти. Бирок унаа астында калган жокмун, сүйүнүп ооруну сезбегенимди көр. Бутумдун манжалары дөңгөлөк астында калыптыр, жанчылган. Эч нерсе эмес, бул өлүм эмес го акыры. Айыгып кетем буйруса. Баарыбир катуу урулган окшоймун, өзүмдү жоготуп коюптурмун. Көзүмдү ачсам ооруканада экенмин. Бутума темир салып коюшканбы, айтор тургум келсе дагы тура алган жокмун. Негедир жүрөгүм бир нерсени сезгендей бир толгонуп ооруп койду. Эң жаманы ушул акыбалда жатсаң дагы, башыңан сылап, бир чыны шорпо көтөрүп эч ким келбейт экени. Эстесем эки күндөн бери эч нерсе жебей жүрүптүрмүн, башым айлангансып турат. Бирөөнү чакырайын десем оозум кургап, тамагым ачышып менден чыккан үн өзүмдүн кулагыма араң жетип жатты. Эртеби кечпи баарыбир бирөө кирет да акыры, чыдаш керек. Эшиктен мага тааныш бирөө мени көздөй шашпай басып келе жатат. Кайсы жерден көрдүм эле? Эстөөгө аракет кылсам башым жарылып кетчүдөй ооруп кетти. Башымды эки колдоп мыжыгып алдым, ошентсем оору басаңдаган сыяктуу. -- Айжамал, кандай сулуу болуп өскөнсүн. Жүзүндө мыскыл аралаш жылмаюу турат тигинин, эстедим ким экенин. Бул баягы атамдын агасы Дүйшөн эмеспи. -- Эмне керек? -- Хм, баарыбир бир эненин тарбиясын көргөнбүз да, баатыр экенсиң. Өзүңдүн чоң атаңа дагы мындай корс сүйлөйсүңбу? -- Өмүрүмдө үчүнчү жолу жолугуп турган адамга анан кандай сүйлөө керек? Анын үстүнө үч жолу тең мага жагып, сыйлап калуучу мезгил болгон жок. Үй керекпи? Сага буйрусун. -- Айжамал, үй өзүңдө калсын. Бизге эми бул дүйнөдө бири-бирибизден башка тууган жок. Болгону сага мени менен жаша дегим келген. -- Ошол үчүн апамды экспертизага бердиңби? Ошол үчүн милицияга эки күн салып бердиңби? Ачык айт менден сага эмне керек? Дүйшөндүн колунда узун, ичке нерсе бар экен. Таянып жүрөт дейин десең өтө ичке, анан көрүнүшү темир сымал. Балким азыркы жаңы чыккан шумдук болуп жүрбөсүн. Антейин десең таяк таянчудай өтө деле каары эмес. Менин эсебим боюнча кырк беш жашка жетпейт болуш керек. Бою узун, сөөктү, далы кең, көздөрү тартылып турат бирок, сурмасы бар экен. Сымбаттуу, колуна кара кожа кол кап тагып алыптыр. Манжалардын учу гана көрүнөт, ошондо дагы колу каардуу экени даана байкалат. Жоон тамырлар колун каптап алган, бирок эмнегедир сүрдүү эмес. Башка кээ бир эркектер менен салыштырсак орточосуна кирсе керек. Менин макул болуудан башка аргам жок болчу, бутум жакынкы арада айыгып кетчү түрү жок. Уландысы бар
    3 комментария
    5 классов
    Уландысы Бир жыл өтүп келиним уул төрөп, бир аз болсо да баягы жаман иштер унутта калып, үйүбүз жарык боло түштү. Мүмкүн уулдуу болгон соң , уулум да өзгөрөт чыгаар деп ойлодук. Башында жакшы көргөн аялын , төрөгөн соң кол көтөрүүнү адат кылды уулум. Мен келинден талап кылам, күйөөңдү башкар, каякка кеттиң, ким менен жүрөсүң деп сура, сен катуу болсоң ал үйдөн чыкпасын дейм. Байкуш менден корккон үчүн күйөөсүнөн сураса , ал эркектик кылып өзүм билем , ишин эмне сенин, сенден сурап чыгышым керек бекен деп кол көтөрөт экен, аны кийин билдим. Кээде үйдөн чыгып кеткен боюнча жумалап келбей коёт, келгиче сар санаа болобуз, келинди да ойлонуп, бул да бирөөнүн баласы, жаш болсо деп аяйбыз. Эң башкысы уулум үйгө аман эсен келсе болду деп, айла, арга жок күтүп калабыз. Билинбей ушундай жашоо менен төрт жыл жашадык. Ал арада келин аябай арыктап, чунчуп кетти, далай жолу күйөөсүнүн таягын жеди. Бирок бир да жолу же бизге, же ата энесине арызданган жок, кетип деле калган жок. Унчукпай оокатын жасап жүрө берди. Азыр ойлосом ошол учурда аны жакшы сүйлөп, алдап соолап алып жүрсөм мүмкүн баары башкача болмок беле деп. А мен уулума ачуум келген учурда келинден чыгарып алчу элем. Сен катуу болбойсунбу, сен мындай болбойсунбу деп турат элем. Акыры биздин жашоого чыдабай кетип калды, барып алып келели деп эки күндөн кийин абышкам экөөбүз бардык. Бирок келиним бир сүйлөп, менден ыраазы болгула, сабырдын да чеги болот, эми үстүмө алтын чачсаңыз да кайра ал эшикти аттабайм деди, жаман аялдар сыяктуу үйүмө качып, кайра барган жокмун, сабыр кылып күттүм, бирок эми кеч. Уулумду бербейм деп айтканда , ачууга алдырып ийдим, барбасан барба, бербесен бербе, өз уулум ата энесине жакшылык кылбаган , сенин уулуң бизге жакшылык кылмак беле дедим да, ордуман туруп чыгып кеттим. Жараткан сөз сүйлөгөн кезде абайлап сүйлөш керек деп бекеринен эскертүү бербептир да, шашпа , менден улуу сүйлөбө деген окшойт. Пенде биз өлбөчүдөй болуп, жашоого түбөлүк кала тургандай боло берет экенбиз. Турмуш өзү убакыт менен көрсөтүп, сабак кылып сыздатып, качан гана тобоо кылганында жайына коёт турбайбы. Он жыл арасында кенже уулум каза болду, ошол жаман жүргөндүн кесепетинен , көп өтпөй кызым, дагы эки жыл ичинде чоң уулум да каза тапты. Абышкам экөөбүз ушуларды көрбөй жер астында болсок ыраазы элек. Бирок Жараткандын таразасынан кутулуп кетүү мүмкүн эмес тура. Абышкамын жүрөгү мунун баарын көтөрө албады, инсульт болуп бир нече ай төшөктө жатып акыры бул дүйнөдөн кете берди. Ошондо баягы айткан сөзүм башыма таш менен ургандай болду, топурак салыш керек, неберемди чакырттым. Келиним, неберемди алып келди, өзүмүн балам жакшылык кылбаган, сенин балан кылмак беле деген сөзүм үчүн, аябай тобоо кылдым. Ушунча жаман иштердин баары бир, ошол айткан сөзүм бир болду. Неберем жай башына барып, чоң атасына топурак салды, мына жакшылык. Сала турган атасы эбак жер алдында жаткан. Адамдын ичинен күйүп, ичинен сыздаганы эң оор жүк экен. Меникиндей карылыкты эч кимге каалабайм, бир убакта айтылган сөз үчүн, мындай кымбат жооп береримди билгенде., аттиң арман. Мына жашымда жыргап ушул бойдон жүрө берет экенбиз деген менен, ал күч кетип, карылык деген алдыда күтүп турат экен. Жашында берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттүү деген сөз бекеринен эмес тура. Келиним куран окуп, неберемди таштап кетти, сиз жалгызсыз, кыздын балдары барибир өзүңүздүкү эмес, бир аз жүрө турсун деп. Ушундай ыраазы болдум, убагында ушул дөөлөттүү, ак жолтой келинимди барктап алганда, мүмкүн мындай болбойт беле, ким билсин, Неси болсо да тобоо кылдым, жалынып жалбарып тобоо кылып жүрөм деп, Жараткан билип билбей кетирген каталарыбызды, күнөөмдү кечирсин, деп өз башынан өткөн окуяны айтып берди - апа. Уландысы бар...
    1 комментарий
    6 классов
    1 комментарий
    1 класс
    1 комментарий
    0 классов
    2 комментария
    0 классов
    1 комментарий
    0 классов
    1 комментарий
    1 класс
    Разница девушек 2 часть😃
    3 комментария
    2 класса
Наш телеграм канал ⏬ t.me/jarnama_reklama_kg
📌 Бакай Банк запустил реферальную акцию «Переходите на BakAi»! Приглашайте друзей в инновационный мобильный банк BakAi и получите щедрые бонусы за каждого нового пользователя по 50 сомов и супер бонус по 1 тысячи сомов в неограниченное количество раз. Это классная возможность для всех, простым способом преумножить свои деньги. https://ref.bakai.kg/dwKMYiEy6Ib Скачивайте и зарабатывайте ✔️ Пройди регистрацию и получи 100с на баланс 💵
Уважаемый клиент! Скачайте мобильное приложение «Компаньон» и получите бонус 50 сомов после прохождения идентификации! Приглашайте друзей, делитесь ссылкой и получайте еще по 50 сомов за каждого нового пользователя и шанс выиграть 1 миллион сомов! Еще 1 миллион сомов выиграет самый активный пользователь банковских услуг в приложении «Компаньон»! Ссылка для скачивания: https://24.kompanion.kg/referal/18b137a173eb99 Подробная информация по номеру 88 00 или на сайте https://www.kompanion.kg/ru/news/923 Урматтуу кардар! «Компаньон» мобилдик тиркемесин жүктөп, паспорт менен идентификациядан өткөндөн кийин 50 сом бонус алыңыз! Досторуңузду чакырып, шилтеме менен бөлүшүп, ар бир жаңы колдонуучу үч
Показать ещё