ТИРҮҮЛҮК Тирүүлүк - берген демиң сенин барың, Көз жайнап, жүрөк согот жашап жаным. Мүнөттө сан жетпеген кагуу менен, Тамырда чуркап турат кызыл каным. Тирүүлүк - уйкум ачып түйшүк салчы, Тосойун абаң жутуп аппак таңың. Тирүүлүк - тирүү калуу, өсүп, жанып, Өчүрбөй коломтого отту жагып. Үшүйүн же ысыйын, чок болоюн, Өлбөскө тирүүлүктөн оттук алып. Алданбай пайдасы жок көр дүйнөгө, Жашайын адам сапат, жүзүм жарык. Тирүүлүк - соккон шамал, же боз туман, Кетилбей өмүр көчү өссүн улам, Койнунан махабаттын кол тартпастан, Бактымды коргоюнчу, кетсин туман. Тирүүлүк кандай сонун билген жанга, Жаңырса жакшы сөздөр сергип турам. Тирүүлүк - бул ден соолук, сезген сезим, Бакыттын оош-кыйышын ке
ЖАШЫЛ БАГЫМ Бакытка ысык демиң тегиз бөлөп, Кайгырсам жакшы айтып дайым жөлөп. Жүргөндө күткүн дедиң сейил бактан, А бирок гүлүн сунган адам бөлөк. Серпилген сезим үшүп кайтып артка, Чоочуркай карап мүшкүл салды башка. Адашып кай багытка кеттиң экен? Толтуруп көздөрүмдү ачуу жашка. Сен келчү тарап жашыл, гүлдүү бакча, Жолумдан тосчу элең басып аста. Көлөкөм көлөкөңө далдоо калса, Көкөлөп учаар элем ошол чакта. Сен деген үмүт бүгүн жерди карап, Окшошпой, көзгө чоочун бул туш-тарап. Кайчылаш неге кетти биздин жолдор? Тагдырым сыноо салып берип азап. Унчукпай көкүрөккө каттым үнүм, Баткандай алоолонгон ысык күнүм. Жолугуп калаарыма ишенемин, Эртең же буюрганда да бир күн
ЖАМГЫР Асмандын жиги сөгүлүп, Ак жамгыр бүгүн төгүлүп. Буулугуп турат токтобой, Чачымдан сылай өбүлүп. Төгүлдүң жамгыр башкача, Көзүмө муңдуу көрүнүп. Сен турсаң көктө көз жаштап, Мен турам жерде сөгүлүп. Буулуктуң неге ак таңда? Баттыңбы түпсүз арманга? Тамчыңдын үнүн эшитип, Жай барам тиктеп асманга. Төгүлгүн жамгыр, төгүлгүн, Мүрөгүң чачып бактарга. Сен жууган жүзүм албырат, Сөз таппай өзүм актаарга. Тунжурап, кайра катуулап, Мелтирейт, төгөт сабалап. Кучагым жайып баратам, Жамгырлуу таңды аралап. Төгүлгүн жамгыр, төгүлгүн, Чачымдан сылап, салаалап. Мендеги чыксын кусалык, Эзилтти жүрөк жаралап. Кундузбү Маматова Куку 17.05.2024.
КУСАЛЫК Асылзат балдар үйүнө кантип келгенин деле билбейт. Тарбиячыларынын айтканына караганда бир жумалык экенинде январь айынын бир түнүндө ушул балдар үйүнүн короосуна таштап кетишкен экен. Кыштын суугу наристеге өтүп, эки өпкөсүнө таасирин тийгизип, кароонун күчу менен араң жакшы болгон дешет. Кичинекейинен такай укол, дарынны көп алгандыктанбы илмийип арык болуп чоңоду. Андай болгону менен кичинекей арык, сары кыз чыйрак жана акылдуу эле.Көп сүйлөбөгөн, жулунбаган жоош кыз, ар кимди үмүттүү карап, улутунуп калат. Ата-эне эмне экенин деле билбей калды. Барган сайын бойго жетип, китептерден окуп, кинолордон окуп ата-энеге болгон кызыгуусу артып, кадимкидей куса болуп
*** Чачым тарап аркага, чачым тарап, Үнсүздүктө дүнүйөм азып барат. Көмөкөйдөн сүйлөнгөн нечен кептер, Жетчү жерге жетиши болуп азап. Арыш таштайм адымдап, арыш таштайм, Арбабаган жол өлчөмүн билүүчүдөй. Кыбыраган кадамдар мүнөттөрдү, Кылтагына илип сүйрөп жөнөөчүдөй. Көз карыгат жарыктан, көз карыгат, Күпкүндүзү жол айрымы билинбестен. Кансыроодон алсырап жүрөк турат, Шүйшүң тарткан бычагы жок тилинбестен. Онтойт дүйнөм үшкүрүп, онтоп турат, Тамырыма кызыл кан жүгүрбөстөн. Намыс арым тирешет үмүт менен, Кылдай ичке учугу үзүлбөстөн. Булут чалат асманым, булут чалат, Көзүмдөгү чолок жаш төгүлбөгүн Кирпигиме илинди тунук бойдон, Ага көрбө, жүзүмдө өбүлбөгүн. Күлөм бир
*** Чыдам кетип, уйку качып чекчейип, Чыйрыгамын чыканактай бүрүшүп. Сөз түгөнүп, тилдер келбей күрмөөгө, Ич этимди туурап турам урушуп. Көз карыгып киртийиңки санаадан, Түпкүрүнө катып ачуу ызаны. Жакшылыкка жоруп санайм мүнөттү, Батыралбай көкүрөккө кусаны. Күлгөн болом эл көзүнө жайдары, Көлөкөсүн ызалыктын жашырып. Көңүлүмө сиңбей турат эч нерсе, Шайыр мүнөз ийилүүдө басынып. Боюм түзөп барам түптүз басууга, Андай эмес, бирок дүйнөм ийилген. Эки көзүм көрүнбөгөн ашууда, Ачык жолдор бар бекенби чийилген? Ийилүүдө максат, үмүт, тилегим, Каруу кетип бошоң тартып билегим. Төрт аяктап калсам деле жол карап, Сагынычын аста айтат илебим. Бул дүйнөдөн калбагандай ишеним
*** Бакыт жолу узакпы же жакынбы? Деп издейбиз бакыт жандап турганда. Саргайтабыз чачыратып акылды, Туш тараптап сыноо камчы урганда. Кашаң аттай убакыт да кыбырап, Жылбай калат күтүү алса жакадан. Бакыт эмне? Азап эмне шыбырап, Сабыр гана сактайт бийик аскадан. Үмүт колдон алыс жакка жетелеп, Жөнөгөндө бакыт издеп барабыз. Бакыт бизди ороп жүрөт жетелеп, Пендебиз да, аны кийин билебиз. Кундузбү Маматова Куку
*** Алтындын эмне кереги? Асылдар турса жаныңда. Акыл кеп айтып коштосо, Кошулат нектар каныма. Күмүштүн эмне кереги? Колдосо калкың жаныңда. Кызыгын айтса өмүрдүн, Кошулат өмүр жаныма. Жыгылган жерден тургузуп, Жылмая карап берип кол. Өбөктөп калсам таяган, Өрнөктүү жакшым аман бол. Кундузбү Маматова Куку
БИШКЕК-ТҮРКСТАН Түйшүктүү сан ойлордон бүгүн качып, Баратам Түркстанга сапар тартып. Өзгөрүп кетсе экен сыноолорум, Кайрылып келгичекти өңдөн азып. Бакыттын бир учугун үзбөй улап, Ураган максаттарды бирден курап. Дубана болуп жерди кезсем дагы, Кудайдан адилеттик турам сурап. Түркстан калаасына баратамын, Түркүн ой, санааларды таратамын. Кайрылып калкыма мен баргычакты, Уулумдан санаам тынбай, азаптамын. Зыярат кылып элдин эсенине, Кайтамын эки күндө мекениме. Көп аман, көп ичинде уулум аман, Азаттык нуру тийсин чекесине. Түйшүктүү сан ойлордон бүгүн качып, Баратам Түркстанга сапар тартып. Өзгөрүп кетсе экен сыноолорум, Кайрылып келгичекти өңдөн азып. Кундузбү Мама
Показать ещё