Ак эмессиң, алдында абийир сотуңдун...
Ак дилиме от ыргыттың, от урдуң.
Сен башкага жолукканы кеткенде ,
Мен башканын маңдайында отурдум.
Ысымыңды унуттурду кептери,
Ысык мээри дале эсимден кетпеди...
А сен кетчи, кетип калчы сезимден,
Азыр мага күнөө сени эскерүү.
Сенсиз азыр ачык менин маңдайым,
Азыр мени кызыктырбайт кандайың...
Бүгүн мына келгенсиди бир сезим,
Сен деп жатып, аны булгап албайын...
Мен да отурдум маңдайында башканын...
Напишите, что Вы ищете, и мы постараемся это найти!
Левая колонка
О группе
Саламатсыздарбы?! «Ашыктыгым 🌸 ❤️» аттуу тайпага кош келиңиздер! Негизинен тайпада: баштан өткөн окуялар, көркөм чыгармалар, жүрөктөн чыккан ырлар, кызыктуу жана маанилүү жаңылыктар чагылдырылат. Бул тайпа - чыныгы окурмандар үчүн гана!
Показать еще
Скрыть информацию
Реклама боюунча "Instagram" баракчага elmuss777, Бишкек (Пишпек, Фрунзе)