Селдей агып, толкуп-ташып, неге чоң,
Сени ойлосом санаа башка келет он?!
Жазчы мага, бир билдирүү...мен эмес,
Жарк дей түшсүн кубанычтан телефон!
Жетет сөзүң жарым гана кашыктай...
Жан укпасын, жай окуюн ашыкпай...
Сен учурган чымчык сымал ар тамгаң,
Сезимиме катар конгон бакыттай!
Жанчылбасын үмүтүмдүн бир гүлү...
Жерге кирсин телефондун бирдиги!
Сөздөрүңдү сүртүп назик сүйүүңө,
Сөзсүз эркем, жөнөт мага билдирүү...
Напишите, что Вы ищете, и мы постараемся это найти!
Левая колонка
О группе
Саламатсыздарбы?! «Ашыктыгым 🌸 ❤️» аттуу тайпага кош келиңиздер! Негизинен тайпада: баштан өткөн окуялар, көркөм чыгармалар, жүрөктөн чыккан ырлар, кызыктуу жана маанилүү жаңылыктар чагылдырылат. Бул тайпа - чыныгы окурмандар үчүн гана!
Показать еще
Скрыть информацию
Реклама боюунча "Instagram" баракчага elmuss777, Бишкек (Пишпек, Фрунзе)