⠀
✍🏻"Эгерде ", - деген ушул сөз кимдер үчүн арман болсо, кимдер үчүн кыялдарына жетүүгө үмүт болот. Бирок бул биздин акылга салган чолок ойлорубуз гана. А биздин жашоодо," эгерде ", - деген сөздүн өзү жок. Эгерде менде ушундай күч, байлык болгондо мындай кылмакмын. Эгерде мен оорубаганымда тигиндей иштерди аткармакмын. Эгерде ал өлбөгөндө андан да көп жакшы иштерди кылмак. Кыскасы, биз каалаган нерселер болбой калса, "эгерде "- деген сөзгө байлай салабыз. Бирок ушул, "эгерде ", - деген сөздүн арты менен Жараткан бизге жазган тагдырга наразы болуп калабыз. Шайтан наалаты да ушул сөзү менен Жаратканга наразы болуп, тозоку болду. Ошон үчүн эч качан, неге эмди мен, эгерде эмес, Аллах каалаганы үчүн ушундай болду, Даанышман Аллахтын каалаганы планы, биздин каалаган пландардан эң жакшы ", - деген ыймандын жети парзндагы, " жакшылык - жамандык Аллахтан ",- деген ыйманды жүрөгүңүзгө толтуруңуз. Ошондо чыныгы момундун сыпаты менен жашооңуздан бейпилдик табасыз.Мен ушул сөздүн жашоомдо күбөсү болуп, жазганымда ошондон. Эгерде мен башкалардай турмуштун түйшүгү менен алпурушуп, жашоо кечиргенимде, Аллахтан алыс болмокмун, мынтип Аллах жолунда даават кылып жазып олтурмак эмесмин. Демек, сиздин - биздин жашообуздагы сыноолор, канчалык кыйын болсо да артында Аллахтын мээрими, ырайымы менен бизге каалаган жакшылыгын гана күтүүгө болот.
⠀
Биз каалаган, биз жакшы деп максат койгон, кыялдардын пландары канчалык бийик болбосун, Аллах каалагандай болот. Эң негизгиси кандай гана иш - амалың, планың, ниетиң болсун Аллах каалагандай болсун.Аллах каалагандай жашасаң, Аллах каалаганыңдай жашатып коёт. Аллахка таян, бизге эмне жакшы, эмне жаман Ал жакшы билүүчү, чечүүчү. "Йа, Барру ", "Жакшылык берүүчү ".
⠀
«Балким силер жаман көргөн нерсе силер үчүн жакшыдыр, балким силер жакшы көргөн нерсе силер үчүн жамандыр. Анткени Аллах Билүүчү. Силер билбейсиңер »(2;216)..
⠀
«Аллах өз пенделерине мээримдүү»(42; 19)..
⠀
«Ырайымы бардык нерсени камтыйт »(7: 156)..
⠀
«Кайгырба! Чындыгында, Аллах биз менен бирге»(9; 40).
⠀
👤Насиба Абдуллаева.
⠀
꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ ꧂
⠀
Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻
⠀
📲WhatsApp:
⠀
📲+996700334493
⠀
+996 778 531 798
⠀
══════════════════
☪ OK.ru/Form https://www.instagram.com/p/CTY-aY7CXpk/?utm_medium=share_sheet
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев