Саат 16-00 дө жанында чоочун, өзүнөн бир аз улуурак, чырайлуу келинди эрчитип алыптыр. Алардын шыңкылдап күлушкөн үндөрү жаңырып, кирип келишти. Жанындагы келин менен тааныштырды. Коньякты ал кеткенде, ийменип ичпей койгом, тенинен өйдөрөк бар болучу. Пакетке дагы бир коньяк, жемиш ала келиптир. Үчөөбүзгө жеткидей этти кастрюляга салып, асып койду. Анан божурашып сөзгө өттүк. Мен эми коньякты этияттап, теңдеп, же аз уртап ичип кирдим. Бири-бирибизди кыйнаган жокпуз. Шорпосу бышканча, сөз азайып бараткан учурда, музыка коюп, тиги келиндин аты Тамара экен, экөөбүз бийлөөгө туура келип, бир топ бийледик. Бурулай ал учурда тамагына киришип, алаксып жатты. Көнүлдүү отурдук. Тамагын ичкенден кийин, кеч кире элек маал эле, Бурулай үйүндө калды, мен Тамараны аялдамага узатып бардым. Эми жолдо анын Бурулай менен кандайча тааныштыгын, өзүнүн кесибин, иштеген жерин сурап, эрмектеп баратам. Кесиби бухгалтер экен, бир курулуш фирмасында главный бухгальтер болуп иштейт. Бурулайды, эми өзүнүн кесибине үйрөтүп жатыптыр... Анан эки жума өтүп калган, Бурулай мага сотка чалып, ресторанга, бир үйлөнүү тойго, мени жандооч жигити болуп берүүнү өтүнүп, чакырып калды... Айла жок, макул болдум. Ал жерден кызыгы, чакырган жердегилер жаңы тааныштары го, дедим, анткени мени “жолдошум!” тааныштырып кирсе болобу? Колтукташып, бирге бийлеп, бир столдо даам сызып, тараганча ажырабай жүрдүк? Мен бул жолу ичкиликти сыпаа ичип, ага берилген жокмун. Бурулайдын квартирасы биздин квартиранын катарында турат, үйүнө киргизип ийдим. Андан бери бир айча жолукпай калганбыз... Кеч маал убагы эле, дагы ал чалат. «Менин бүгүн туулган күнүм! Келип кетиңиз, келбей койбоңуз? Белектин кереги жок, убара тартпаңыз?» Кычырап кийинип, уялып, бир тутам тулфан гүлүн көтөрүп бардым. Эркектер аз, кыз-келиндер толтура экен. Кызыгы ата-энеси да жүрөт, алар менен жакшы маанайда учурашып, жакын отурдук. Бирок тамакка күтпөй, жылуу коштошуп, кетип калышты. Анан музыка улам жаңырып, баары 20 га жакын жаштар, топурап бийлеп жатышты. Мени Бурулай улам көзөмөлгө алып, топко сүйрөп кошот, же мени менен бийлеп калат. Баары менден кичүүлөр экен, алардан уялам, кетип калайын- десем, аны Бурулайдын уккусу жок. Таарына турганын эскерте баштайт. Тосттор сүйлөнсө, стаканымдагы аракты толук алдырып, кыстап кирет. Эркектер көңүл борборунда болуп, алтообуз эле экенбиз, кээде “кыздардан” бөлүнө калып, “мужской” тосттор уланат, аягында алар аябай кызып, буттары чалыштап, үндөрү короздой чыгып, кыйкырышып калышты... Той көңүлдүү, шаңдуу жүрүп, саат экилерде араң тарадык. Мен да кызып калганымды сезип, качып кете берейин, аракет кылсам, Бурулай байкап калат, качырбайт... Тырышып, жаштарга уят болбоюн-деп, карманып, жүрөм. Алар тарап жатканда, жумшак скамейканын бирине отура калгам, бирок мас болгонуму жаным сезип, шайым ооду, бир кезде көзүм илинип кетиптир. Таңга маал оор түш көрүп жатыптырмын; Нурзат мага таарынган көз карашта мени таштап: «Үйдөн биротоло Россияга кетем? Эмнеге мынчалык мас болосуң! Эки чоң чемоданын көтөрүнүп, сыртка жөнөдү... Мен токтой тур, экинчи ичпейм, такыр ичпеймин?» Жалынып жатыптырмын... Кыйналып жатып ойгонуп кетсем... Бөлмөнүн потологу, люстрасы бөлөк. Секирип тура калып, эки жагыма алаңдасам, көтөрүлгөн көк шейшептен, Бурулайдын жылаңач денеси жарым ачылып жатат? Бир капталына бурулуп уктаган; моюну, далысы, жоон билегинин терилери таңкы нурдан, ак сүттөй мелмилдейт... Өзүм да жууркандын ичинде жылаңачмын? «Түй, ата! Эми эмне болот?» Ойлоюн десем, эсим оойт, шейшепти кайра өйдө тартып, чүмкөнүп алдым, тереңдегенге чамам жетишбейт. Болору болду, боосу канды да! Андан аркысын эми өзү ойлонсун?»
Ошол күндөн баштап эми башка кишиге айландым. Бирок оюмду жайлатып; «буга эч ким күнөөлүү эмес? Бурулайда эмне күнөө, ал мени сыйлап жатат. Буга заман гана күнөөлүү да!»
Эки жумача, Бурулай мага жолукпай жүрдү. Анан ойлой баштадым. «Ал күнкү окуя, убактылуу гана, бир “жылт” берген мамиле турбайбы? Мен мас болуп уктап калып, эч бир окуяны сезген жокмунда? Мейли, ушул бойдон дайынсыз болуп кала берсин!» деген ойго токтолдум. “Бош жүргөн, колунан иш келбеген жана “картаң” мени -эрчитип эмне кылсын?” Демим, басылып калды.
Бир күнү кечинде ал кайра чалат.
-Бердибек, кандайсың? Азыр мага келип, кетесиңби? Манилүү сөзүм бар. Күтөм?
Менин жообумду күтпөй соткасын, өчүрүп салды. Жетип барсам, каалгасын ачар менен мойнума асылды.
-Эмне келбей жүрдүң? Мен сени күтө берип, аябай сагындым. Дейт, назданып.
-“Чакырбаса барба, чакырган жерден калба!”Дегендей, мен деле сенин чакырыгыңды күтүп жүрдүм да?
-А мен сага биринчи жолуккан күнү эле айтпадым беле? Менин үйүмдү өзүңдүкүндөй көр! Жаным жолборсум! Мындан кийин мени минтип күттүрбөчү? Макулбу-ыя? Эркелеп кирди.
-Баягыда эстебей калыпмын, мына эки ачкычтын бири сеники болсун! Каалаган учурда ачып кире бер, кара жанымсың да!
Ошентип эми бат жолуга баштадым, кээде балдар туюп калбасын, кылып, үйгө да түнөп коюп жүрдүм. Үйгө кеч барып, же бул үйдөн таң агара, алар уктап жатканда барып калам. Бир айдан ашып калганда гана, Бурулайдын маанилүү “сырын” акыры, эми уктум.
-Чогулуп бир ишкерлик баштабайлыбы?
-Кантип, азыр Банктар чоң процент менен кредит беришет? Анан салыгы да жогору? билген түшүнүгүмдү шашкалактап билдирсем...
-Бердибек, сен бош жүрбө да, ага көнүп кетесиң? Сенин колуңан баары келет! Сага жардам берген, сүйрөгөн киши керек э-э, жаным? Бир фирма ачпалы, өзүңдүң кесибиң курулуш боюнча, кандай дейсиң?
-Мейли. Бирок каражат кайдан табылат? Баштап баратсам, сөзүмдүн акырына чыгарбай, жулуп кетти,
-Берекем! Аны мага кой, ал ишти мен эчак ойлонуп койдум. Бизде чоң мүмкүнчүлүк бар экен! Атам экөөбүз мурунку ишкананын акциясынын көбүн сатып алганбыз! Ликвидациядан кийин; офис иммараты турат, гаражда ондой спец машиналар, кампада жаңы курулуш шаймандары, жабдыктары менен сакталуу. Атам болсо эми карып калды. Колунан андай иш келбейт. Калганын да чогултуп Банкка залогко коебуз, кредит алабыз, колунда бар элдер ошентип иш жасап жатышбайбы? Бизде бир топ артыкчылыктарыбыз бар. Менчигибизде; незевершенкада жети этаж жилой корпусу жана соода борборунуку турат. Курулушту уюштурганды, башкарганды сен жакшы билесиң, тажрыйбаң бар, керек болсо азырынча прорабдын, инженерлердин деле кереги жок. Убактылуу гана жалдап, акысын төлөп берип, колдон келбегенин, суп.подрядчиктерге жасатып алабыз. Сен главный инженер эмес белең, атам менен да кеңештим, ал сени жактырып жатат... Сен коркпой эле кой, үй-бүлөңдү да ойлодум, аларды ташта -деп эч качан айтпайм! Үлүштү болсо калыс бөлөбүз. Мен да кийин күйөөгө чыгып калсам, каражатым болсун, ишим болсун келечекте!
-Чоочубай эле кой, тамашалайм, сени эч таштабайм да! Анткени мурун эле сени сыртыңан сүйчүмүн, а азыр болсо жанымдасың! Менин жаным -эми толук сеники!
Ал күнү кыял менен чабыттап, оюбуз да бир болуп, өзгөчө өзүмдөн-өзүм чүнчүп, келечектеги жолдун учугун табалбай, турмушта туруктуу ордум жок, кайратым, намысым сынып баратканда? Ал күнү Бурулайды сунушун, “Данкодой” бааладым; карангы тунгуюкка камалган мага, “көкүрөгүн өз колу менен ачып, жүрөгүн суруп чыгып, шам кылып жол ачып жаткандай сезилди!” Эми күнүгө эски конторго чогуу барып, документтерди топтоп, юридикалык тараптуу ишкерлик фирма түзүп кирдик. Жабык акционердик фирма болмой болду. 50 % акциясы меники, 50% ти атасына тиешелүү дедик, антпесе Бурулай башкы бухгалтер боло албай калат эле. Эми кредит алуу маселесине келгенде, ачык, жашырбай түз эсептесек менде; кран, анан жүрүп турган бир МАЗ, анча-мынча шаймандар, анан “незавершенкалардан” 16% акция тиешелуу эле, жалпысынан эсептегенде 27% улушкө да жетпейт экен? Бетти кызартпай, айла кетип, төрт комната үй-бүлөм жашап жаткан квартираны да залогко коюну ойлоп кетип, кайра чоочудум? Үй-бүлөмдү чоң тобокелчиликке салып жатканымы сезип, белим сөгүлүп кете жаздады. Бурулай бирок мени түшүндү, а атасы кантип түшүнөт? Ал эч качан андай шартка макул болбойт! Мен 50% кайра акциядан баш тарттым. Жөн эле жалданма кызматкер болуп, айлыкка иштеп эле берейин –десем. Бурулай ага каршы чыкты. 75 тен ашкан атасына, генералдык директор болууга мыйзам жол бербейт эле, анткени Банктар 65 ка чейинки жаштагы адамдар менен келишим түзүшөт. Бир ай документ иштери токтоп калды. Бирок Бурулай экөөбуздүн мамилебиз үзүлбөй, мурункудай эле ыссык маанайда жүрүп жатты. Атасына карызмын деген нотариялдык контора тарабынан бекитилген, милдеттенмени колуна карматсак, ал араң көндү. Айлыгымды эми бүт бойдон карызга чегерип турмай болдум. Компромиске келгенибизге сүйүнүп, Бурулай тамашалап, жатты.
-Эми сени, мен мойнума көтөрүп багып алам! Кыткылыктайт.
Бирок ал ишим чынында бир топ көйгөй жаратып калды; “Эми үй-бүлөмө көп убакыт жетиштүү каражат бере албай каламбы?” Түйшөлөм? ”Тигилерге иштеп калганымы да, алардан кантип жашырам? Эми карызыман эртээрек кутулсам экен?” Чийки май жеп алгансып, жаным күн-түн кыйналат?” Таң агаргандан баштап, убакытты кубалап, уйкуну качырып, бүт жанымды жумшап иштеп кирдим. Бурулайдан жалдырап, карызга дагы “жашырын” жазыла коюп, азык-түлүк менен үйдөгү балдарымды камсыз кылып, акча ала баштадым. Бирок ишибиз күндөр менен айкалышып, жумуштарыбыз ийгиликтүү жыла баштады. Бүтпөй калган биздин менчиктеги жети этаж “незавершенка” квартирага арналган тамды, тез бүтүрүүгө жетиштик, кардарларга төлөө мөөнөтүн үч жылга чейин узартып, алардын акыларын жеңилдетип, эми сатып алуучулар чекесинен өсө баштады. Банкттан алган кредиттерди учурунда жаап кирдик.
***НУРЗАТ. Мен эми керели кечке парихмакерлик жумушум менен алпурушам. Бердибек менен “ишим” деле болбой калды: Салпактап самосвалы менен жаңы курулуп жаткан конуштарда, «жүгүн» сатып, кечкисин достору менен бильярдарда сейилдеп жүргөндүр? Дейм, оюмда? Анан күндөрдүн биринде, кечке жуук келсем, үйдө мени күтүп, эски студент кездеги жакын курдашым отуруптур? Бир чети аны көргөнүмө бир эсе сүйүнсөм, бир эсе таң калдым? “Эмне мынча кеч келген?” Аны менен көрүшпөгөнүбүзгө көп жыл болгон. Жылуу учураштык. Анча-мынча азилдешип, сагынычтарды таратып, анан мен коноктоп коеюн деп, тамак асып кирсем, шашылган түрү жок. Анан мага көз кысып,
-Нурзатай! Сыйыңа рахмат! Бирок мен сага бөлөк маселе боюнча келдим? Чоочулабай кое тур, аманчылык эле болот! Бирок башка бөлмөгө кирип сүйлөшөлүчү?
Бөлөк бөлмөгө “жашырынып”, каалганы жаап алдык. Тамагын түзөп, мени тике бир топ тиктеп, бушайман өңдөнүп, анан көзүн ала качып, сөзүн угузуп кирди.
Өткөн жылы, бир ресторанга чакырылып, үйлөнүү тойго катыштым. Бир кезде элдин арасынан Бердибекти көрүп калып, сүйүнүп кеттим. Басып барып, сен жөнүндө кабар алайын болуп, шашып баратсам. Ал жалгыс эмес экен? Жанында тим эле, анын ийнине жабышып, каткырып күлүп колтуктап алган, бир ак жумал келген, Бердибектен кичүүрөк жаштагыдай көрүнөт, бирок өңдүү, чыралуу, отуз жаштан өткөн кызбы же келинби, жылмайышып турушат. Мени байкашкан жок. Ар кимдерге экөө бирдей кол сунуп, саламдашып жатышат. Кайра артка тарттым. Аларды дагы байкайын? Дедим. Балким чогуу иштешкени, же тууган-тушкан карындаштарынан болуп чыгып, жаңылып калбайын?” Бирок алардын турган турпатынан чоочулап кирдим... Той уланып жатты. Менин эки көзүм эле аларда? Бир-биринен ажырашпайт десең, түгөнгүрлөр? Бийге кол кармашып чыгышат, жабышып алышып бийлешет? Бир кезде байкасам, биздин столдон бир келин, алар менен учурашып, колдорун силкелдетишип, экөөнү куттуктап жатат... Анан ал келин кайтып столго келгенде, жанына жетип, тигилер жөнүндө кызыгып сурап кирдим?
-Азыр сен учурашкан кыз-келин? Ким болот тиги кишиге? Ал киши мага тааныш эле?
-Ал келин менин курсташым. Университетте беш жыл бирге окуп, чогуу бүткөнбүз! Ал эми жанындагысы жаңы күйөөсү болот экен? Тааныштык, аларды куттуктап келдим. Бирок бул адам ал курсташымдын экинчи күйөөсү! Мурункусу менен ажырашып кетишкен...
Угуп жатып, жарылып кете жаздадым! Ичим жалынсыз түтөп кетти. Жиним эми кашайды. “Сен балдарды багам алыста темселеп жүрсөң? Ал бирөө менен биякта бийлеп жүрсө?” Бирок ичимен кайра сабыр кылдым: “Той жүрүп жатса! Чуру-чуу азыр жарашпай калат? Эми, шашпасын, аларга бирди көрсөтөм!” Муштумумду түйүп кала бердим. Анан бир күнү сенин кабарыңды билейинчи кылып, атайын чыгынып, силердин үй тарапка, №7 автобус менен баратсам... Ичи дайыма шыкалуу болот эмеспи. Салон ичинен аларды байкабаптырмын, акыркы аялдамага түшкөндө гана экөөнү дагы көрүп калдым.... Колтукташып алып көнүлдүү жообурашып, алдыда баратышат. Артынан калбай, мен да эрчип алдым. Артына бир кылчайып коюшпайт. Супер маркет соода магазинине кирип кетишти. Мен эми байкап калышпасын, сырттан далдоо жай таап, аларды күтүп жатам. Бир толтура пакетти Бердибек көтөрүп алган, дагы бир-бирине жабышып алышып, шаңдуу чыгышты... Бул үйүңөрдүн алдыңкы катарындагы окшош бийик тамга, экөө кирип кетишти. Лифке кирбей эле, жөө лестница менен көтөрүлүп баратышат. Эми мени байкап калышса деле, мейли... Жакын аралыкты кармап, артынан эрчидим. Үчүнчү этаждан токтошту, маңдайкы квартиранын каалгасын ачып, кирип кетишти. Номерин жаттап, унутуп да калбайын кылып, блокнотума жазып койдум. Эми бир жолу үйүңө да кайрылып, балдарыңа учурашып, сени сурасам, дагы эле Россияда экенсиң. Гулнара кызыңан чай ичип жатып Бердибек жөнүндө кыйытсам? Ал кызың тымпыйып, сыр алдырбайт,
-Атам жүрөт, иштеп.
-Үйгө түнөп жүрөбү?
Көзүн чакчайтып, жүзүнөн байкадым, көңүлү бузулуп, жаман көзү аңтарылып карайт. Ичимен: “Кой! Ушуну менен сураганды токтоюн.”
Угуп жаткан Нурзаттын көзү алаңдап, тынчы кете баштады, бирок сабыр тутуп жатабы, көз карашы тумандап, үнүн чыгарбай, терең ойго кирип кеткенсиди? Сөзүмдү аягына чейин толук укканына күмөндөр калдым... Көпкө үн катпады. Ичинен өзүнүн ою менен алпурушуп жатат. Мен да эми түйшөлүп кирдим: “Ка-ап? Тура эмес иш жасадымбы? Ушул бойдон, эми кете берсемби? Жетиштүү болдуго? Баары-бир кийин деле, эртели-кечпи, ал иш ачылат эле. Өзү ачып алса, жакшы болмок экен? Мен туура эмес иш кылыпмын, бирөөнун үй-маселесине киришип? Жерге эле, кирсемчи?” Деп, ичимен тайсалдап, кайра өкүнө баштадым. Эки анжы ойдо калып, сөздү чыгарып алып, жаным түйшөлүп кирди. Тунжураган оюнан ойгонуп, бир маалда эми үн катты,
-Дамира! Сен кабатыр болбой эле кой! Мага жаның тартып жатып, айттың да! Мен дагы кийинки кезде, Бердибектин жүрүш-түрүшү, мүнөзү тез өзгөрүп баратканын байкагам. Бирок мынча пастыкка түшөт-деп, ”үч уктасам да түшүмө кирмек эмес эле?” Ушундай мен жакшы билген адам, ушунчалыкка кантип барсын? Түшүнбөйм? Мен бул турмушка эгерим түшүнбөй жүрүп.өтөт,окшойм?
Үнү кайра өчүп кетти. Мен ыңгайсыздыкты ого бетер сезип, ордуман туруп жатсам. Колуман тартып, кайра ордума отургузду.
-Эми кандай кылышым керек? Дагы созулганда болбойт ко ыя, Дамира?
Көзү мөлтүрөп, жашка толо баштады. Анысын көрүп, боорум ачышты. Кайра кайратыма келдим. “Эми мен аягына чейин туруп, Нурзатка жанымды биротоло чабайын!”
-Нурзатай! Тура айтасың! Дагы созгондо, ансыз деле менин көргөнүмө бир жылдан ашып кетти. Тиги шоркелдейи төрөп койсо, маселе дагы татаалданып кетет ко?
-Ооба! Бирок мен эми, ага кантип көзүнө каратып туруп далилдеп берем? Балдарынан, ага-тууганынан уялам, жер каратат ко?
Убакыт, аны күтүп жатып эчак кеч кирген эле, эми түн карайлап баратты. Мен Нурзаттын бул абалына карап, эми кете береин, кийин жардам сураса, убакыт табылат, ошондо керек болсом, дагы кайрылайын -деген ойго келип, кетүүгө чыгынсам.
-Дамира! Коетур эми? Канча жыл болду көрүшпөгөнүбүзгө? Эң жакын курбу элек, сагангандай деле болдук? Дагы отура тур, тамакты таштаган болбойт? “Ай, турмушуң, томураң эле калсынчы, өлүп кетелиби эми?” Тамак сызбай кете берсең, балдарым эмне деп ойлоп калат. Керек болсо жатып кетесиң? Сагынычты жазалы, кобурашалы. Күндө келип жаттың беле?
Нурзат эми кайраттанып, намыстанып кирди. Тамагы бышканча кармала турган болдум. Эми теманы башкага буруш керек эле, бирок кобурашалы десек, мурунку маанайбыз өзгөрүлбөйт, башка сөздөр эсибизге келбейт? Тиги ойлор бурул булуттай топтошуп, асманыбызды жылчыксыз каптап алыптыр, бир аздан соң эле, жайкы нөшөр жаандай төгүлгөнү турат... Оюбузду чытырман токой чырмап алды. Ал токойго кирип алып, жолду таппай, адаша баштадык... Азыр жолду шашылыш издебесек, тунгуюкка бир жолу камалганы турабыз. Нурзат, чыдабай кетти.
-Дамира! Сен кетип калсаң, мага өтө кыйын болот? Чогуу кеңешеличи, кандай жол менен чечсек, болбосо мен бүгүн түнү вулкандай жарылып кетем? Кандай кылалы, дос? Эми жардамыңды менден аяба!
Көзү көлкүлдөп жашка толуп жүрөт.
-Ажырашып кетсек кандай болот? Балдарга анан кантип түшүндүрөм? Туугандардын көзүн кантип карайм? Элдикин кантип карайм?..
Эми жүрөгүм даана солкулдады. ”Каяктагы балакетти баштап алдым эле?” Бирок “тигилерди” эстеп кетип, кайра чыйрала; “болору болду, боткосу толду” Аягына эми чыгарыш керек, болбосо кеч болуп калат? Көйгөй кечиге берсе, ого бетер чиеленишет да. “Кой, сөзүмө кайра турайын, Нурзатыма жардам кылайын! Чындыктан качсаң, ал артыңан калбайт, баары-бир кубалап алат!” Тамагын жеп бүткөнчө түндүн ортосу, саат 22-00лерге жакындап кетти. Тиги ноендун изи билинбейт. Кызынан,
-Атаң, жумуштан бошоп качан келчи эле, Гулнара? Ушундай кеч келип жүрөбү?
-Ар кандай! анысы мурчуйду.
Нурзат кызынын жообун жактырбай,
-Жөн жооп бербейсиңби-ыя? Эмнесин жашырасың? Дайым эле 1-00-2-00 лерде келип жүрөт ко? Түнкүсүн эмне жумуш бүтүрүп жүрөт-ыя? Сен эмне андан бир сурап, кызыгып койбойсуң? Мага эле керекпи? Мен жокто да, ошентип жолбун иттей тентип жүрдү да? Жашырганын көр? Көрөбүз эми, атаң эмне үчүн түн кезип жүрөт!
Кызын зекип кирди эле, ал столдон атып туруп, башка бөлмөсүнө качып жөнөдү.
-Карасаң ай, анын таламын талашат? Эртең көрөбүз, көзү ачылганда?
Анан бир аз тыным унчукпай калды. Тарелкага куйган ыссык тамагы же суубайт. Анысы түгөнсөчү, оозум күйүп кала жаздайт, кетүүгө шашып жатам. Бирок тамакка бата кылгандан кийин сыртка чыксак. Мени Нурзат колуман жетеледи.
-Дамира! Мен эми таң атканча чыдай албайм! Жүрү, ал жерге азыр баралы? Сен барда иши бүтсүн? Деп мени колтуктап ал квартира тарапка сүйрөп кирди.
“Эмне кылам, башын баштап алып, эми качканым тура эмес болот ко? Ишенимим көз көрүнө жоголот!” Каалгасына жеткенде,
-Дамира! Сен тыккылдатчы? Мени таанып калса, каалгасын ачпай коюшпасын?
Мен макул болуп, дагы жүрөгүм дүкүлдөп, тыкылдаткандан да апкарыдым. Адегенде акырын ручкасын түртүп көрсөм, ачылып кетсе болобу? Нурзатка жолду бошотуп бердим. Ал да алгач апкарып кетти. Дабышын чыгарбай, бутунун учу менен ичкери карай жөнөдү, мен ордумда катып калдым. Анан капыстан күн күрүлдөп, чагылган чартылдап кеткенсип, бөлөк аялдын чаңырган кыйкырыгы жаңырып калды. Кошуналары укса, чоочуп ойгонбосун кылып, каалгасын жаба салып, ылдый тепкич менен чуркап, сыртка качып жөнөдүм. Аялдамага жеткенче күйүгүп, демим оордоп, кабыргам кайрылгансып, жүрөгүмдүн добушу кулагыма угулуп турду. Такси туруптур, артыма карабай туруп, жөнөп кеттим...
УЛАНДЫСЫ БАР...
ЖАНЫШБЕК СЫДЫКОВ.
Комментарии 13