3 - БӨЛҮМ
Нурдин кеткен соң Тумар дагы бир кыйла ыйлап алды.Күйөсүнөн мындайды күткөн эмес .Ата энесинин мээримин көрбөгөнгө Нурдин менен баш кошкондон бери анын кылган жакшы мамилесине муюп бул дүйнөдө эң жакын адамым деп жүргөн эле.Мындай нерсе үч уктаса түшүнө кирбегендиктен Тумарга аябай оор тийди.Бул тууралуу кайын энесине айтууну эп көрдү.Таң атып чай ичилгенден кийин кайненеси экөө калганда Тумар:
---Апа, балаңыз башка аял менен көңүлдөш болуп алыптыр,деди .Күтүлбөгөн жаңылыкты уккан кайын энеси,Тумарды тамашалап жаткан жокпу дегендей үн сөз жок тиктеп турду да, өңү суз болуп,ыйлагысы келип турган келинин караптуруп чын айтып жатканын билди.
---Ой,эмне дейт,ботом,тамашанбы чынбы?Өзү айттыбы?,деп,каяктан билди дегендей тиктеп калды.Тумар эмне болгонун, кантип байкап калганын баарын айтып берди.Кайын энеси дагы эле ишенгиси келген жок.
---Мумкун ал башка нерседир.Темир тезек менен аралашып жүргөн немеге темир чийип кеткен болуп жүрбөсүн?Далили жок ,күнөөлөй бербейли,өзүнөн сурайлы.Жумушун бүтүп келсин,деп,кайын энеси жолоткусу келбеди.Баласынын тарабын талашып жатканын билген Тумар унчукпай туруп кетти да,өз жумушун кыла баштады.Баласынын бул кылыгын уккан Саадат апа чындап эле ачуусу келди,бирок келинине билгизген жок.Кантсе да ,Нурдиндин бул кылганын туура көрбөдү.Тумардын ай күнү жакындап калган мезгилде,Тумарга да оор тийгенин,капаланса курсактагы балага да таасири тиерин сезип турду.Талаадагы жумуштары бүтүп келсе баласы менен сүйлөшүп ,эгер чын болсо тартипке чакырып бир аз урушуп коюуну ойлоп жатты.
Тоют камдоо бүтүп Нурдиндер кайрадан өз иштерине фермага кайтышты.Жашап жаткан батиринен чыккыла дегендиктен батир издебей эле, Төлөн Адышевичке арыз менен кайрылып ,атайын малчы саанчыларга салынган үйлөрдөн ажыратып берүүнү суранды.Тоют камдоодо зор эмгегин эске алып Нурдиндин арызын канааттандырып эки бөлмөлүү барак тибиндеги үйдөн беришти.Бул кубанычын жашыра албай белек бечкегин көтөрө айылына ата-энесиникине жетип барды да үйлүү болдук деп сүйүнчүлөп ачкычын көрсөттү.Ата-энеси да бул жаңылыкты угушуп сүйүнгөндөн бир коюн союп ,Нурдинин машинасына берчүлөрүн жүктөп Тумарды да үйүнө көчүрүп барып өрлүктөп келишти. Бул жакшы жаңылыктан Нурдиндин кыянаттыгы унутулуп ,чындыгына жетишпей калып кетти.
Жаңы үйдү жыйнап буюмдарын өз оордуларына коюу менен алек болгон Тумар ,күндүн кандай өткөнүн билбей калды.Ай күнү жакындап ,аман эсен бошонуп көз жарып уул төрөдү.Уул көргөн Нурдин досторуна жууп берип бүтө албай койду.Тумар төрөт үйүнөн келгенде да күндө келишкен күйөөсүнүн конокторунан тажап тынчтык берүүсүн өтүндү.Уулунун атын Өмүр коюшуп өмүрү узун болуусун тилешти.
Күндөр өтүп жатты.Тумар уулу менен алек болуп оорутпай кароо менен күнү өтөт.Нурдин жумуштан келери менен уулун колдон түшүрбөй көтөрүп эркелетсе ,Өмүр да атасы келгенин билгендей басылып калат . Тумар менен Нурдиндин күлкүсү чыгып торолуп келаткан баласын карашып булардан бактылуу адам жок эле.
Ушинтип бактылуу күндөр уланып кыш мезгили кирип, кайрадан өлбөгөн жанга жаз келет дегендей жаз да келип ,фермадагы жумуштар күч алды.Нурдин жана башка айдоочулар алыска рейске чыгып башка райондордон да тоют ташып ферманын малдарына жем камдап жатышты.Тумар алты айга толуп калган баласын сейилдетип келгени эле болбосо,деерлик үйдөгү жумуштардан , Өмүрдү карагандан бошобойт.Али да үйлөнө элек агасынан кабар алганга чолосу тийбейт.Тай энеси да карып калгандыктан анын өлбөй туруусун тилейт.Агасы батынып деле бирөө менен сүйлөшпөйт.Жашы өтүп баратканын өзү сезбесе бул жакта жаткан Тумар сезип үйлөнүп алса жакшы болоор эле деп сарсанаа болот.Колунда жок,бир жагы карыган тай энесин көрүп ким кызын бермек эле деп башын оорутат.Ошентсе да өз теңи чыгып калаар деп өзүн сооротот.Агасы өзү жөнүндө ойлонобу жокпу Тумарга табышмак.Ушул жөнүндө кеп козгосо эле тура калып басып кетчү
Тумар күндөрдүн бир күнүндө баласын көтөрүп базардан керектүү нерселерин алмакка жөнөдү.Базар аралап жүрүп бир кездеги батир ээси өзбек аял Саламатханды капыстан жолуктуруп калды.Апасындай болуп калган аял менен кучакташып өбүшүп көрүшүп ал акыбалын сурашып калышты.Балалуу болуп калган Тумарды көргөн Саламатхан жетине албай өз кызы балалуу болгондой сүйүндү.Кептен кеп чыгып отуруп Саламатхан Нурдин `каякта аны менен жашап жатасыңбы деп кызыктай суроо берди.Тумар таң кала ,,ооба,жашап жатабыз ,эмне болду эже,антип эмне сурадыңыз ",деп таң калганын жашыра албады.
---Капа болбо кызым,мен сени өз кызымдай жакшы көрчү элем.Нурдин күйөөң сен жокто бир жаман иш кылды,айтпайын деген элем, деп ,андан аркысын айтпай көзүн ала качты.Тумар түшүнгөн жок.Эмне жаман иш кылды экен деп аныгына жетүү үчүн айтыңыз деп кыстады.
--- Макул оор тийсе да айтайын.Сен жокто бир келин менен келип жүрдү.Биринчи келгенде ким деп сурасам карындашым деп койгон. Айылга кете албай кеч калса жаткырганы алып келген турбайбы деп ойлогом.Кийин дагы келди.Карындашы эмес эле ойношу экенин билип калдым.Бул эмне кылганың балам,жакшы аялын бар го,эмне анын көзүнө чөп салып жүрөсүңбү,десем,кечирип коюңуз эже,эми кайталанбайт,Тумарга айтпай эле коюңуз деди.Мен ачууланып батирден айдап жибердим.Сени күткөм ошондо.Бирок,сен келбедиң.Ошол кызым.Күйөөңдү жакшырак карма ,деп,коштошуп басып кетти.Муну угуп Тумарга жер астын үстүн болуп кеткендей болуп,кулагы чып бүтүп,баласы ыйласа да эмчек салбай тура берди.Сырлар ушинтип ачыла баштады.Баягыда көкүрөктөрү тиштелгенин эстеп,ошондо эле соо жүрбөгөнүн сезген эле.Өзүн ыйлап жиберүдөн токтотуп алчуусун алып үйүн көздөй жөнөдү.Кайдан да келе калдым эле деп,Тумар өзүн күнөөлөп бара жатты .Укпаса тынч жашоосу өтө берет беле .Ушуларды ойлогон Тумар автобуска түшүп үйүнө жетип алды.Туркун ойду ойлоп бир сыйла көз жашын төгүп алган Тумар кеч киришин,Нурдиндин жумуштан келишин күтүп калды.
Нурдин алып келген тоютун түшүрүп андан соң машинаны гаражга токтотуп кароолчуга өткөрүп берип, үйүн көздөй жөнөдү.Тумарды өөп учурашып алган соң ,оюнчугун кармап ойноп жаткан баласын көтөрүп,, мен келдим,оо,козум,ыйлабай , апаңы кыйнабадынбы,деп,көкөлөтө көтөрүп эркелетип жатты.
Сөздү эмнеден баштасам экен деп ойлонгон Тумар,алгач чайын берип Нурдиндин тамак жеп жатканын көрүп жеп алсынчы байкуш ,ачка болгондур деп кайра аяп койот.Нурдин көргөнүн айтып сүйлөп жатып чайын ичип бүттү.Столунун бетин жыйнап жатып Тумар ,Нурдинге карап мындай деди.
--- Нурдин ,биз жашаган батирден эмне чыгып кеттиң эле деп,сурады.Нурдин тигиле Тумарды карады да аны эмнеге сурады экен деп ойлой:
--Ушул үйдү бизге ишканадан бергенде ал жактан чыгып ушул жерге көчүп келдик го ,аны эмне сурадың,деди.Ушинтип айтаарын билген Тумар,эми шак эле :
--- Мен баарын билем,жашырбай эле кой.Бир келин менен ошол батирге барып жүргөндүгүңөн сени кууп чыгыптыр,чынбы,деп,Тумар,көзунөн аккан жашын аарчып алды.Уккан экен да деп Нурдин актанганга аракет жасады эле Тумар,, баягыда көкүрөктөрүң тиштелип барганда эле соо жүрбөгөнүнду сезгем", деди.Нурдин ыйлап кирген Тумарды түрткөнүнө карабай кучактап актанып өөп жатты.Жашырганга болбой калганын билген Нурдин:
---Кечирип кой жаным,ошондо шайтан айдап азгырылып кетипмин.Ошол бойдон аны көрбөдүм,андай ишке да барбадым.Мындан ары кайталанбайт жаным,мен сени гана сүйөм ,деп,Тумарды ишендире сүйлөп жатты.Ачуусун ыйы менен баскан Тумар Нурдиндин мындан ары эч кайталанбайт,такыр жаман жолго баспайм деген сөзүнө ,өзүн өзү ишендирип жатты.Ортодо уулу Өмүр бар,ишенбегенге да аргасы да жок эле.Нурдиндин минтип жалынганынан кечирип,үй бүлөө очогубуз бузулбасын деп сооронуп,келечекте ынтымактуу үй бүлөө болсок экен деп тиленип жатты.
Бирок,Нурдиндин үй бүлөөгө болгон кыянаттыгы эми гана башталды эле.Тумар Нурдин үчүн далай сыздаарын али биле элек болчу.
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1