Жакын адамыңдын чыккынчылыгынан кийин жашоого болгон көз караш тескери жакка өзгөрөт, сүйүү, ишенич, үмүт, жөнөкөйлүк деген эң баалуу сапаттардан айрылат. Тилекке каршы, келечекте ал дагы кимдир бирөөнү алдап күнөө жасашы толук ыктымал. Психолог адистердин айтымында, чоочун адамга караганда жакын адамың көбүрөөк алдап "сатып" кетет. Андыктан жакын адамдан кечирим алуу абдан кыйынчылыкка турат. Буга байланыштуу суроо жаралат. Сени алдап, "сатып" кеткен адамды кечирүүнүн кажети барбы?!.... Тобокелчиликке салып, дагы бир мүмкүнчүлүк берүү керекпи, же, баарын өз ордунда эле калтырган дуруспу? Бир жагынан алып караганда, эгер мүмкүнчүлүк берсе, бирок баары бир буга чейин алдаган адам кайра эле эски адатын кармайт да.... Мындай учурда балким мамилени үзүп, экинчи жолу мүмкүнчүлүк берүүнүн кажети жоктур....
Кеткен ишеничти кайтарууга болобу?
Өзүңүзгө суроо бериңиз...
Ал эми экинчи тарабынан алып караганда мамилени такыр эле түп тамырынан үзүп коюу да туура эмес. Анткени ар бир адам экинчи мүмкүнчүлүк алууга акылуу. Кээде жашоо- турмуштагы кээ бир кырдаалдар түрткү болушу ыктымал. Маселен, калп айтууга ар кандай кырдаалдар себеп болушу ыктымал. Акылсыздыктан, түшүнбөгөндүктөн, аягы эмне менен бүтөөрүн аңдабаган, кырдаалдын талабына ылайык, коркунучтан же таарынычтан.... Же болбосо атайылап, бир максатты көздөшү да мүмкүн. Ошондуктан анын реакциясына маани берүү маанилүү. Мисалга, анын калп айтып жатканын байкаганыңызды өзү сезип калган учурда ал өзүн кандай сезип жаткандыктан байкаса болот. Эгер өзү да кыйналып, кызарып, өкүнүп турса жана кечирим суроого аракет жасаса, анда, дагы бир мүмкүнчүлүк берүү талапка ылайык. Бирок, бул жерде дагы бир орчунду маселе бар. Ал сизге байланыштуу, себеби сиз кечиримдүүсүзбү? Бул чындыгында абдан олуттуу маселе. Ар бир адамда эле кырдаалды түшүнүүчүлүк, кечиримдүүлүк сапаты боло бербейт. Өзүңүзгө суроо берип көрүңүз. Мен анын чыккынчылыгын кечире аламбы???....
Кеткен ишеничти кайтарууга болобу?
Албетте, көңүлдү ооруткан учурду мээден толугу менен өчүрүп салууга мүмкүн эмес. Маанилүүсү, сизды алдаган адамды кечирген соң, анын жасаган терс мамилесин улам эске салып эстебей, ал тууралуу сүйлөшпөй коё аласызбы, бул сиздин колуңуздан келеби??? Маселе ушунда. Толугу менен унутууга мүмкүн эмес.
Кеткен ишеничти кайтарууга болобу?
"Болоор иш болду, бирок жашоо уланат. Кайрадан жашаш керек"- деп айтууга кудуретиңиз жетеби? Себеби, кээ бир көңүл оорутууларды жашап өткөн соң, кайрадан ага кабылып калса, айыгуу абдан кыйынчылык жаратат. Жакын адамыңдан улам эле шексинип турган бул эң эле оор жагдай эмеспи....
Кеткен ишеничти кайтарууга болобу?
Ишенбөөчүлүк- бул кошумча оору жаратып, акырындык менен сезимдерди "өлтүрө" турган эң жаман сапат. Андыктан ар бирибиз ишеничтен чыкпаганга аракет эмес, талап коюлгандай эрежеге ылайык мамиле түзөлү. Алдамчылык эч качан жакшылыкка алып барбайт.
#3
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3