Көз жаш
Көзүмдөн аккан жаш жаздыкты суулап жатты. Неге экенин биле албаймын жүрөгүм эзилип , негедир көөдөнүп буулугуп калыптыр. Эх жашоо сенин агымыңа баш ийип келген менен , кээ күндөрү чыдай албай барат экенсин. Өзүнчө кулаган жашты тыя албай , солкулдап ыйлап алдым. Сагынычтын , кусалыктын жашы эмеспи? Эч кимге көрүнбөгөн бул көз жаштар ирмелген кирпик алдында эчендеп тамып келет. Бирок жакшы адамдарга бай келген чөйрөдө биринен экинчиси жылуу сүйлөп , балкыган жылуу мээримине бөлөп күнүмдүк тирилик менен өтүп кете берет тура. Адам баласы бирдей болгону менен мүнөз , жүрүм -турум менен айырмалап турат экенбиз. Канчалык жөнөкөйлүүлүктө жетеленген сайын өз ордуңду таба алат экенсин. Менминсингендер өз жолунда кеттип , көрө албагандар артыңдан жөө күлүк сөздөрүн эрчитип башташканы менен адамдардын ак карасын тааный алат экенсиң. Көз алдыңда күлүп турган нечендер , бат өзгөргөнүнө там бере калып кетет экенсиң го. Мен деги кандай чөйрөдө жүргөнүмдү эми гана билгендей , жашоого жаңы гана төрөлгөндөй боло түштүм. Бул өмүргө келгенде ичиңде кири жок , алка -шалка бапылдаган балалыкка келет эмеспизби? Бирок турмуш жүгүн мойнубузга артканда ар кимибиз, ар түрдүү болуп өзгөрөт экенбиз. Бирок жакшы адамдар да тараза ташын оодарып турат . Тирүүлүк убактылуу болгон соң , бүгүнкү жашоодо бирөөнүн көңүлүн оруутунун кереги жоктой эле. Секунтада арабыздан бөлүп алып кете берери бул ачуу чындык. Кечээги күнкү бирге баскан издерди , эртеңки күнү эскерип алганга , алтындай баалуу из салып өтсөк гана чиркин. Ойлуу түндөр , санаага чөмүлгөн күндөр күлүктүгүнөн жазбай өтө берет тура. Көз алдыма тартылган көптөгөн жашоо кайрыктары кирпик алдында тамган шорлуу жаш менен гана ирмелип төгүлүп алат. Мейли тагдыр сенин сынооң менен бирде жаңылып, бирде чагылып , кезде түзөлүп, турмушту үйрөнүп бул өмүрдү жыйытыктар чыгармын. Боз топурак өз кучагына алганча , тагдыр сага баш ийерим анык эмеспи. Каалагандай калчап таразага салып , өлчөп өмүрүмдү баалап ал. Эчендеген жылдарды жашап өтсөм дагы бир минутталык ирмемге калтырып кетериме жөнөкөй , сабырдуу адам болума жол көрсөтүп тарбиялай алсаң болгону. Анткени сынооңо бүттүндөй даярмын. Өмүр жашоонун жаралышы болсо өлүм бул тирүүлүктүн бүтүшү.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1