10 - БӨЛҮМ
Тумар токтоно албай ыйлап баратты.Канаты болсо азыр эле учуп барып баласын алып келгиси келип кетти.Бирок азыр барганга шарты жоктугунан күчүн көз жашынан чыгарды.Салияга келип жеңеси менен сүйлөшкөнүн ,баласын алып кетип калганын айтып дагы көз жашы төгүп ыйлап алды.Салия сөздү бузбай угуп отурду да Тумар басылгандан кийин мындай деди:
---Угуп турчу сиңдим,мен сага бир кеп кеңешимди айтайын.Туура көрсөң кабыл ал,болбосо жаман көрбө.Тумар ыйын токтотуп тыңшап калды.
---Балаңды алып кеткени да бир жагы жакшы болуптур.Ал дагы көрсүн,баксын.Сенин азапка түшкөнүңү ал билип жатыптырбы?Жөн кой баласы менен ошол көңүлдөш аялдын үйүнө батаар бекен.Сен барып балаңы алып келдиң дейли,өзүн араң иштеп жүргөндө аны да багам деп эки эсе кыйналасың.Анын дагы баласы ,эч нерсе кылбайт балаңы .Аялдын азабын билсин бала бакканды билсин.Сен иште бир аз болсо да акча чогулт.Кийин алып келип аласың.Азыр ачууга алдырып жетип барба.Барсан дагы күйөөнүн торуна түшөсүң ,деп сөзүн аяктады.
Салияны сөзүн туура көргөнү менен уулу Өмүр кантип жатты экен ,тиги аял запкы берип жатпады бекен деп ойлонуп жатты.Чындап эле Нурдиндин колго түшүрүү амалы болуп жүрбөсүн, балама барам деп чеңгелинен түшпөйүн деп,баруу оюнан кайтты .
Нурдиндин жашоосу оңолуп кетпеди.Куч күйөө болуп кирип алганга Толгонайсыз бир да жумушун кыла албайт.Анын үстүнө Өмүр да тоскоол болуп кагуу жеген сайын Нурдиндин жүрөгү тилинет.Тумардын азабы өтүп ,айласын таппай жатты.Толгонай баккан адам болуп ,мурдагы жароокерлиги жок болуп ,үйгө келгенде эле кыялы башталып шылтоо таап баласына кошуп Нурдинди да урушуп кирет.Өмур да заарканып Толгонайдан коркуп бала болсо да жумушунан келбей турса экен деп ,тиленет.Күндөр ушинтип өтүп жатты.Өмүрдүн жашы мектеп жашынан өтүп баратса да окутуп коюу оюна келбеди.Толгонай менен Нурдин чогуу жашаса да чындап үй бүлөөгө окшошподу.Арак шарап ичип шапар тееп жүргөн эле көңүлдөш боюнча калышты.Анткени,акча таап келишсе оюн күлкүсү көбөйүп,достор курбу курдаштары менен майрам уюшулуп үлпөт үстүнө үлпөт болуп атты . Өмүрду жолтоо болбо деп ичкерки бөлмөдөн чыкпа деп буйруп чыгарбайт . Үлпөт ыр күлкү менен башталып кээде аягы уруш жаңжал ,мушташ менен аяктайт.Ичип алган Толгонай конок болуп келген эркектердин бирине жалжаңдап тийишип сүйлөп койсо же Нурдин аяштары менен бийлесе анда асман түшүп кетчүдөй болуп бир бирин кызганып урушуп жатып калат.Бул жаңжалдан алгач коркуп ыйлап дивандын бир кычыгына бекине калса,эми бара бара көнүп урушуп жатышса да коноктор кеткен соң курсагы ачкан Өмүр дасторконго отуруп алып мыймыңдап жыйнаштыргыча тамактардан жеп курсагын тойгузуп алчуу болду.Көңүл бурбаган атасына Өмүрдүн да иши жок болуп калды.Эптеп ачка калбаса ,урушпаса болду.Жаш болсо да атасынын бул кылыгы, арактан башы чыкпай оюн күлкү менен өткөргөнү жакпады.Соо кезинде Толгонайдын аш оокатын бышырып ,,жаным,тамак бышты ,кел ичип алчы ",дегени бүтпөйт.
Нурдиндин ажырашканын атасы угуп ачууланып эмне болсо ошол болсун деп кабар да албай койду.Небересин гана ойлонуп кыйнап койбоду бекен деп ойлонот.Бирок,өчөшүп небересин да алып келбеди.Көрсүн деп,оюн күлкүдөн бошобогон баласын оюна койду.Кемпири Нурдиндин аягы суюк аялдын үйүнө кирип алганын уккандан бери кейип Тумардын кетип калганына ичи ачышты.Небереми алып кел деп кулак мээсин жеп чалын бир күнү жөнөттү.Кемпири жанын койбогондуктан райцентрге барып Толгонайдын иштеген жерин таап мен Нурдиндин атасы болом деп өзүн тааныштырды.Мындай абышка келип сураганынан дароо эле Нурдиндин атасы болсо керек деп эмнеси болсо да келинимдин да дегендей жакшы жылуу тосуп алды.
---Саламатсызбы ата,деди дароо эле кууланып.Аман эсен келип алдыңызбы.Апам демдүү күлүү отурабы .
Бир жылдан бери келиниңермин деп таанышып көрүнбөгөн бул аялдын куулугун байкаган Атай абышка ,,оо,Нурдинге далай өнөр көрсөтчүү аял экенсиң го,сага алданган баламдын өз убалы өзүндө",деп,сүйлөп жаткан Толгонайды карап турду.,,Нурдин каякта ",деген суроосуна Толгонай ,
---Азыр келет ата,жумушун бүтүп ушул жерге келип анан чогуу кетебиз күнүгө,деди.
-- Неберем Өмүр каякта?
----Өмүрчик үйдө ,ии жүрөт жакшы .деп ,жасалма күлүп ,Атай абышканын алдына тамак коё баштады.
---Нурдин келгиче тамак ичип отуруңуз,келсе чогуу кетебиз деп,ашкананын тамагын алып келди.
Атай абышка баласы Нурдиндин адашкандын кыраакы чал Толгонайды бир көргөндө эле байкады.Күнүмдүк жашоого кызыккан сойку аялдан айырмасы жок бул келиндин туруш турпаты эле айтып турду.Көзүн оозун тырмагына чейин бойогон бул келин колдоруна алтын шакектерди мойнуна жынжыр тагып эл көрүш үчүн тагынаарын билди.Эх,деди Атай абышка ,жашап кетчүү болсоң өмүр бою бул аялдын бойонгучу менен алтынын алып берип күнүң өтө го,жакшынын кадырын билбесең ,ушинтип жазаңды кудайым кош колдоп азабыңды берет ",деп ,ичинен ойлоно кейип жатты.
Нурдин машиналарда келген жүктөрдү түшүрүп эптеп акча тапчу.Өзүндөй жигиттер менен кошо базарга келген жүктөрдү түшүрүп же бул жерден алып кетчүүлөрдүн жүгүн жүктөп беришчү.Иштейм деген адамдар көп болгондуктан бирде жумуш тийсе,бирде тийбей кур калат.Жумуш тийбей калган күнү айыптуу кишидей үйүнө барчуу.Жумуш жакшы болуп калган учурда чарчоо басты болсун деп акча чогултуп бир бөтөлкөнү бөлүп алышаар эле.Бул жолу жумуш чыгып бир машинаны толтура жүк жүктөп берип акчаны көп алышкан Нурдиндер бир бөтөлкөнү бөлүшүп алып анан чогуу иштегендер эртең ушул жерден жолугушабыз деп таркашты.Үйүнө бир аз продукта жана арагын кошо алып Толгонайдын ашканасына жөнөдү.Атасынын келгенин билбеген Нурдин туура эле кирип барып буттунбу жумушуңду ,кеттикпи деп туруп калды.Нурдинди көргөн Толгонай унчукпай эле атасы жака ээгин нускап койду.Көрсөткөн жагына карап атасын көргөн Нурдин Толгонайды жалт карап алды да атасы жака барып кучакташып амандашып калды. Эмнеге келди экен деген Нурдин батынып сурай албай ,,апам кандай жакшы жүрөбү ,ден соолугу жакшыбы ?деп сурап калды.
---Апаң тынч,бир жылдан бери көрбөгөн апаңын ден соолугуна эмнеге кызыктың?
Атасынын какшык сөзүнө жооп бере албай жер карады.
---Балам,мен сени менен урушканы келген жокмун .Турмуш өзүндүкү,өзүң билесин,бирок неберемди азапка салышыңа жол бербейм.Эмне кылып тарбиялаганыңы угуп жатам.Небереми алып кеткени келдим, деди.Атасынын мындай дегени күтүлбөгөн жаңылык болду.Өмүрдүн кыйналып кеткенин байкап жүргөн .Бирок,акыбалды түшүндүрүп ата энесине айтып Өмүрдү алып барып берүүдөн тайсалдап жүргөн.Тумар менен ажырашып кеткенин уккан ата энеси жетер жерине чейин тилдемек.Анын үстүнө ажыраштым ,эми баламы багып бергиле деп кантип алып бармак эле.Макул деп айта албай атасын карап туруп калды ,аңгыча,, мен болдум кеттик ",деген Толгонайдын үнү чыкканда, Нурдин атасын жүрүңүз ата деп колтуктай тургузуп Толгонайды ээрчип жөнөштү.Сырттагы таксини кармап дароо эле үйүнө жетип барышты.Чоң атасын көргөн Өмүр таанып кучак жайып чуркап келип кучактап калды.Сагынышкан экөө кучакташып туруп калышты.Ананайын балам ,менин Өмуртайым деп көзүнөн жашын тамызып бооруна кысып турду.Кийген кийимин карап бул сойку катын небересин кыйла чүнчүтүп,жакшы карабаган билди.Уйго кирип чай ичилген соң кетүүгө кам уруп кетсемби деди эле бүгүн кеч болду ата эртеге эле кетиңиз дегенинен макул деп түнөп калды.Чоң атасын сагынган Өмүр кетип калбасын деп Атай абышканын бучкактап ,жанынан чыкпай кошо уктады.Алып кетем дегенин уккан Толгонай Өмүргө караганда аябай сүйүндү.Эми Нурдини менен калып тынч жашайм деп кубанып жатты.
Салиянын кеңешинен туура жыйынтык чыгарып Тумар кетпей иштеп калды.Бирок уулун ойлой берип арыктап,санаасы тынчыбады.Жумушу да оор болуп бутун араң эле үйүнө сүдүрөп келип тамак да ичпей жатып калат.Кайра эрте туруп товардын ээси келгиче камерадан товарларды чыгарып жаюууга шашылат.Күндөрдүн бир күнүндө товардын ээси ,,Эртең чыкпаймын сен соода кылып акчаны ала кеткин дагы кийинки күнү ала кел.",деп товарды жыйнашкан соң дайындап туруп кетип калды.Товарды камерага киргизип коюп бүгүнкү жумуш бүттү деп эс алган кетти.
Эртеси күндөгүдөй эле жумушу башталып соодага жалгыз өзү жетишпей араң эле иштеп жатты.Бугун да соодадан түшкөн навар жакшы болуп капчыгы толуп ,эртеге товар ээси мактаарлык соода кылдым деп өзү да сүйүндү .Товарларын киргизгиче караңгы кирип кетти да базардан кетип жаткан элдер менен агылып алардын катарында эч нерседен ою жок баратты.Бир убакта эки жигит эки жагынан жандады да бири бычакты мойнуна таап ,,үнүңдү чыгарба ",деп акырын сүйлөп Тумарды колтугунан кармады эле бычакты көргөндө ай деп баратып үнү чыкпай калды.Экинчиси мойнуна асылган сумкасын чыгарып кыйкырба ,кыйкырсаң өлөсүң деп айтты да кулагындагы алтын сөйкөсүн ачпай эле жулуп алды.Ооруп кеткен кулагын баса калып ааа дегени менен үнү чыккан жок.Караңгы болгондуктан жанынан өткөн адамдар деле байкабадыбы унчукпай эле өтүп жатышты..Тумар жардамга деп кыйкыргысы келсе да мойнундагы жалаңдаган бычакты көрүп үнү чыкпай эки көзүн жалдыратып эле ,өлтүрө көрбөгүлө деп шыбырап туруп берди.Өз ишин көз ачып жумганча аткарган тоногуч зөөкүрлөр Тумарды коё берип чуркаган бойдон көздөн кайым болушту.Бир аздан соң эсине келген Тумар үнүнүн баарынча ,,кокуй тоноп кетти ,жардамга ",деп ,кыйкырып алардын артынан чыңырып чуркап жөнөдү .Бирок ким экенин тааныбаган Тумар аларды көрсө деле таанымак эмес.Чыңырыкты уккан башкалар эмне болду деп жетип келишти да тонолгонун уккан алар кудай сакта дешип өзүлөрүнүн да капчыктарын беките башташты.Дароо кайдан жайдан эки милиция келип эмне болгонун угуп ыйлаган Тумарды милиция бөлүмүнө эрчитип барды да канча акча бар эле ,кимдер экен, таанып калдыңбы ,канчоо экен деп ,баш оорутма суроолорду берип ,арыз жаздырып бара бер ,издейбиз,деп кете бер дешти.Коркуп калган Тумар титиреп чыга албай дагы эле ыйлаганын көрүп милициянын бири кайда бараарын сурап автобуска чейин жеткирип койоюн деди.Тумар аргасыз көнүп ,остановкага барды да рахматын айтып үйүн көздөй жөнөп кетти
Уландысы бар....
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3