11 - БӨЛҮМ
Акчасын тоноткон Тумар үйгө жетип эле Салияга боюн таштап кучактап алып аябай солуктап ыйлады.Салия эмне болду деген суроосуна жооп бере албай эле ыйлап жатты.Үйүнөн жаман кабар укканбы деп ,Салия чочуп эмне болду балаңбы деп сураса ,башын чайкап ыйын токтотподу.Салия суу алып келип ичирип эмне шумдук болуп кетти айтчы деги, деп,Тумарды сооронтконго аракет кылды.Суудан ичип өзүн токтоткон соң ,болгонун болгондой кылып айтып жатып дагы ыйлап кирди.Чочуп кеткен Салия :
---Оо,кудай ай,бул эмнеси,башыңда ушундай азап да бар беле деп ,Салия да чыдап тура албай ыйлап жиберди.Бир аздан кийин,кандайча болуп тоноп кетти ,эч ким көрбөдүбү,жардамга деп чакырбадыңбы деп суроо берип кандайча бул иш болуп кеткенин тактап жатты.
---Ооба ,эжеке,эч нерсе кыла албадым.Зоңкойгон эки жигит келип эки жагыман кармап бычак такап сумкамды тартып алды.Мойнума такалган бычакты көрүп өлтүрүп койот экен деп корктум.Анысы аз келгенсип сөйкөмдү да жулуп алды деп кулагын көрсөттү.Эми гана байкаган Салия:
---Ай , оңбогур, зөөкүрлөр,силерге да кудайым бардыр ,бей бечараны шорлотсоңор, деп ,йод менен пахта алып келип кулагынан сызылып чыгып катып калган кандарын аарчып тазалады.Тумар жаш балача соолуктап коюп канча акча бар экенин ,товардын ээсине эмне деп жооп берем ,деп, өзүнүн мээсин өзү жеп жатты .Чынында эле ал аялга эмне деп жооп берет,баарынан дагы ишенеби,же акчаны бербестин айласын кылдың дейби.Бирок ,милицияга жазган арызы менен көрсөтмөсү бар да.Сураштырса көргөн адамдар да чыгар деп ойлоп жатты.
Түнү менен уктай албай кичине эле көзү илинип кетсе жалаңдаган бычагын көтөрүп тоногон зөөкүрлөр көрүнүп кууп калат.Сумкасын кучактаган боюнча бербейм деп деп качса дагы кармап алып бычагын мойнуна такап каткырып күлүшөт . Чочуп ойгонсо суусап тили оозуна батпай калыптыр.Оозуна учук чыгып, жүрөгү түшүп калганбы,башы ооруп дем алышы кыйындап таң атканда араң уктады.Салия таң атканда уктап жаткан Тумарды ойготойун деп келсе көл шал болуп тердеп дем алуусу кыйын болуп жатыптыр.Ооруп калган го деп ойготуп ыссык чай берип койоюн деп акырын Тумар,Тумар деп түрткүлөсө, Ааа деп бакырып жамынган төшөгүн көтөрө качып бурчка барып тыгылды.Салия чочуп Тумарга кошулуп бакырып артка кетенчиктеп , Бул мен сиңдим,сага эмне болду деп коркуп качкан Тумарга кайра жакындады.Салияны эми гана тааныгандай кучактап ыйлап жиберди да ,эжеке жаман түш көрдүм деп ,көз жашы аарчып жалооруй карады.Тумарды кучактап жүр чай ич деп ашкана жака ээрчитип жөнөдү.
Даары ичип бир аз оңоло түшкөн Тумар кайра тиги товардын ээси эмдигиче келип калган чыгаар. Анда мени издеп жүрөт го деп чочулай баштады.Эми ага эмне деп барат.
---Журунуз Салия эже,мени менен кошо барынызчы,тиги эжеге өзүңүз түшүндүрүп ,тоноп кетиптир деңизчи,деп ,Тумар кайрадан ыйлай баштады.Жүрөгү эзилген Салия жок дей албады ,макул барып айтайын.Анан милицияга кайрылалы.Кечееги милицияларга жоолугалы да издегиле деп айталы ,деп ,Тумар менен кошо базарга барды.Келишсе алда качан эле тиги аял күтүп отуруптур.Салия менен Тумарды көрө калып эле аңкылдап коё берди:
---Ай ,кыз ,деги сен иштейсиңби?Эмне кечигип жүрөсүң,саат канча болду ия,чак түш болду го ,деп урушуп кирди.
--- Ай ,курдаш,ачууланбай туруңуз,Тумар жүйөөлүү себеп менен кеч калды .Андан көрө эмне болду деп сурабайсызбы?
---Ии,эмне болуптур,эри келиптирби ,деп какшыктап сүйлөдү.
---Кечее бир кырсык болуп,Тумарды тоноп кетиптир,дегенде,ачуусу ансыз деле келип жаткан тиги аял,эмне дейт деп бакырып жиберди.Болгонун болгондой кылып Салия айтып берди эле ишенбей бакырып Тумарды келип чачынан кармап кыйкырып калды.
---Калп айтпагын,сен өзүң эле ушундай шылтоо кылып бекитип алгансың,тап ,деп Тумарды урганы жүрөт.Салия араң дегенде бошотуп:
---Сөзгө түшүнбөгөн кандай немесиң ,кулагын карачы ,сөйкөсүн дагы жулуп алыптыр .Сенин оюнча өзү кылыптырбы ушуну ия,деп Салия дагы ачууланып уруша кетти.
---Жур милицияга,ишенбесең,кечее ошолор көрүшүп Тумардан арыз жаздырып алышыптыр,деп айтканда,жүр дешип чогуу
милиция бөлүмүнө жөнөштү.
Милиция бөлүмүнө келишкенде каткырып тамекилерин түтүнүн булатып үйлөп коюп отурушуптур.Булар кирип келгенде эмне келишти дегендей баары карашып салам айтышпай эле,, эмне болду эжекелер", деп отурушкан боюнча эле сурашты.
Тиги соодагер аял биринчи баштады :
---Бул кыз менин товарларымы тизип иштечү эле,кечее мен чыкпай ушул соода кылып калган.Бугун келип алып мени тоноп кетти деп калптарды айтып жатат,деп Тумарды күнөөлөгөнгө өттү.
Кана сиздер эмне дейсиздер деп бир милиция Салияларды карады эле
---Кечее бул кызды караңгыда баратса эки зөөкүр тоноп кетиптир..Бул аялга чынын айтсак да ишенбей жатат.Кечее силерде иштеген экөө арыз алышкан,экен дегенде.Улуурагы кече дежурда кимдер калды эле деп сурады.
--Кечее Мурат менен Алтынбек калган азыр келишет , жолдош ага лейтенант ,деп сержант жооп берди.Арыз жазган болсо карагылачы папканы,деп Улуусу буйрук бергенде ,суурумадагы папкаларды сууруп чыгып окуп жатып бирөөсүн ,ага лейтенантка берди.Ал кагазга үңүлүп карап турду да таак деп алып сөзүн улады.
---Чон кыз,сиз аларды мурда көрдүңүз беле ,канча акча бар эле.
Тийиштүү жоопту уккан соң ,алардын көрүнүшү кандай эле ,бою башы кийген кийими ,күбөө болгондор барбы деп дагы бир топ суроолорду берди да тактап баарын жазып алды.Бара бергиле издейбиз дегенде соодагер аял :
---Ай,кандайча кетебергиле,мен орто жолдо күйүп каламынбы,таап төлөп берсин мага. Мен коё бербеймин муну .Тапсын акчаны деп ,кайрадан Тумарга жулуна баштады.
----Эже койо туруңуз,издейбиз .Ууруну тапсак акчаңыз кайтарылат.,деп ,ажылдаган аялды басууга аракеттеништи.Ээ жаа бербей тиги аял сүйлөп жатты.
Ошол маалда эрчишип дагы эки милиция кирип келди эле Тумар таанып ,кечееги арыз алган ушулар болчу деди.Ага лейтенант экөөнөн силер арыз алдыңар беле ,кандай акыбалда болчу деп сурады.Алар ооба кыз коркуп калган экен аялдамага чейин узатып да келгенбиз деп бири айтты .Калп айтпаганын билген тиги аял мен силер менен өзүбүзчө сүйлөшөлү анда деп чыгып кетти.Салия менен Тумар дагы бир кагаздарга кол коюп чыгаарда Алтынбек дегени Салия эже саламатсызбы деп учурашып калды.Атын уккан Салия артында турган милицияны карап бул ким эле дегиче ,мен Бекиштин баласымын да деди.Бекиш менен Салиянын атасы экөө аталаш тууган.Салия шаарга келип окуп анан турмушка чыгып бул жакта калгандыктан Бекиш авасынын балдарын тааныбай деле калган.Алтынбекти кучактап бетинен өөп:
---Ай үкөм,сени тапканым жакшы болбодубу.Бул бир тууган сиңдимдин кайын сиңдиси болот айылдан иштегени келип ушул иш болуп атат.Колунан келсе жардам кыл ,дегенде.Макул эже.Кечее укканмын эмне болгонун Арызды мен алгам.Териштирип сурайбыз ,мүмкүн табылып калаар деп,жүрүңүз деп узатып эшикке чыкты.
Салия менен Алтынбек бир кыйла сүйлөшүп турду да Тумарга жардам бер деп суранды.Анан тиги соодагер аялга чогуу басып келди да :
----Эже сиз буларды жарга такап урушпай туруңуз.Бир жуманын ичинде таап бергенге аракет кылабыз.Тумар өзү да коркуп калыптыр.Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылбаңыз деп ,соодагер аялдын оозун басты.Тумардын иштеген бир ай айлык акысын уурдалган акчадан кемиткенде жыйырма миңдей акча бересе болуп чыкты.Тумар жыйырма миңге төрт ай иштемек.Айла жок төлөп берем деп тил кат жазып паспортун таштаганга туура келди.
Атай абышка небересин алып кетип айылга барып бир сыйра кийим кече алып берди.Өмүрдүн келиши кемпир үчүн Эрмек болду кечке Өмүрдүн курсагын тойгузуу менен алек.Апасы Тумар кеткенден бери мындай тамак жей элек эле.Түрлөп жасап берет.Кийинки уулу үйлөнгөнүнө үч төрт жыл болсо да келининин согончогу канай элек.Баласына башка үйлөн жашың өтүп баратат десе көнбөй төрөп калаар азыр шашкан жокпуз деп койду.Экөө тең мугалим болуп иштегендиктен сүйлөшүп алып балалуу болбой жатышат го деген ойго келишти.Мейли өзүлөрү билер деп жөн койгон. Небере жытын сагынган Суусар апа болбой жатып небересин алдырган.Өмүр бул жерге келгенден бери апасын ойлобой калды, анткени чоң энеси мээрим берип айтканын кылып колунан жетелеп алчуу.Толгонайдын үйүндө жүргөндөгү азаптуу күндөрү унутула баштады.
Нурдиндин жашоосу өзгөргөн жок.Дагы эле баягы эле иши ,баягы эле жумушу .Толгонайдын кабагын карап жашоосу уланат .Нурдин бул үйгө келгенден бери Толгонай жөнүндө даалай сөздөр кулагына жетип келди.Көрсө,Нурдин менен көңүлдөш болуп анан жынжырдын айынан жоолукпай калгандан кийин ,бир ишкананын шефи менен табышып аны менен жүрүп кетиптир.Аны менен жүргөн мезгилде ушул үйдү алдырып жашап калыптыр боюна бүтүп төрөйм десе тиги шеф ,каршы болуп алдырып салыптыр.Кийин аялы билип калып аябай катуу уруш чыгып, акыры үйүн Толгонайга таштап экинчи жоолукпайлы.Менден сага ушул үй белек деп берип салыптыр.Андан соң дагы жөн жүрбөгөн бейм чогуу кетип баратканда эркек кишилер алдынан тосуп учурашып колун коё бербей көрүнбөйсуң го ,дагы эле ашканадасынбы деп тийишип калышат.Ачуусу келген Нурдин мен күйөөсү болом сенин эмне жумушун бар кайда иштегени менен деп жакалаша түшөт.Күйөөсүмүн дегенин уккан эркектер тамашаладык ,мындай эле таанышпыз ,деп жаңжалды улантпай качып жоголот.Нурдин баарын укса да ичине жутуп жүрө берди.Анан каяка барат ата энесинин үйүндө иниси жашайт.Үйү жок болгон соң Толгонайды эптеп алдап соолап жашай турайын ,Тумар келсе кетип калам да деген Нурдин Толгонайга оролошуп жашаганына эки жылдан ашып баратат
Тумар тигил аялга бересе болуп калып эми каяктан табам деп ,ичкени ириң,жегени желим болду.Эмне болду экен издешип жатыптырбы деп милиция бөлүмүнө келип Алтынбектин чакырды.Тумарды көрө коюп эле жүрүңүз деп базарды айланып көрүп калсаңыз акырын эле мага көрсөтүңүз деп эрчишип жүрүштү.Бирок ,таанымак эмес да,бир жагы караңгыда болсо,бир жагы башына капюшонун кийгенге караңгыдан бети башы да көрүнмөк эмес.Базарды үч кыдырып эч кимди деле көрбөдү Болгону бутунан бут калбай чарчады.Акыры чарчадым деди Тумар. Алтынбек күлүп коюп жүрүңүз деп ,кафеге алып барып тамакка буюртма берди.Женеси менен аталаш чыгып калганына бир эсеби сүйүнүп кудаа экенбиз деп тамашалап да койду Тумар.Алтынбек окуусун бүтүп келип ушул жерге орношконуна айтып берип анан үйлөнүп туура эмес кызды тандап алганын айтып отурду.Уйлөнгөн аялы бир кыздуу болгондо мамамын туулган күнүнө лама пальто алып бербедиң деген шылтоо менен колунда жок деп кемсинтип кетип калыптыр.Бир эки жолу жарашканы барса кызым барбайт деп бой көтөргөн апасы да жибербептир.Шаардык кыздар менин теңим эмес экен ,айылдан өзүбүздөн болсо үйлөнөм деп өзунун оюн айтып жатты.
Кеп кезеги келип Тумарды да сураштыра кетти. Бир баласы бар экенин угуп кана деди эле атасында мен бул жака келе бергенимде алып кетип калыптыр деди Тумар үшкүрүнө .Жаштары тең болгон булар бир бирин сен деп сүйлөшүп калышты.Сөз үстүндө тамак да ичилип бүттү.Бугун бара бер,мен өзүм кабар кылам деп үй номерин көчөнүн атын жазып калды.Таап берүүгө сөзсүз аракет жасайм деп убадасын берип ме деп тамагына ,жолуна деп албайм дегенине болбой Тумарга акча карматып узатып койду.Алтынбекке Тумардын жоош момундун,шаардыктардай куу эместиги баёлугу жакты.Тумар кандай ойдо калды ,бирок Алтынбек жакшылап сүйлөшүп туура келсе Салия эжесин ортого салып көрүүнү чечти.
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1