Каныбек Кыргызбаев
12 - БӨЛҮМ
Тумардын тонолушу Ош базардын ичиндеги уурулукту, чөнтөкчүлөрдү караган Белый аттуу бир эмес эки жолу түрмөнүн босогосун аттап келген шылуунга угулду.Ал чөнтөкчүлөрдү көзөмөлдөп алардын тынч иштеши үчүн өзүнүн долясын алып турчу.Уурдалган акчанын өзүнө тиешелуусун алып келип бербеген болсо кармап алып аёсуз токмоктоп уурдаган акчасын толук алып базарга жологус кылчу.Кабар кулагына жеткен соң издештирип өзүнүн маалымат булактарынан сураштырып жаткан.Майда барат нерселер уурдашып булардын аттары деле чыкчу эмес.Бул бычак менен коркутуп тоноп кеткендерди уккан Белый башка тараптан келген уурулар же жаңы аралашып акчаны көрө калып эле ниети бузулгандар деп жыйынтык чыгарды.Болбосо ,ачык эле барып бычак менен коркутуу булардын шайкасында жок болчу.
Алтынбек Тумарга чындап жардам бергиси келди .Болбосо,уурулук боюнча арыздар түшсө ,издейбиз деп койгону менен анчалык деле баштарын оорутчу эмес.Белыйды чакырып туруп балдарың тынч иштешсин болбосо бирди көрөсүң деп туруп булар да өз долясын алып кетирип жиберишет турган.Акчасын уурдаткандар келсе издеп жатабыз деп коюшчу да убакыт өткөн соң таппай жатабыз деп ошону менен кутулушчу.Эч кандай кылмыш ишин ачкан күнү да болгон эмес.Алтынбек булардын баарын билсе да Белыйды жолугушууга чакырып тескеп көрүүнү чечти.Эмнеге чакырып жатканын билген Белый дароо жетип келди да Алтынбектин сунган колун бөйпөндөй ийилип эки колу менен кармап салам берди да эмне дейт экен деп тыңшап калды.
---Белый,тегерегинде эмне болуп жатат кабарың барбы же мени келет деп күттүңбү?
---Уктум командир,бирок биздин балдар эмес.Алар болсо мен билип кабар бермекмин.
Белый ичинде долясы кечигип кур калдым деп келсе керек деп ойлоп жатты .Алтынбекке жашырып жаткандай туюлду.Бир аз катаалырак мамиле кылбасам мойнуна албайт бейм деп ачуусу келе түшүп Белыйды жакасынан кармап өзүнө тартты да :
---Эй бери кара,сенин доляң мени кызыктырган жок уктуңбу?Доляны ансыз деле алып барып бермексин,дегенде коркуп кеткен Белый башын ийкегилеп колунан чыгып кетүүгө аракеттенди.Жакасын койо берип мындай деди:
---Бизге караштуу бирөөнү тонопсуңар,алган акчасын толугу менен таап эки жигитиңди колума салып бересиң уктуңбу,болбосо ушунун баарын сенин мойнуңа илем.Кылмыштарың толтура экенин билесиң.Түшүнгөн болсоң жөнө,тап канчалык тез болсо ошончолук жакшы,дегенде,Белый бурулуп коштошпой эле кетип калды.Алтынбек табылып калаар булар ким болсо да бир бири менен кабарлашып турат,деп ойлоп ,опорный пунктуна карай басты.
Тумар менен иши боюнча тааныш болуп калып ,анын үстүнө жердеш болуп чыкканына бир жагы өзүнө жакындай сезип кетти.Эрчишип жүргөндө сурап жатып Тумардын тагдырын баарын билип алган.Кафеде тамак ичип жатканда көзүнө тигилип жакшы кароо болсо жакшы аял болуп берет турган келин экен.Менин сунушума көнөөр бекен же күйөөдөн көңүлү калган Тумар менен сунушуму четке кагат бекен деп ,ой жүгүртүп башы уйгу туйгу болуп жатты.
Тумар базарга баргандан коркуп Салиянын үйүндө жата берди.Бирок ,жата берүү туура эместигин билип жумуш караганы чыгып кетти .Издеп жүрүп араңдан зорго бир ашканага идиш жуучу болуп орношту.Алтынбек кабарлашам деген боюнча дареги жок .Салия Алтынбекти жакшы үй бүлөөнун баласы убадасын аткарат,калп айтпайт, издеп жаткан болуш керек,эгер андай болбосо барып дагы айтып суранам ,деп Тумардын көөнүн ток кылып койду.Кечке идиш жууган Тумар күнүмдүк акчасын алып үйгө бутун араң сүдүрөп келип эле жатып калат.Соодагер аялдын акчасынан кутулсам бул жерден кетет элем деп ойлоп койот.Бирок каяка барат өз үйү болбогон соң агасынын үйүнө барабы?Баса акем эмне болду деп да баш оорутат.Бир тууганы Россияга кеткен боюнча эки жылдан бери дайынсыз.Эмнеси болсо да тынч аман келсе экен.Кайра Өмүрдү ойлоп сагынычы күчөйт.Барсам ала аламбы же таштап кетип калгансың деп менден качабы деп ,өз оюна өзү башы айланып кечке сууга колун салып идиш жууш менен алек.
Нурдиндин жашоосу оңолбой эле кайра артка кетти.Өмүр кеткен соң эми тынч жашайбыз деген Толгонай өзү да ал оюнан кайтып Нурдиндин ичкилиги көбөйүп баратканынан жашоо болбой калганын түшүнүп жатты.Ичкиликке берилип бараткан Нурдин ичип алганда мушташам деп кимге болсо да жулкунчу болду.Бир эки жолу милицияга түшүп акча төлөп алып чыкты.Жетер жерине чейин тилдеген Толгонайга болду ичпейм деп убадасын бергени менен аракты көргөндө кыя өтө албай ичип алчуу болду.Толгонай да тажай баштады.Кайнатасын чакырып Нурдиндин ичип баш бербей жатканын айтып тилдетип бир аз тыйгандай болду.Бирок,көпкө узаган жок,жумушка кеттим деп дагы ичип келип уруш кылып Толгонайга кол көтөрдү.Себеби ,чогуу иштегендерден келекелеген сөз угуп келип күчүн Толгонайдан чыгарды.Адаттагыдай эле базарда жүк түшүргөнү барып иши аяктаган соң чарчоо басты кылышмакчы болуп акча топтоп арак алышып төртөө бир бурчка барып отурушуп калышты.Өз турмуштары айтып отурушуп кызуу болуп калышкан берки шериктери Нурдинди ушинтип кыйналгыча шофер болуп орношуп алсаң болмок экен,дешти.
---Жакшы аялын кетирип каяктагы бир сойкунун үйүнө кирип алган Нурдин ошо шофердук кесипти эптей алмак беле,деп бирөөсү ичиндеги ич күптүсүн айта салды.Бул сөзгө териккен Нурдин колундагы арагын тигинин бетине чачып жиберип тура калып муштап калды.Тиги да токтоно албай кол көтөргөн Нурдинге жооп кылып муштады эле жаза кетип өзүнүн мушунун күүсү менен Нурдинден өтүп барып жыгылып калды Нурдин баса калып башка башка койгулап жиберди эле берки экөө мушташып жаткан экөөнү эки жака бөлүп кетти..
--Теңтуш болгондон кийин эмне теригесиң .Качантан бери сөз көтөрө албай калгансың, ия.дешип Нурдинди тилдеп калышты.Коё бергилечи энең...деп сөөгүнө тигилердин колунан жулкунуп чыгып арактары түгөнө электе эле үйүн көздөй жөнөдү.Ачуусун токтото албай үйүнө келген Нурдин үй бүлөөмдүн бузулушуна ушул сойку күнөөлүү, деп,Толгонайды сөгүп табак, кеселерди ыргыта баштады эле ,чык жогол деп ажылдап жакасынан эшике сүдүрөп түрткүлөдү эле, өзүн баса албаган Нурдин ачууланып Толгонайды ура баштады.Ай,деп кыйкырган Толгонай жулкунуп эшикке араң качып чыкты . Караңгыда чыгып эле жоголуп кеткен Толгонайды таппай кайра үйгө кирип сөгүнүп сүйлөп жатып уктап калды.
Үстүнөн бирөөлөр басып колун кайрып жатканынан бакырып ойгонуп кетсе эки милиция колуна кишен салып жатыптыр.Милицияларды да оозго алгыс сөздөр менен сөгүп үй менен бир болуп бакырып күчкө салып жетелеген милициялар менен алышып баш бербей жатты.Ары жакта Толгонай алып кеткиле,камап салгыла аракечти деп ,милицияларды шыкап жатты.Колун кайрып машинага күч менен тыгып барып камерага камап койду.
Өмур чоң атасыныкына келгенден бери бою өсүп чоңоюп калды.Мектепке киргизип койду эле биринчи класстын балдарынан жашы чоң жана акылы даана болгонго класс жетекчиси мектеп директоруна айтып дароо эле үчүнчү класска отургузду.Окуусун жакшы жакшы окуп мектепте үлгүлүү боло баштады.Апасы Тумарды сагынып кээде эстеп ыйлап алат.Атасына баргысы келсе да Толгонайды көргүсү жок.Бирок атасы келбегенинен аны деле унута баштады.Бир күнү Таякеси кийим кече кылып Өмүрдү көрүп кетти .Апасы жөнүндө сурады эле жакында келет деп жубатып койду.Атай абышка менен сүйлөшүп жат болуп кетпесин кээде келип жоолугуп анан үйүнө да алып барып алып келип турууну сүйлөшүп кетти.Наристе балада эмне күнөө. Күнөө менин баламда деп Тилектин айтканына макул болуп руксат берди..Өмүр кичине болсо да апасы жөнүндө угуп келип калса экен, деп ,күндө тиленип уктоочу болду.
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1