13 - БӨЛҮМ
Россия жергесине иштейм деп кетип эки жыл кабарсыз кеткен Тилек бир күнү эле үйгө кирип келди .Жумушка алып барган компания жумушка орноштурганы менен Армян менен Чечендердин карамагына өткөрүп коюп бир ай чогуу болуп андан соң,, жигиттер,силер мындан ары ушул строй компания менен чогуу иштейсинер.Акча маселесин ушулар чечишет,сарсанаа болбогула,"деп коюп,прораб,бригадир болуп жүргөн кыргыздар кетип калышты.Бир ай өтүп эмгек акы кечиккенинен сурашса табель тапшырганбыз акча чечилип жатат деп койгону менен эмгек акылары кечиге берди.Экинчи ай жарымдаган кезде аз аздан чай нанынарга деп аванс берип ошону менен акча берилбей дагы сүрүлө берди.Иштеп жаткандар акчабызды бергиле деп жумушка чыкпай бунт көтөрду эле кайдан жайдан оттуз кырктай сакалчан армян менен чечендер жетип келишип өз тилинде чулдурашып офистин алдына чогулгандарды сүрүп курулуп жаткан имаратка күчтөп киргизип бир аз сестенип коюшту.Курулуштун чоңдору кайра эле баягы бал тилине салып,, акча которула элек ,которсо эле баарын беребиз .Коркпой иштей бергиле ",деп,жубатып дагы бир аз акчаны аванс кылып беришип алдап коюшту.Ушундай күндөр уланып эмгек акылары берилбесине көзү жеткендер бир бирден башка жумуш таап кете баштады.Тилек да алты айдан соң башка жака кетүүгө аргасыз болду.Аны күтүп жаткан жубайы кызы эмне болду экен деп ,санаасы санга бөлүндү.Бир аз тыйын тапса курсагы менен кийимине араң жетип кабарын берүүгө эч мүмкүнчүлүк болбоду.Кете берейин дейт бирок үмүттөнгөн аялы кызына эмне көтөрүп барат.Кыйналсам да тыйын иштеп кетейин деп жумуш артынан жумуш издеп жүрүп акыры орустардын деревньясына бир бригада балдар барышып ошол жактан ыймандуу орустар менен иштешип калды .Курулушу бүткөн соң айлыктарын алып Ала Тоо кайдасын деп сагынган өз жерине келип калды.Аман эсен келгенине сүйүнгөн жубайы түлөө өткөрүп бата тиленишти. Карындашы ажырашып кеткенин , күйөөсү тынчтык бербей койгонунан эжеси Салияныкына качырып жибергенин айтты эле жакшы кылыпсын деп сүйүндү да күйөө баласынын кылган ишине нааразы болду.Көңүлдөшүнүн үйүнө кирип алган Нурдин Өмүрдү карай албай атасына берип салганын айтканда көрүп келейин деп жээнин көрүп келип көңүлү ток болуп калды.
Милицияга түшкөн Нурдин бир эки күн жаткан соң чыгарып алар деп күткөн ою башкача болуп чыкты.Мурда бир эки жолу акча төлөп алып чыккан Толгонай бул жолу урду деп арыз жазып ,врачтан далил катары денесине залал келтирген дедиртип кагаз алып сотко тапшырып койду.Бир жумадан ашык жаткан Нурдинди эки милиция колун кишендеген боюнча сотко алып барышты.Эмнеге бул жака алып келишти деп ойлонгуча сот башталып кетип жапа чеккен катары Толгонай суралып андан соң алып кеткен милициялар да Нурдинге каршы сүйлөштү.Бир эки кошуналары да келип тынчтык бербейт деп айтканда сот түшүнүктүү деп кагаздарын окуп туруп ,,бир жыл алты айга кесилсин" деп өкүм чыгарып камап жиберди.Толгонайга кечирип кой деп кыйкырган боюнча конвойдун жетелегенине баш ийип эшиктен чыккан боюнча дайынсыз болду.Толгонай бир туруп ичи да ачышып кетет.Каматпай эле ажырашсам эмне болот эле убал болду го деп ойлогону менен тынчтык бербесе ошо болот деген экинчи ою ичинен айтат.Чындыгында он беш сутка эле жаткызып койо берет деген Толгонай эми кеч болгонун түшүнүп өкүнүп калды.
Белый канчалык сураштырса да эки тоногучтун дайынын билбеди.Башка базардагы өзүнө окшогон ууру кескилерден да сураштырды .Ың жансыз жоголгон экөөнүн дайынын эч ким билбеди.Алтынбек бир кабар бербеген Белыйга ачуусу келип жатты.Тумарга берген убадасын аткаралбай уят болуп калам го деп санаа тартып жүргөндө долларын алмаштырам деп келгендердин акчасын Белый баш болгон шайкалар ала качышып ,ошолордун арызы аркылуу Белыйды күнөөлүү деп алып келип камап коюшту.Эки күндөн кийин акчаны алып качкан уурулар Белыйды камап койгонун угуп бир жаш бала аркылуу милицияга бердирип жибериптир.Акча табылган соң Белыйды чыгарганга шашпады.Ага лейтенант акча табылды эми койо берели иштей берсин дегенге Алтынбек көнбөй Тумардын акчасын да ушулар тоногон аны таппаса иш козгоп каматам дегенинен өзүң бил деп жөн койду.Ага лейтенантка да кылмыш ачылса жогор жактагылардын да алкоого татымак.Алтынбек Белыйды зекип Тумардын акчасы табылбаса кесилип кетесиң.Менин буйругумду аткарбадың.Ойлон ,аз эле убактын бар,тапсаң чыгасың болбосо өз убалын өзүндө деп камалган жерине калтырды.
Белый бирөөлөрдү чакырды да өзүнүн тапшырмасын берди көрүнөт алар шашкан боюнча житип жок болушту.Дагы эки күн өткөн соң Белый Алтынбекти чакырып бир адамдар жоолукмакчы ошол жерге бар деп айтты эле барса эки жигит Алтынбекти көрүп эле колуна конверт карматып болгону ушул деп туруп калышты.Санаса беш миң жетпейт экен.Ушунусуна да шүгүр деп коюп кете бергиле деп жиберип опорныйга келди да ага лейтенантка болгонун болгондой айтып Тумардын акчасын берип коюу айтты эле,анысы келип талап кылбаган соң эмне башыңды оорутасын деп кирди.Ал келин аталаш эжемдин кайын сиңдиси болот.Ушундайда жардам бербесем болбойт жолдош ага лейтенант деп,акча табылганы боюнча протокол түзүп иш жабылды деп арызды тиркеп коюшту.
Белыйды бошотуп акча кем калганы кана деп бир аз коркутуп туруп койо беришти.Белый опорныйдан чыккан соң ызырынган боюнча милициялардын жети атасына чейин сөгүп баратты.Акча табылбаса да шайкасынан жардам сурап акчаны толуктап келгиле деп айткан тапшырмасына эки күндө эле оң беш миң жыйнап жетип келишкен эле.Тоногон эки зөөкүрдүн оордуна майда барат нерселерди уурдагандар тынч иштейли дешип төлөп кутулушту.
Тумарды чакырып акчаң табылды келип кет деди эле сүйүнгөн Тумар Салия эжеси экөө жетип келишти.Акчасын санап колуна карматып беш миң кем болуп жатат ушуну соодагер аялга берип туруңуздар деп айтты эле Тумар сүйүнгөнүнөн Алтынбекти кучактап өөп жиберди.Бирок беш миңи кем болгондуктан тиги аял ошого көнөт бекен деп капалана түштү.Мен сүйлөшүп берейин деп Алтынбек кошо барып тиги аялга барса анысы сүйүнгөнүн оордуна аңкылдап мен ал акчаны ушунча күндөн бери далай айлантат элем .Дагы кем алып келипсиң деп уруша баштады.
--Эжеке баарына шүгүр деңиз,ууруларды издеп жатып араң таптырдык.Калганын дагы берет...деп Алтынбек сөзгө аралашты.
---Курдаш,ачууланбай акчаныздын табылып калганына сүйүнүңүз.Кудайым берерин унутпасын деңиз.Ырыскыны кудайым өзү берет,деп Салия , соодагер аялдын ачуусун басты.Калган акчасын таба таба беребиз деп коюп кетели дешти эле Алтынбек тамакка чакырып калды.
--Жүрүңүздөр акчаныздар табылганын жууп койолу ,деп тамашалай кафе жака экөөнү эрчитип жөнөдү.
Буюртма берип коюп Алтынбек жалгыздыктан тажаганын,көңүлүнө туура келген кыз келин табылса үйлөнөөрүн айтып,оюнун четин чыгарып койду.
Салия менен Тумар коштошуп рахматын айтышып үйүнө жөнөштү.Алтынбектин оюн Тумарга айтып сени жактырып калган окшойт .Өз оюн айтуудан тайсалдап четин чыгарып койду.Эгер сен Алтынбектин сөзүн макул көрсөң сунушун кабыл алып байкаштырып көр,деди.Куйөөдөн көңүлү калган Тумар так секирип жок деп жолотподу.
--Сиңдим,жашоо ошону менен эле бүтүп калбайт.Сен жашсың, келечегиң али болсо да алдыда.Турмушка чыгуу күнөө эмес .Бир зөөкүр күйөөңдүн айынан сен да өмүрүн бактысыз болуп калбагын.Алтынбек жакшы жигит.Эгер бул жигит сунуш киргизсе ,артка кайтарба.Сени бактылуу кылат деп ойлойм.Бул да сен сыяктуу көп кыйынчылыктарды көргөн ,деп ,Салия өзүнүн кеңешин берди.
Айылдан жакшы кабар угулду.Тилек келип үй бүлөсү кубанып, а түгүл баласы Өмүргө барып келгенин айтып шаарга каттаган бирөөдөн кат берип жибериптир.Өмүр чоң атасынын колунда экенин угуп сүйүнгөнүнөн жашы тыйылбады.Убактын болсо келип кет деп аяктаган каттын аягын кайта кайта окуп эртең эле кеткиси келип кетти.Бирок эртең деген күнү дагы бир нече айга уланды.
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1