1-Бөлүм
Таңдын бүдөмүк болуп агарып бараткан учуру. Негедир бүгүн күндүн көзү көрүнбөчүдөй, асманды ала булут каптап жарык нурун дале да чача элек болчу.
Табийгаттын ар бир секунттасында сулуулук менен сыр камтылат эмеспи? Бул кара түн эмнелерди гана адамдардан жашырып турганын ким билсин. Ойго баткан Айымкан апа өзгөчө оор күрсүнүп алды.
-Эх бул түндө канчалаган азаптуу адамдарың кирпик ирмебей чыкты экен. Түндүн кароолучусу жалгыз мен эместирмин -деп күбүрөнүп.
Намаз окуп эшик алдындагы жалгыз түп карт өрүктүн далдаасында көпкө олтурду. Арыктан аккан тунук суу бир нерселерди айтып жаткан ,жаш баладай булдурайт. Кучагын жайса эки адамдыкы жетпеген өрүк мөмө да бербей калган ,эки жылдан бери. Балдары кыйып салайлы дегенине көнбөгөн. Үй алды ысыкта салкын ,суукта жылуу турат . Чоң атаңардын атасы эгип кеткен экен. Мен келгенде жаш гана өрүк эле. Мына мени менен жашташтай көрүнөт. Мен да дал ушул өрүктөй картайдым -деп, оор үшкүрүп алат. Азыр да көп нерселерди көз алдынан өткөрүп турду. Бир боору Асылдын балдарын көп ойлой берчү болду. Жаш кезинен оорудан каза болуп чийедей беш баласы калып кеткен. Арадан бир жыл өтпөй күйөсү Аттокур да каза болуп ,карар эч кимиси жок ээн тамда калган балдары . Айымкан алып келип багып карайын десе күйөсү көнбөй койгон. Тапкан ташыган көтөрүп кабар алганы менен ,кыйратарлык жардам бере албады. Атасынын туугандары аз болсо да , жардамын берип чоңоютуп жатышты. Мезгилинде Асыл колунан келгенче жардамын берип ,курут майын көтөрүнүп тез -тез кабар алчу. Ал азыр жок . Балдары мусапыр болгон учурда жардам бере албады. Эми мынтип издеген болот. Бирок кайда кетишкенин билбейт. Жепирейген там кароосуз чалдыбары чыгып жатат. Үй ичинеде колго кирер да эч нерсеси жок. Атасынын туугандары бир күн өскөн айылына келерин гана айтышат. Бирок толук малымат беришпейт. Билгени чоң кызы Динаранын Казакстанга иштегени кетип казак жигитке турмушка чыгып кеткенин уккан. Ини -сиңдилерин алып кетип калган. Эне ордуна эне , ата ордуна ата жүгүн көтөргөн жалгыз эжеси экенин кайдан билсин. Ошол казакка тийбей кыргызга тийсе баары ушул жерде болмок -деп ,негедир жаман көрөт. Көз алдына көп нерсе тартылып олтурган чакта жанында эки буттун кере сунуп мээмиреп уктап жаткан Акмойнок ыргып туруп арсылдай үрүп жиберди да жүгүрүп жөнөдү. Селт этип алган Айымкан апа ,ордунан козголо көчө тарапка бет алды. Анткени баласынын аттын аттай
-Бексултан ,Бексултан -деп ,кимдир бирөө кыйкырып жаткан.
-Ой баратам , мында баратам . Короонун эшигин ача салып
-Не таң атпай Бексултанды издеп. Тынчылыкпы деги.
- Майрам апа каза болуптур .Айыл апага кабар бер -деп ,мени жөнөттү. Жардам берсин айтып коёрсуз .Мен айылга кабар берейин . Аттын камчылап жөнөп кетти Алмаз.
-Макул ,макул турган ордунда эле калып кетти. Кечээ эле барып көрүп келдим эле го. Жакшы эле болчу го. Бейишиң болсун. Сүйлөнүп үйдү карай басты. Терезеден баласы жатчу үйдү такылдатып;
-Тур балам ,эл барган жерге бар. Майрам каза болуп калыптыр. Бир аздан соң биз да өтөбүз. Алда балдары алыста Россияда эле го. Кабар берди бекен. Чын дилинен кейип жатты. Кечээ күнү кичине кызын да үйүнө жөнөтүп жиберген эле. Ажал улук тура. Мына өз жанына да ишенбей чийки май жегендей оор күрсүнүп алды. Акыркы күндөрү ар жери эле оруй берчү болгон. Жай айынын башталышы болгонго аба көтөрүлүп ,үп болгон учур эле. Бирок бүгүн күндүн көзү көрүнбөй уйгу -туйгу шамал жүрүп турду . Жер бетининдеги тапканын асманга көтөргөн жел түш ооп барып жамгырга айландырды. Ызы -чууга туруштук бере албай үйгө кайтып келип ,эртелеп барам Россиядан балдар ,кыздары келет экен. Азыр кан басымым көтөрүлүп кетти -деп, небересине көк чайдан ачуу салдырып ичип ,оронуп жатып алды. Ой санаасын жыйнай албай эзилет. Өз бир тууганы өткөндө да мынчалык эзилбеген экен көрсө. Өз өмүрү үчүн санаа тартып жатканын түшүнгүсү келбеди. Ай ушу Асылдын жок дегенде бир баласын көрсөм арманым жок эле . Деги мен эмне -деп жооп берем. Балдарың тарап кеткен дейминби? Ичинен бүтпөгөн арманы көптөй түтөйт. Нөшөрлөп жааган жамгыр да төгүп ,төгүп жаап өттү да ,жазылып кетти. Бирок кеч болуп калган эле. Келини келип тамак ичип алың дегенге көнбөдү. Неберелери да келип ,кетип чарчашты. Акыры баласы Бексултан келди;
-Апа сизге эмне болду. Бир жериңиз ооруп жатабы? Догдурга алып барайынбы, же чакырайынбы?
-Жоок балам баары жакшы. Кичине кыйнала түшүпмүн . Аргасыз туруп балдары ,неберелери менен олтуруп тамактанган болду .Бирок көөнү тарта бербеди. Бүгүнкү түн кечээгиден да азаптуудай туюлду. Айымкан кечки намазын окууган соң ,чарчаган адамдай төшөккө кулап жатып алды. Уйку көзүн көрбөгөнү менен түрдүү санаага кул болуп берди. Узаака кыймылсыз жаткан жаны таң менен жарышып уйкуга кетти. Ар күнү балдарын ойготчу ,бүгүн бейкапар уктап жатты. Келини да аягандай бутунун учу менен кирип кайра чыкты. Балдарын ызылдабагыла -деп,тынчтандырып турду. Бексултан күндөгүдөй апасы ойготпогонго омсоңдой түштүбү ;
-Апа ,апа -деп ,босогодо туруп калды. Бирок андан ары кирбестен бутун учу менен чыгып кетти. Таң күлүп аткандай ,мээримин төгүп асманда ала токумдай да булут калбаган. Бул күн өзгөчө эле. Табийгат да адам баласындай өксүп ыйлап алары анык тура. Көнөктөй төккөн жамгыр бүгүн жылмайып аткан таңдын күбөсү болду. Бак ичинде сайраган
түрдүү куштардын үнү гана коштоп турган. Бир бейиштей эле туюлуп турат. Жамгырдан кийинки абанын тазалыгын айтпа. Айымкан узакка уктабаган жаны бүгүн чыны кеч турду . Араң гана туруп бак ичин көздөй бет алды. Бүгүн Майрам эженин сөөгү жерге берилет. Күндүн күлүп чыкканын кара . Керемет аял эле го
-деп ,сүйлөнүп да алды. Бирок ызы -чуу түшкөн ал тарапка баспай , жар четинде шаркырай аккан сууну бойлоп басып баратты. Өзүнө өзү түшүнө албады көрүнтөт.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6