2-бөлүм
Жай басып көйкөлгөн жашыл шиберди аралап баратты. Дүйнөсү санаага эзилип калгангабы ,жалгыз суу жээгине олтура кетти. Бийик жар ,астында суу күрпүлдөп ак көбүк чачып ,таштан ташка чабылып агып жаткан.
-Өх мынча чарчап калдым бат эле ,Айымкан сүйлөнүп алды да баардык ызы -чууну унутуп балалык кезине кеткиси келди. Саамайынан аппак чачы желге учуп ,башындагы байлаган жолугу желкесине түшүп калган. Алсыз гана арык колдору жанындагы жашыл шиберди тытмалап жулуп ,жардан төмөн таштаган болот. Суу аны бат эле агызып кетип жатты. Көйкөлүп турган шиберлүү жер такырлана түштү. Бирок эч бир туруктуу ойго жетелене албады. Түрдүү түмөн санаа ич этин жей берди.
-Эх тирүүлүк сенин түгөнбөгөн түйшүгүң менен алышып жүрүп өтүп кетет турбайбызбы? Кечеги күлүп турган адамыңа бүгүн уйпаланган санаанын азабын жүктөп салып аласыңбы? Жүгүрүп жүргөндөрдү буттан да чалып жыгып салуу колуңдан келет эх тирүүлүк. Бир күндө өлүмгө тапшырып аттыбызды өчүрүп баскан изибизди ,куюн айдаган жел менен бастырып коёт турбайсынбы эх. Өх тирүүлүк ,тирүүлүк . Көз кычыгынан куюлган жашын сүртүп алды. Бакырып ыйлагысы келген менен, жанында бирөө акмалап жүргөндөй туюлду буулугуп гана бүлкүлдөгөн ээгинен жашы куюлуп агып турду. Бул көз жаш каалаган убагында сыртка чыгып кетпесе адамды кыйнап жиберет эмеспи? Бүгүн дал ошол топтолгон көз жаштын шору эле. Өмүрүндө ата -энесинен ажыраган күндө дал ушундай көз жаш төккөн болчу. Кургабас болуп мөлтүрөп тамып турчу. Андан кийин эле бир боору Асылдын күйүттү болгон болсо. Өз жолдошу өмүрдөн өтүп азап бербеди беле. Аа азыр неге бул көз жаш агып эле калган. Жакшылыкка тамсаң экен.. Өзүн кармап көз жашын сүртүп жоолугун оңдоп ,түзөп салынган болду да ,үйдү карай бет алды. Жолдо тосуп алган небереси
-Эне кайда кетип калдыңыз , мен сизди аябай издедим го- деп күтүп алды. Тили ширин мезгили эле.
-Каралсын сенден энең быйтыйган,
кичинекей сары кыз небересин бооруна тартып ,кыса эркелетип алды. Колунан жетелей кирип даярдап салынган дасторконго жетеледи.
-Апам ,өлгөн жерге кетти. Сизди кийин барат уктап жатат. Турганда чай бер энеңе дебедиби. Мен болсо сизди жоготуп алдым да. Анан издедим да божурап көп сөздү сүйлөп жатты. Чыныга калтырап араң куйган чайын сунуп ,эне ичиңизчи -жалдырай карап.
-Ичем кызым ,ичем небересинин жоругуна бир күлүп алды да. Куйган чайды уртап , жолго чыгып Майрам апанын үйүнө бет алды. Дал ушул тапта Россияда иштеген балдар ,кыздары келип ызы -чуу түшүп жаткан учур эле. Көзүнө уруна түшкөнү кенже баласы Тилектин аялы болду. Дал эле Асылдын кыймылы, өңү
түсүнүн окшоштугун айтпа. Кош бойлуу да экен. Көргөн көзүнө ишене бербеди. Майрам апанын бир сөзү эсине келе түштү.
-Тилегим да эки болуп алыптыр. Кандай жакшы болду. Үйлөн -деп үйлөй албай жүргөнбүз, жашы отуз бешке чыгып калды эле. Казакстанда чоңойгон экен кыз. Сураштырып келсек ата энеси ушул жактан дейт. Эрте каза болуп калышыптыр. Тирилик -деп Казакстанга кетишкен экен. Агалары соода кылып Россияда чогуу иштешет. Жактырып калышыптыр бир- бирин. Каршы болбодук -деп. Айымкан өзүнө өзү ишене бербей улам карай берди . Демек бул Асылдын кенже кызы болуу керек.Бир жашка чыкпай калган эле байкуш кыз. Өз энесинин түсүн да билбейт го. Бирок өзү болуптур Асылдын. Өмүрлүү бол алтыным -деп ,өзүнчө күбүрөнүп алып ,чочуп кетти . Анткени жанына башка аялдар да толтура эле. Ыйлаган ый аралаш ызы- чуу болгонго эч ким да маани бербеди. Көңүлүү жай алгансып калды . Эх тагдыр сен менен таймашкан адам баласы жеңишке жетүү үчүн канча азап тартышы керектигин билсе кана. Өмүрдө жакшы үмүт менен гана жашай берет турбайбызбы алга кадам таштаган болуп. Мөңкүп жыгылып турган күндөр да арта калары анык го. Дербиштей аалам кезген ой санаанын жетегинде жетеленген тагдыр мынтип бир күндө бырт чыртты чыгып талкаланып ,тирүүлүктөн кол үзөр күндүн барлыгын унутпас керек тура. Жашоо азабын таштап кеткен Майрам апаны жерге берген соң куран окуп келген эл да кетип ,адам аягы суюла баштады. Тоо боорунан кылайып баткан күн гана ,сен да мен сыяктуу батар күнүң барлыгын унутпа -деп бараткандай эле. Көпчүлүктүн катары менен Айымкан да үйүн көздөй келе жатты. Бирок санаалуу дарттына даба тапкандай эле. Өлгөн өз шору деп бекер айтылбаган сөз экен. Тириктин тиричилиги өтүп бара берет тура. Мына бүгүн жетилиги болуп калды. Балдары Россияны көздөп кайта баштады. Бирок Темир калып калды . Сезимди алып Аттокур жашап өткөн эски тамды карай бет алды. Жеткенче кобурашып келген менен Сезим чалдыбарга айланган үйдү көргөндө көз жашы төгүлүп турду. Анткени акыл эси кирип калган кезде эжекеси алып кеткен эмес беле. Балалык изи ,таттуу сезими, тарткан кыйынчылыгы ушул үйдө калган эмес беле. Ар бир кадам салып короо алдындагы кароосуз калган үйдү жүрөгү жакын кабыл алып жатты. Бир мезгилдеги бир туугандары менен бирге оюн куруп шаңкылдаган күлкү ,ыйы да кулак астында жаңырып көз алдында тасмадай келип турду. Эшик алдында илинип кайтарган кара кулпу да ачык . Жөн гана көрсөтмөгө илинип тургандай эле. Кире бергенде көптөгөн буюмдары көзүнө урунбады. Эски гана кийим салчу шкаф көзүнө уруна түштү. Түз барып тартмасын тартып эски сүрөт салчу альбомду суруп чыкты. Алдыңкы бетинде чапталган ата -апасынын сүрөттү көзүнө чалдыкты . Буркурап бооруна басып ыйлап баштады. Асыл ,берекелерим не мынчалык шашылдыңыздар эле. Бизди адам катарына кошулганыбызды көрбөстөн кете бердиңер го. Биз тарткан азаптарды сездиңиздер бекен. Мына бүгүн сиздердин жыттыңыздарды издеп элесиңиздерди издеп келип олтурам .Мен дайым кагаз бетинен гана сиздерди көрөм . Мени сары ооз балапан кезимден таштап кеткен элесиздер. Мына алгач ошо сары ооз балапан кызыңар издеп келип олтурат. Темир да тоскоол болбоду. Эркине коёп сырта гана жан дүйнөсү кошо оруп баса берди. Айыл апа күтүсүз келип токтогон машинаны көрүп топтоло баштады. Атасынын туугандары да жетип келди . Бирок Темир эч кимисин сагынычтуу көз жашына тоскоол болуусун каалабады. Бир заматта топтолгон эл журттан атасынын жакын эжеси болду.
-Кимсиңер неге келдиңер. Оор басырык Темир жай гана;
-Келинчегим болот. Өскөн үйүн ,ата -энесин, турагын издеп келди. Мен жолдошу болом.
-Кайсы кызы келди. Динарабы же Сезимби? Жооп күтпөй үйгө карай булкунуп кирип баратты. Бооруна альбомду кыса кармаган Сезимди көрүп эле боюн ура өзүнө тартты.
-Садагаң болоюнум келдиңби ? Мен эжекең Салима. Тааныдыңбы? Кучактап өпкүлөп коё бербей көпкө көз жашын төгүп алды. Элден айланса болобу короо четин иретеп тууган урук тапкан ташканын көтөрүнүп жыт чыгарып жиберишти.
Көпкө ээнсиреген эски тамга кадимкидей жан кире түшкөнсүдү. Аттокур менен Асылга аталып куран түшүрүлдү. Үй ичиндеги буюмдар канчалык эскиргени менен бала күнүнө тартып жакын жана баары ыйык туюлуп турду
Аягы... урматтуу окурмандар кызыктуу болсо комментарий калтырып класс басып кетиниздер...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2