Каныбек Кыргызбаев
15 - БӨЛҮМ
Узак жолго чыккан такси жүрүп отуруп Тумар туулуп өскөн районго кирип келди.Бирок,айылын көздөй жөнөбөй эле башка жака бурулганын көргөн Тумар Алтынбекке биздин айыл бул жакта ,деди.Алтынбек ,,Салия эжемин аманатын тапшырып койоюн,",деп,айтканга ии макул деп отуруп кылган Тумар каяка баратканын билбеди.Өзу туулуп жашап жүргөн жерине келгенде көз алдынан жаштыгы,андан соң Нурдин менен жаңы үйлөнүп көчөдө колтукташып бир бирине жылмайып басканы эсине түштү.Андан соң уулду болгондон кийин өзгөрүлгөн Нурдинди издеп далай азапка түшкөн жери экенин эстегенде көздөрүнөн мөлтүр жашы таамып кетти .Бирок,Нурдинге эмес уулу Өмүрдү көргөнү баратканына көз жашы чыкты.Уч жылдан ашык көрбөгөн баласын эстеп кандай болуп калды экен деп көрүүгө ашыгат.Тез эле аманатын тапшырып кайта калсак экен деп чыдамы да түгөнүп кетти Тумардын.Кайра кайра эле жеттикпи деп сурап койот.Алтынбектин айылы райондон алыс жайгашып, жолдун оюлуп бузулуп кеткенинен такси жол тандап отуруп айылга бир топто жетти.Машина жете электе эле бир үйдүн алдында бир топ аялдар жаш балдар турганын көрүп Тумар той болуп жаткан окшойт деп койду.Машина так эле ошол үйгө келип токтоп Алтынбек түшүп эле ошол аялдар менен кучакташып учурашып калды.Салия эжесинин уйу ушул турбайбы,багаждагы кант,печеньелерди той болуп жаткан үчүн берип жиберсе керек деп ,машинанын ичинде отуруп алып аялдарга көз жүгүртүп жеңем да бар болду бекен деп ойлонуп отурду .Үйдүн короосу тараптан музыка да чыгып тойдун жышаанасы билинет.Майда балдар ары бери чуркап ойноп жүрүшөт.Бир кезде аялдар сүрүлүп келип эле машинанын эшигин ачты да улгайып калган аял туш кызым деп колун сунду.Ии ,кете берсек болмок,чай ичип отуруп калат окшойбуз эми дегенче болбой койнуна каткан ак жоолугун сууруп чыгып Тумардын башына салып ,,Ак жолтой келин боло гой ,кызым",дегенде,чочуп кеткен Тумар ,,жок ,апа ,койо туруңузчу,Алтынбек экөөбүз антип сүйлөшкөн эмеспиз ",деп эле дендароо болуп туруп калды.
---Садагаң кетейин кызым,баарыбыз эле ушинтип келин болгонбуз.Жакшы жерге келдиң.Өзүңөр сүйлөшүп жүргөн турбайсыңарбы ,деп аялдар колтуктап үйгө жетелешип киришти.Тумардын ойлогону башкача чыгып баласына келбей эле келин болуп түшүп калганына ыйлагысы келди.Көз жашын аарчып ,,апалар Алтынбекти чакырыныныздарчы ",деген өтүнүчүн эч ким деле укпады.Биринен өтүп бири жоолуктарын сала балжыратып Тумардын бетинен өөп жатты.Тумар деле каршы эмес болчу .Бирок карызынан кутулуп баланы колго алайын ,андан соң үйлөнөлү дешкен болчу.Алтынбекти шашып ала качат деп ойлобоптур.Көшөгөсу тартылып улам жаңы аялдар кирип келинди көрүп жатты.Алдын ала эле кабар берилгендиктен кой союлуп той камылгасы даярдыкта болчу.Алтынбек келер менен эле келин келиптир дегенди уккан аялдар дароо келин көрөлү деп жетип келишип үй толду.Көптөн бери жаңылык укпай калган аялдар өздөрүнчө эле ушак айтышып үй менен бир болуп ызылдашат.Тумардын жанынан тесттер кыздар келишип дароо эле жеңе деп колдорун кармап шакектерин кармап жанынан чыкпай калды.Жеңе деген сөздү көптөн бери укпаганга кулагына жылуу угулуп ,жаңы турмушка чыккандай болуп сезилип жатты.
Алтынбек эшиктеги жумуштарды тейлеп коюп көптөн кийин Тумардын жанына кирип келди.Алтынбектин бул кылган ишине нааразы боло түшкөн Тумар ыйламсырай :
--Алтынбек,биз минтип сүйлөшкөн эмеспиз го?Күзгө деп макулдаштык эле мен карыздарыман кутулуп ,баламы колума алайын деп айттым эле.Сенин бул кылганың эмнең,?-деп,Тумар бир аз таарынып жашып алды.
---Жаным ,Тумар,капа болбо ар бир иштин эртеси жакшы.Эки иштен бир иш ,баарын бүтүрүп салайын дедим.Күзгө чейин айнып кетсең ,мен кимди алам ,деп тамашага салып,анан мындай деди.Сарсана болбо үйдөгүлөр баары сенин балаң бар экенин билишет.Чогуу эле өз колубузга алып шаарга окутабыз.
Ушинтип айткан Алтынбекти мурдагыдан да катуу жакшы көрүп кетти.Баарынан да балама өгөйлүк кылбаса экен деп тиленип жатты.Ошентсе да биринчи баламы көрүп алсам жакшы болмок деп ичи бир аз ачыша Алтынбекти карап калды.
---Сенин агаларына да кабар кетти ,буйруса эртең келип калышат.Өмүрдү ала келсин деп айттырдым.
Ии эми кайсы бетим менен акеми карайм,иштебей эле күйөө издеп кетиптир да деп айтпаса экен, деп ушак айын аралабаса экен деп ойлоно баштады.
Той уланып эт жеелип келгендер келин тойдун кешиги деп таттуулардан,боорсоктордон алып жөнөп кетишти.
Өздөрү калганда кайын энеси кирип Тумарды чекесинен сүйүп жанына отура кетти да өткөн кеткендерди сүйлөп калды:
---Кызым,эми сен келиним эмес кызымсын.Сендей келинге жоолуканыбызга жетине албай турабыз.Жүзүңөн эле көрүнүп турат ыймандуу келин экенсиң.Алтынбегимдин сунушуна макулдугуңу бергенине биз да ыраазы болуп отурабыз.Рахмаат айланайын.Уулуң бар экен мейли өзүңөргө эрмек болот.Колуңарга алып алгыла.Мен да Алтынбекке айттым.Ушул Алтынбекти милиция окуусуна окуйм деп шаарга кетип ошондон ары шаардык кызга кой десе болбой үйлөнүп,бир кыздуу болгон соң теңине албай кетип калбадыбы.Бир дагы менин эшигими аттаган жок.Мейли дедик.Келбесе келер дедик.Акыры уулуму жалгыз калтырып кетпедиби, деп арыз муңун айтып калды.
Келиндин кызматына зар болгон Жаңыл апа ,карып жашы өтүп баратса да казан аяк колунан түшпөй өзү кыбырап тиричилик кылуу экен.Алтынбектен кийинки эки карындашы турмушка чыгып очор бачар болушуп кез кезде келип койгону болбосо,тиричиликтеги бошоп келе алчуу эмес.Кийинки иниси мектепти жаңы бүтүп али үйлөнө элек болчу.
Баарын тыңдап отурган Тумар кайненесин аяп кетти.Алтынбек менен жалгыз калганда шаардан тажаганын айтып ушул жака эле которулуп келүүгө болобу деп сунуш киргизип калды.Мындай сунушту Алтынбек да колдоп берки келинчеги бул жака келбейм дегенинен шаарда калганга аргасыз болгонун айтып ушул маселени тез арада чечүүгө убада берди.
Эртеси күткөн кудаалары келип той кайрадан башталды.Көптөн бери көрүшпөгөн агасы жеңеси жана баласы Өмүр менен кучакташып эле жатып калды.Тилек Тумарды кубаттап туура чечим чыгарганын айтып ,жашоосу бактылуулук менен уланышын каалады.Өмүрдү Тумарга тапшырып жатып кайнатасынын каалоосун айтып аманатын тапшырды..Мурунку күйөөсү Нурдин баланы бага албай кор тутканынан алып кетип калганын андан соң кемпири каза болгон кийин Тилекти чакырып кошуп бергенин айтып берди.
Бир жумадан кийин кайтууга убакыт келип Алтынбек кетүүгө камынып Тумарды ала кетмекчи болду.Тумар шаарга барганда эмне андан көрө кайненесинин кызматын кылып турууну эп көрдү .Себеби ,дагы эле казан аяк менен алпурушуп жүргөн кайненесин аяп кеткиси келбеди.Анын устунө шаарда кылаар иши болбогон соң барып өзүнүн иштеринди бүтүрүп которулуп кел деп жөнөтүп жиберди.
Келининин бул чечимине ыраазы болгон Жаңыл апа сүйүнгөндөн көзүнө жаш алып келининен жакшы акыл чыкканына ыраазы болду.Келген келин кайненесинин качып башка жашайм дешсе,бул келини,,келип кызматымды кылбасам кайсым келин" дегени жакты. Алтынбеги адашпай жакшы бүлөөгө туш болгонуна ичинен алкап бактылуу болсун деп кайра кайра батасын берип жатты .Өмур да Жаңыл апасын Суусар чоң энесиндей көрүп божурап бир нерселерди сүйлөп берет.Өз небересин дей көрүп Өмүрдү жакшы кабыл алышты.
Күндөр уланып Тумар келиндик милдетин аткарып жатты.Кайненеси колу узарып эле айылга каттап Тумарды мактап бүтө албай койду.Келини эмес эле кызындай жакшы көрүп калды.Бир айдан өтүп Алтынбек да келип калды.Суйунуч кабар айтып баарын сүйүнттү .Ал жактын буйругу менен райондук милиция бөлүмүнө жөнөтүлөт деген ишеним каты менен келип жумушка орношуп, а түгүл азырынча жашап турганга батир таап келиптир.Жумушка чыкчу күнгө чейин Тумарды райцентрге алып барды да батирге жайгаштырып көчүп келип алды.Өмүрдү да окуусунан калбасын деп жакынкы мектепке киргизип да койду.Алтынбек үй бүлөөгө тың чыгып Тумарды эч нерседен өксү кылбай жакшы карады.Өмүрдү да өз баласындай кабыл алып көз жаздымда калтырбай өстүрдү.Жыл айланып Тумар кош бойлуу болуп кыз төрөп Алтынбектин кубанычына чек жок эле.Уй бүлөөгө бакыт тартуулады бактылуу болсун деп Бактыгул коюшту.
Нурдин мөөнөтүн толук аяктап чыгып Толгонайдыкына келсе үйүн сатып жиберип белгисиз жака кетип калыптыр .Чыкса өч алат деп коркуп шаша сатып кеткенин кошуналары айтып беришти.Бирок,Нурдин өч алуу максаты жок болчу.Айып өзүндө экенин билип ,кудайым жазалады деп ,ушул жазага ылайык болчум деп өзүн өзү күнөөлөгөн.Кечирим сурап кайра кабыл алса жашаарын айтмак болчу.Бирок, ойлогон ою туурасынан чыкпай баары тетири кетип,тагдыр ага артын салып туруп алды.Айла канча өз тагдырын өзү бузган адам күнөөнү кимге коймок эле.Баардыгына моюн сунуп жашаганга аргасыз болду.
Ушул бактылуулук күндөрдөн көп убакыт өтүп кетти.Тумар менен Алтынбек жакшы өмүр сүрүп балдары Өмүр менен Бактыгул го жакшы тарбия беришти.Уй салышып өзүлөрүнчө кенен жашап жакшы үй бүлөдөн болушту.Өмур окуу жайын аяктап үйлөнүүгө мезгил келгенде апасы менен сүйлөшүп отуруп эмнеси болсо да Нурдин атам эле менин үйлөнүү тоюмда катышса Алтынбек атам капа болбойбу деп кеп кеңеш салды.Апасы Нурдинге болгон таарынычы көп жылдардан бери жок болгон ,аны эстебей да калган.Бирок , Өмүр айтканда бир аз ойлонуп:
---Мен Алтынбек менен кеңешейин.Сени ушунча жылдан бери багып чоңойткон атаң билбей калса капа болбосун.Бөрү баласы ит болбойт экен да деп ичинде жаман ой калбасын.
---Апа мен сизди канчалык жакшы көрсөм да Алтынбек атамды ошондой жакшы көрөм.Бирок,атам өз жазасын алды.Менден башка баласы да жок.Ошондуктан армансыз кетпесин деп ойлойм.Жок дегенде баламын тоюн көрбөдүм деп өксүп кетпесин..
Той күнү жакындаганда Тумар Алтынбекке ушул жөнүндө айтты эле ,каршы эмес экенин билдирди.
---Качанкы күйөөдөн эмне кызганайын.Макул чакырып коё бергиле.Өмурду тапкан ошол.Менде каршылык жок.Үстүнө да чапан калпагын да кийгизип коюу биздин милдетибиз деди.Бул жакшы кабарды укканда Өмүр рахмат апа деп кучактап өптү да ,атасы Нурдиндин кабарын билүүгө чоң атасы Атайдын үйүнө жөнөдү.
Атай абышканын эшик алдына токтогон машинаны көрүп бул кимдин машинасы экен ким келди деп караган Нурдиндин иниси Керим узун бойлуу сулууча жигит түшкөнүн көрүп утурлай басты.Нурдиндин эле жаш чагынана окшогон жигитти көргөн Керим Өмүр го деп жазбай тааныды.Озун карай баскан жигитти Өмүрсүңбү деп барып кучактап калды.Көрбөгөнгө көп жыл болуп сагынып калган экен көпкө кучактап туруп сүйүнгөндөн жашый түштү.
---Өмүр, кеткен боюнча каттабай койдуң .Чоң атаң да сени бир көрсөм деп жатып кайтыш болду.Атаң болсо ошо бойдон үйлөнбөдү.Апаң башка турмуш куруптур деп уктум.Акем бере албаган бакытты башка бирөө бериптир.Эми сен каттап тур ,Өмүр ,деди.
---Ава,мен ошого келдим эле тойго чакырганы.Атам менин үйлөнгөнүмдү көрүп төрдө отурусун деп чакырып келдим.Апам уруксат берди.Атам каякта ,деп Өмүр Нурдиндин дарегин сурады.Атасы бир бай кишинин үйүндө коюн багып көптөн бери жашаарын айтып берди. Үйлөн дегенине көнбөй,мен аял кишиге бакыт бере албадым .Эми өмүр бою жазамды тартайын деп такыр макул болбой койду ,деди.Мен көргөзүп барып келейин деп ,Өмүрдүн машинасына чыгып жол көрсөтүп баратты.Тез эле кой баккан сарайга жетип келишти.
Нурдин иниси Керимдин токтогон бир машинадан түшүп өзү менен бир жигитти эрчитип келе жатканын көрүп ким экен деп ,кылып жаткан жумушун таштап буларды көздөй басты.Жакындаганда эле жакшы кийинген жигит ата деп эле келип кучактап калды.Уч уктаса издеп келет деп ойлобогон баласы издеп келип кучактап жанында турганына ишене албай көпкө кучактап койо бербей өксүп ыйлады.Болду деп Керим экөөнү эки жака тартканда гана көздөрүнүн жашын аарчып обочодо турган сөрүгө карай басышты.Ал акыбалды сурашкандан кийин Өмүр келген максатын айтты.Нурдин ойлонуп туруп мындай деди.:
---Уулум ,мен силерден көптөн бери кечирим сурайын деп жүргөм ,Бирок,жүрөгүм даабады.Анын үстүнө дарегинерди да билбедим.Тоюңа чакырып келипсиң рахмаат,бактылуу бол айланайын балам.Атаңы тартпай үй бүлөөңу баккан жакшы адам бол.Мен буткөн жараңарды тырмап апанын көзүнө көрүнбөй эле койоюн.Кечир ,уулум мен жакшы ата болуп бере албадым.Эми да жамандыгым тийбесин .Сени баккан атаңа ыраазымын ошону айтып кой.Мени көрүп апаң качанкы азабын эстеп жүрөгү оорубасын.Бактылуу болгула,апаңда кечирип койсун.
Өмүр да Керим да канчалык көндүрүүгө аракет кылса да көгөрүп эч макул болбой койду.Акыры мейли ата убактым болсо каттап турам деп коштошууга туура келди.Буларды машинасына чейин узатып барган Нурдин баласын кучактап буруп көзүнөн жашын агызып дагы кечирим сурады
Кечир,уулум...кечирип койгула...Мен силерди кыйнап койдум ,деп, бир сыйра дагы ыйлап алды.Кучакташып коштошкон Өмур атасы менен коштошуп машинасын айдап төмөн түшүп кетти.Чаңды ызгытып бараткан машинаны карап Нурдин көз жашын мөлтүрөтүп:
--Кечир ,уулум...,кечир уулум деп кайталай берди.
ЧЫГАРМАНЫН СОҢУ
Урматтуу окурмандар жактыбы чыгарма? комментарий кутобуз.....
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 15
Окусада,сабак болчу кинолорду көрсөда оңолбогон адамдар бар экен,мен ушул жан дүйнөсү кем адамдарга боорум ооруйт. Окушса,билим алышса,өздөрүн өнүктүрүшсө деп тилек кылам. Ар бир адам бактылуу болууга акылуу,ал баарыбыздын өз колубузда