Салам достор. Көптөн бери амандашпай-саламдашпай кеттик ээ? Пикир айтып, сырдашпай да калдык. Жаңы чыгарма жок зээригип калбадыңыздарбы? ☺Буйруса дагы бир чыгарма тууралуу изденип, түрлүү идея ойлонуп жүрөм. Аны да жакында жарыкка чыгарабыз. Сиздер менен сырдашып көнүп калган экенмин жалгвзсырай түштүм. Үзүлгөн үмүттөр туурасында бир аз ой бөлүшө кетели бир аз. Китеп болуп чыгарууга жараар беле? Деги тарбиялык, маани -мазмун дегендери кандай? Анан аябай эле узак жазылган ээ? Бир аз өзгөртүү киргизип кыскартсамбы деген да ой. Китеп болуп чыкса өз окурмандарын таап кете алабы? Бир редакция менен байланышып көрсөм кымбат айтты негедир. Китеп кылып чыгарып салбасам, бирде бирөө менин у
Ушул эки чыгарманын кайсыл бири сиздерге көбүрөөк таасир калтырды?Кандай чыгармага көңүлүңүздөр көбүрөөк толот экен? Деги эле мен жазган чыгармалар сиздердин көңүл чордонунда калабы? Мен үчүн ар -бир окурманымдын пикири маанилүү. 😍
ҮЗҮЛГӨН ҮМҮТТӨР. 41- БӨЛҮМ. Тагдыр эмне деген гана күндөргө салат. Беш минуттан кийин адам эмне болуусун эч ким билбейт. Балким түбөлүктүү бир бактылуу жашоону, эңсеген ыссык деми менен, алоо отко күйдүргөн махабатты эңсейт, ашыгат, аракет кылат, жетет. Же балким, түбөлүк кош айтышып, эки жүрөк бири -биринен түбөлүккө кош айтышаары мүмкүн. Кээде тагдыр ушунчалык таш -боор. Эч кимди аябай, кабагынан кар жаадырып, каалгандай адам менен ойногонду жактырат. Азыр баары бактылуу. Бирок убактынча. Саналуу, сааттар, же мүнөттөр эмне, болуп кетээри белгисиз. Кандуу согуштун аягына чыга албаса да, ишин таштап,тек жакшылыкты ниет кылып, сүйгөн жарына карай келе, кол узатып, экөө бирге турмуш
ҮЗҮЛГӨН ҮМҮТТӨР 40- БӨЛҮМ. ТҮН Аскат үчүн аябай узак болгондой сезилди. Жанына баткан ачуу оорудан улам араң дегенде көзүн ачты. — Атаке атаке! Кичинекей отургучта колу буту байланып, араң, торго түшкөн торгойдон бетер, чебелектеп жаткан Лунаранын үнү алыстан угула, көзүн ачууга аракет кылып жатты. — Тийбегиле тийбегиле атама! Ата атаке. Лунара ал сайын чебелектеген сайын тиги эки зөөкүр, эми араң, жан өзүнө келип жаткан Аскатты өзөртө тееп, же уруп, каалаганын жасап жатышты. — Хе -хе -хе! Жан ширин бекен я? Бирөөсү Аскатты чачынан булка тарта, колундагы миздүү жалт-жулт эткен канжарын, Аскаттын кекиртегине такап алды. — Эгер шеф уруксаат бергендеби? Сенин мына алкым
ҮЗҮЛГӨН ҮМҮТТӨР 39- БӨЛҮМ Түнү менен баардык шаар, ичине, ээн-көчө 'токой, талаа түздөрдүн баарына Рамистин атасына издөө жарыяланды. Жерге кирип кеткен эмедей жок Болушту. Экөөнү кулата аткан Амантур дал ошол жерге жыгылган жерине келип, көпкө карап турду. — Сенин оюңча Рамис алып кетти деп ойлойсунбу куткарып? Тинатиндин сөзү Амантурду ойдон алыстатты. — Жоок -жок мен Рамис андай кылаарына ишене албай жатам. Бирок аны да көрүү керек байкап. Динара менен байланышып, Рамистин йүнө адам жөнөтүп, кайда экенин билип келүүнү суранды. Динара даро макул боло, жанындагы жигиттердин бирин Рамистин үйүнө көздөй жөнөттү. Амантур негедир жүрөгү түпөйүл боло түштү. Эгер Рамис
Бакыт Кушум менин койгойумду чыгарып беришиниздерди суранам Менин жашоомдо болуп аткан нерсени окуурмандар сиздер менен болушуп кетейин деп чечтим и кенешиниздерди кутом.Мен жолдошум менен 17 жыл жашадык турмуштун ысыкк суугун чогу откордук бири бирибизге тушунуксуз кундор да болду бактылуу кундор да болду ортобузда Аллахым берген 5 балабыз бар 5чи кызымды 3 ай мурун тородум. Озубуз кыйла жылдан бери Россия да турабыз. Жолдошум Кыргызстан га бир тууганына барып келейин апамды коруп келейин деп кетип кайра келбей койду. Жолдошум кеткен маалда мен 6 айлык боюмда болчу. Жолдошум ал жакта журуп ар кандай шылтоолорду таап уруш чыгарып журуп алды. Ошентип экообуз телефон аркылуу урушуп журуп мен
ҮЗҮЛГӨН ҮМҮТТӨР 38-БӨЛҮМ. Тинатин көпкө ойлонуп отуруп Амантур менен кайра байланышып, Рамис менен кеңешүүнү сунуш кылды. —Эгер Рамис атасынын кылмыштары тууралуу баарын айтып, көрсөтүп берсе, жазасы жеңилирээк болушу мүмкүн. Албетте камалат. Бирок жеңилдетебиз жазасын. Сен эгер мүмкүн болсо, эртеңки боло турган операцияга жардам берүүсүн сурап көр. Болобу ошондой кылганга? Тинатин чын эле ичинен жигитке күйүп жатты. Амантур көп деле ойлонгон жок. Бир-аз үн катпай туруп, кайра макулдугун берди. —Мен сүйлөшүп көрөйүн. Макул болуусуна көндүрүүгө аракет кылайын. —Макул. Амантур, өзүңдү абаула сен дагы. Биз үчүн өтө оор күн болот эртең. Бир эмес, эки эмес, далай кылмы
Бүгүн жашоомду токтоттум. Эки жылдан бери жашаган үй бүлөлүк абалымды чечтим. Бул жолго баруу мен үчүн оңойго турган жок. Кыйналдым, далау жолу көз жашымды төктүм. Сактап калууга аракет кылдым. Менин күнөөм экинчи турмушум болгону үчүн, балам бар келин экени болду. Биринчи жолдошумдан ажырашканыма жети жылдан соң, баламды эрезеге жеткирип, бир аз өз -өзү менен болуп калган убакта, мен дагы адамдардай эле бактымы табайын деп ойлоп жаңылышыпмын. Мен баарын түшүндүм. Бактылуу болууга, бактылуу кылууга , Келин эмес, кызындай болууга аракет кылдым. Башында иий турмуш десе тызылдап коркуп калган жан элем. Баламды карабай, таштап көрүнгөн кыз менен кеткени үчүн ажыраштым эле баламдын
ҮЗҮЛГӨН ҮМҮТТӨР 37- бөлүм. Үйүнө кайра эле көңүлү чөгө, суз тартып кирип келген Емили көрө койгон апасы кызынын мындай абалда келгенин көрүп чоочуй түштү. —Емили? Дүкөнгө барам деген элең го эмне болду? Бул эмне болгон маанай? Кимдир бирөө капа кылдыбы, уруштубу? Апасы чебелектей кызынын карегине толгон жашты сүртө, суроо артынан суроо берип алды. — Жок мам. Менде бары жакшы. Емили эч кимдин сөзүн уккан да жок. Тек гана колуна сукасын сүйрөй үстүңкү кабатка чыгып, бөлмөсүнө кире жата кетти. Көз алдына ошол Лунара элестей, анын жылмайганына жооп кылып, Амирдин ага болгон сылык мүнөзүн,колунда көтөргөн гүлүн эстеп отура, көзүнөн ыссык жаштар таамп, жүзү ылдый тоголонду. —
Показать ещё