ашуун адам жаназасына катышкан🧐.
Кичинекей айылда чоңойгон, ата энесинин колунда жок, кийим алып бергенде 2 размер чоң алчу экен көбүрөөк кийсин деп, кантип ушундай атакка жетишкен🤔?
Агрардык окуу жайын бүтүрүп, жокчулуктун айынан 9 достор биригип бизнес баштамак болушат. Жумуш баштаганга 2000 Египет фунт керек болот, ар бири 200 фунттан чыгарып 10чу компаньон издеп таба алышпайт. Ошондо Салах айткан экен:
–"Келгиле достор, 10чубуз Аллах болсун биз менен, ар бир пайданын 10% бөлүгүн Алла жолуна иштетебиз, ишибизге Алланын жардамы болсун!"
Жумуш башташканда эле жакшы жүрүшүп 10%тин садакага беришет. Кийинки пайдасынан дагы 20%ке көбөйтүп беришет. Иштери алдыга жүрүшүп кете берет, жаш жигиттер да садаканын көлөмүн 50% ке чейин көбөйтүшөт.
Садаканы өз айылынан баштап, башталгыч мектеп салышат, кийин толук орто мектеп салып беришет. Кийинки жылдары университет салмак болгондо жергиликтүү бийлик уруксат бербейт, "кичинекей айылда студенттер үчүн шарт жок, жатакана, темир жол, ж.б." деген себептер менен. Салах достору менен кеңешип темир жол, жатакана өз каражатына салып бермек болгондо уруксат берилет.
Египеттин тарыхында биринчи жолу кичинекей айылда университет 5-6 факультети, 600кыз, 1000 балага жатаканасы, темир жол иштеп баштайт😯. Андан сырткары айылдагы колунда жокторго жардам берип, студенттерге стипендия да төлөп турган. Акырында өздөрү университетке айлыкка жумушчу болуп киришип, "10-досторунун" үлүшүн же Алланын жолуна 100% кирешесин берүүнү чечишкен, Аллаху акбар☝️.
( checheninfo.ru сайтынан алдым🙂)
➖➖➖➖➖➖➖➖➖➖➖➖➖➖➖➖➖➖
Булардын ушунчалык ийгиликке жетишкени бир гана себеби, Аллах менен мамиле түзүп ала алышкандыгында☝️.
Биздин ишкерлер да үлгү алыңыздар, байыгысы келгендер 🙂.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев