(Төрө элек наристенин күйүтү)
Күлкүсү аз, толуп турган арманга,
Ушул жашооң чындыгында жалган да.
Төрөбөчү, төрөбө апа барбаймын,
Чындыгы аз, бийлик кылган жалганга.
Уста баары, бирин бири сатканга,
Жакшыларды теңей берген жаманга.
Барбайм апа, баргым келбейт таптакыр,
Кайдыгерлик каптап алган заманга.
Алдуулары алсыздарын басынтып,
Байды көрсө тизе бүгүп жагынып.
Кедейлерге бой көтөргөн заманга,
Барбайм апа, суранамын жалынып.
Ата энесин кеткен уулу карабай,
Бара электе жаным кейийт аябай.
Тилибизди, дилбизди унутуп,
Койгон тура салтыбызды баалабай.
Байкуш кыргыз шорго баткан турбайбы,
Жанын багып чет жактарда таалап.
Жан кейитип жүрөктөрдө муң, кайгы,
Калышыптыр бөлөк элди сагалап.
Ак сүйлөгөн азаматты кубалап,
Камайт экен жылдап, кээде жумалап.
Анан дагы көбөйүптүр молдолор,
Динибизди башка жакка бурмалап.
Кымбатчылык алыптырго жакалап,
Байкуш элим, чет өлкөгө агылып.
Кетип жатса көңүл бөлгөн эчким жок,
Жол көргөзөр, чырак болуп жагылып.
Кантип барам, анан ушул жашоого,
Өрмүр турса азаптарга малынып.
Кана апа, кайда биздин келечек,
Мурас калган жерлер кеткен сатылып.....
Автор: Жыргалбек Усенов. 13.05.2024.
Алай. Гүлчө
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7