"ЧЫНЫГЫ ДОС КИМ?"
Абдишүкүр ажы Нарматов.
Чыныгы дос: Сага жолуккан кезде алгач салам берген адам.
Чыныгы дос: Сенин муктаждыктарыңды бүтүрүү үчүн жеген ашын жерге коюп чуркаган адам.
Чыныгы дос: Өзүнө жакшы көргөн нерсесин сага да ыраа көргөн адам.
Чыныгы дос: Сен келгенде ордунан туруп отургучунан орун берген адам.
Чыныгы дос: Сени маралдык же материалдык пайда үчүн эмес, Алла Тааланын ыраазылыгы үчүн жакшы көргөн адам.
Чыныгы дос: Кайгыда да кубанычта да, пайда да зыянда да, кененчиликте да кыйынчылыкта да, кедейчиликте да бардар заманда да сени менен бирге болгон адам.
Чыныгы дос: Сенин айыбыңды көргөн кезде насаатын айткан, айыбыңды башкаларга ашкере кылбай жаап-жашырган, жак