Кутман таңынар менен. Жакшы жатып жай турдуңарбы. Бүгүнкү таңды көргөзгөн Жаратканга эсепсиз шүгүрлөр жана мактоолор болсун. Бүгүн ушул жылдын эсебинен акыркы туткан орозоңуздар кабыл болсун. Жараткан Аллахым кийинки жылдын орозосун тутууну насип кылсын. Бүгүн чын дилден кылган дуба тилектерибизди кудайым кабыл кылсын. Өзүбүздүн билип билбей кылган күнөөлөрүбүздү кудайым кечирсин. Жараткан Аллахым жолдо жүрсөк жол берсин. Ооруп жүргөн инсандарыбызга шыпаасын берсин. Алыстарда жашап жана эмгектенип жүргөн инсандарыбызга бекем ден соолук берсин. Соодагерлерибиздин соодасы жүрүшсүн. Жараткан Аллахым жакшылыктарыбыздын сообун эселеп берсин. Дайыма иштерибизде ийгилик, үй-бүлөбүздө токчулук, молчулук, бакубатчылык болсун. Баарыңыздарга бекем ден-соолук, бакубат жашоо каалайм. Алдыда окулуучу багымдат намазынар кабыл болсун. Эмики 2025-жылкы орозону кармоону баарыбызга насип этсин 🤲🤲🤲.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7