Каптагаев Садыр Жапаровдун иши боюнча башкы прокурорго ачык кат жолдоду
Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору, саясатчы Эмилбек Каптагаев камакта отурган саясатчы Садыр Жапаровдун иши боюнча башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго өзүнүн “Фейсбук” баракчасчы аркылуу ачык кат жолдоду.
Өзүнүн кайрылуусунда бул маанилүү маселе боюнча Башкы прокуратуранын коомчулукка ачык жооп бере турганына ишене турганын билдирүү менен Садыр Жапаровдун ишинде аны барымтага алуу боюнча бир дагы күбө болбогонун, ошол эле учурда ага карата эч кандай дооматы жок экенин айткан.
Ошондой эле, ал Садыр Жапаровду бир гана Кенжебек Жумабаевдин көрсөтмөсүнүн негизинде 11,5 жылга камалганын жазган. Ал өзүнүн көрсөтмөсүнд
Прокурор Дача-СУ, «Белизгейт» жана тарых музейиндеги иштер боюнча айтты
Дача-Судагы кырсык боюнча кылмыш иши кайрадан жанданып, массалык маалымат каражаттарына чыккан маалыматтар чогултулду. Бул тууралуу Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып айтты. «Белизгейт» чыры боюнча да маалымат берип, анын «жашыруун» деген графасы алынбаганын маалымдады.
— Бул тууралуу кылмыш ишин козгоодон баш тартуу боюнча чечим кабыл алынган. Документ бизге УКМКдан келгенде эле купуя сыр болгон. Аны УКМК гана ала алат.
Андан тышкары, Чолпон-Атадагы ат майдандын курулушу жана Тарых музейин реконструкциялоодогу коррупция боюнча иштер бириктирилгенин, тергөө иштери апрель айында жыйынтык
Мурашев: Быйыл картошка аз айдалат
_______________________________
Кыргызстандык дыйкандар үчүн быйыл чечевица, гречка, соя сындуу дан азыктарын айдоо кыйла пайдалуураак болот. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди. Анда ал быйыл пахта айдоо аянты да көбөйгөнүн айтты.
«Дүйнөлүк рынокто пахтанын баасы өсө баштады. Ошондон улам быйыл пахта айдоо аянты 2200 гектарга көбөйтүлдү. Тамекинин аянты да 1 миӊ гектарга көбөйгөнү турат. Ал эми картошканын аянты 3200 гектарга азаят, анткени өткөн жылы Казакстан менен Орусияда анын түшүмдүүлүгү жогору болгондуктан, баасы төмөндөп кеткен», — деди ал.
К
Баткенде той өткөрүү эрежелери иштелип чыгат
Баткен облустук администрациясы той өткөрүү эрежелерин иштеп жатат.
Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдиргендей мындай сунуш Кадамжай районуна караштуу Ак-Турпак элинен сунуш келип түшкөн. Анда 2018-жылы болжолдуу эрежелер көрсөтүлгөн.
Баткенде расмий эмес маалыматка таянсак, жылына 6 миңден ашык аш-той өтөт. Жергиликтүү экомонисттердин айтымында элеттиктер ар жыл сайын 4 млрд сомдон ашык каражат сарптайт.
Эске салсак, буга чейин Маданият министрлиги той-аштардын форматын өзгөртүү боюнча конкурс жарыялаган. Ушундай эле сунушту чиновниктер да берип келет.
#маралфм#маралрадиосу#РадиоМарал#Кыргызстан#Бишкек#Ош#Жалалабад#Нар
Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеӊеште Бишкек ЖЭБ чыры боюнча териштирүү иштери тууралуу өкмөттүн маалыматы угулууда. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып жатат...
Парламент ЖЭБ маселесин карайт
Парламенттин 14-февралдагы жалпы жыйынында Бишкек жылуулук борборундагы авариянын себептерин жана 386 миллион долларды териштирүү боюнча убактылуу комиссиянын корутундусунун алкагында өкмөттүн алып барган иши угулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин расмий сайтында кабарланат.
Эске салсак, ушул эле аптада Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча «Коррупция» беренеси менен козголгон кылмыш ишин Башкы прокуратура толук бир жума изилдеди. Натыйжада сегиз айыпталуучуга тергөөдө коюлган айыптар өзгөртүлбөгөн бойдон бекитилди.
Алардын арасында экс-премьер министрлер, министрлер жана депутаттар бар.
#маралфм#маралрадиосу#РадиоМарал#Кыргызстан#Би
Айдаркенде кош бойлуу энелер мектеби ачылды
Баткен облусундагы Айдаркен шаарында эл аралык гуманитардык медициналык «Чек арасыз дарыгерлер» уюмунун колдоосу менен Энелер Мектеби ачылды. Бул мектеп кош бойлууларды эне болууга даярдайт.
«Чек арасыз дарыгерлер» уюмунун басма сөз кызматы кабарлагандай, Айдаркен ооруканасында толугу менен жабдылган атайын бөлмөдө болочок энелер үчүн төрөткө жана эне болууга комплекстүү даядоо жүрөт. Мектептин максаты – болочок энелер үчүн толгоодо болгон оорууну жеңилдетүү жолдорун үйрөтүү, төрөткө даярдоо, өзүнө өзү көмөк көрсөтүү жана ден соолугун калыбына келтирүү багытында окутууларды уюштуруу. Кош бойлуу аялдардын терс эмоциялары менен бирге эң негизгиси к
8-февралга карата аба ырайы
Аба ырайы
8-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Жолдорго муз тоңуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…-7,
Талас жергесинде түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…-7,
Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…-7,
Нарын аймагында түнкүсүн -18…-23, күндүз -8…-13,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -27…-32, күндүз -15…-20 градус болот.
Бишкекте түндө бир аз кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Түнкүсүн -13…-15, күндүз -2…-4 градус болот.
Кыргызстан 2018-жылы сырттан карыз алган жок
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусунун коллегиялык жыйынына катышты. Анда Ош облусунун 2018-жылкы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары талкууланды жана 2019-жылга милдеттери белгиленди.
Жыйын жүрүшүндө өкмөт башчы белгилегендей, 2018-жыл экономика үчүн объективдүү кыйынчылыктарга карабастан, ийгиликтүү болду. Негизги жетишкендик катары, республика финансылык жылды тышкы карыз алуусуз жыйынтыктады жана мындан ары карай өлкө жеңилдетилген шарттардагы максаттуу долбоорлорду жана натыйжалуу инвестицияларды гана тартат.
Ал жер-жерлерде коюлган өнүгүү максаттарына жетишүү үчүн жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери жүргүзүлүп