Кадырым билбегенге кайрадан кайтпас болдум калп коруп ишенбеске эч нерсе айтпас болдум калтырып конулумду бир жолу койгондого кайрадан ишенип жалыным чачпас болдум мен учун куйбогонго мен дагы куйбос болдум меер берип суйбогонго мен дагы суйбос болдум менминсеп асман сезип оздорун мейли мен убактымды аларга кетирип журбос болдум басынтып суйлогонго бар жогум бербес болдум кайдагы сезим учун озумду эзбес болдум 💔
Саптарым жетпес балким дарегине Сансыз ой саналардын кереги не Сезимде туболуко калуу учун Сени мен катып алгам карегиме Сени менен оо баягы кундорумо Сыгылып ичтен суйууп жургонумдо Суйууну сыя кылып кирпик менен Суротун тартып алгам журогумо💔
Улутуна ичке катып суйуумду Уйкум качып нечен тунум бузулду Унутуга кыйын болгон чынында Убакыт келди сени эстебейм суйунчу💔
Куного толгон журогум ыйлап Кыйналып барам кечирчи Аллах Омурду берип сынадын бизди Сыного сынсам кечирчи Аллах😥
КЕЧИРГИЛЕ Кечир апа жүрөгүңдү оорутсам, Мага деген үмүтүңдү соолутсам. Кечир апа капа кылып, байкабай, Жарык жүзүң кайгыларга тоорутсам. Кечир ата чачтарыңды агарттым, Жолдоруңа кыйынчылык жараттым. Кечир ата акылыңды укпастан, Кээ күндөрдү тетир басып бараттым. Мен силердин дилиңерди туйбадым, Менменсинип далай ирет кыйнадым. Көздөрүмдөн нымдалышып жаш чыгып, Катааларым үчүн бүгүн ыйладым. Кечиргиле мен силерди кыйнадым.
Макул болуп аргасыз башын ийип, Мааниси жок жашоосун сыйлаган мен. Мерез тагдыр сыноосун көтөрө албай, Муңга батып түндөсү ыйлаган мен. Эмне десе баарына чыдай билип, Эрки күчтүү тайманбас сезилген мен. Эстен танып кээ күнү күйүтүнөн, Эч ким жокто жаш төгүп эзилген мен. Наалыса да абийрин бийик көрүп, Намыс үчүн өмүрүн короткон мен. Нөшөрлөгөн жамгырда калып кетип, Нечен ирет бакытын жоготкон мен.
Показать ещё