Бүгүн майрам, желек колдо көтөрүп,
Уктабастан качан майрам болот деп.
Районго барчы элек жакшы күн,
Форма, фартук кийип шаттанып.
Ушу күндү кандай гана тосчу элек,
Уктабастан парад күнүң белгилеп.
Кайда автобус дарылатып баарыбыз,
Портобойго шайыр- шаңдуу түшчү элек.
Аппак бантик чачыбызга тагылып,
Азыр турам ошол күндү сагынып.
Аттиң бир күн жарк деп койсо эмине,
Балалыктан бүгүн элес жаңырып.
Ушул кезде жетип район багына,
Катар чуркап жетишебиз элек тогузга.
Ошол күндөр бир керемет турбайбы,
Турат көзгө колун булгап алыста.
Куттуу болсун 1-МАЙ салтанат,
Ал күндөрдү бүгүн эстеп коёлу.
Бизде калган пионердик жакшы күн,
Азыркыга айтсак бүтпөс жомогу.
Асман ачык карап күндү турамын,
Барабанд