Бир күнү падыша желдеттери менен аң уулоого чыгат. Падышанын минген аты ашкере күлүк болгондуктан калың токойдо алыска кетип арттагы колунан адашып калат. Желдеттер жан алы калбай падышасын издеп жүрөт экен…
Бир кезде желдеттердин бири жол боюнда олтурган азиз акылманды көрө салып падыша жайын сурайт.
“Жо-ок тууган, жаныман жан адам өткөнү жок”-дейт акылман.
Көп өтпөй жүз башы келет да падышаны көрдүңбү дейт. Эч кимди көрбөгөнүн айтат акылман. Андан соң миң башы келет да дагы сурайт: “Падышабыз адашты, билдиңизби?” дейт. “Билгеним жок” дейт акылман. Эч ким таппайт.
Акыры падыша өзү акылманга кабылат да жанына келип: “Оо нур төгүлгөн сырдуу адам, кайыптан бүтүп келгенсип чер токойдо олтурупсуз, сиз кимсиз?”-деп тизесине колун коет.
Анда азиз адам жүзүн өйдө көтөрүп: “Улугум, калың колдон адашып жүргөн экенсиз… Эмеле бир жоокер, андан соң жүз башы, андан кийин миң башыңыз сизди издеп сурап кетти”-деп жооп берет акылман.
“Жакшы адам, көзүңүз көрбөй туруп алардын ким экенин анан да менин ким экенимди кайдан билдиңиз?”-дейт падыша.
Анда акылман: “Эң биринчи келген адам – Эй сокур, бирөө жарым ушул жерден өттүбү?!” -деп бурк этти. Ии мунусу катардагы желдет экен дедим.
Кийинкиси адеп алик алып бирок абыдан өктөм сурады. Ии демек мунусу жүз башы экен дедим.
Үчүнчүсү аттан түшүп урмат менен сурады. Бул демек миң башы дедим.
Ал эми өзүңүздү азиз болсом да тиземе келип, жүрөгүмдү элбирете жылуу сөз айтып турганыңыздан падышанын өзү экен деп болжодум дейт азиз акылман.
Адам жашоого неге келгенин, тирүү басып жүргөнү үчүн кимге жана эмнеге ыраазы же нааразы экенин, турмушта орду кайда экенин, дегеле өзүнүн ким экенин адаты менен, аракет кыймылы менен, сүйлөгөнү менен же үнсүздүгү, жымжырттыгы менен сыртка чыгарып, билгизип турат экен.
Көк дептер;
Жеңишбек Эдигеев
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 10