Биз бала кезде эң чоң эки майрам бар эле. 1-МАЙ жакындаганда элдин баары үйлөрүнүн ичи-тышын актап, короо-жайын ирээттеп, огороддорун тырмап, өзүнчө эле бир нерседен кечигип калчудай, жанталашып айыл кадимкидей жанданып калчу, анан майрам күнү чоңураактарга 1 сом, кичирээктерге 50 тыйын, 20 тыйын карматышчу. Эртелеп эле улуурактары кичүү бөбөктөрүн жетелеп айылдын ортосундагы клуб жакка барып келчүбүз, ал ортодо айылдын башында бир, аягында бир дүкөн бар эле, ага киребиз. Дүкөндө чаң басып өтпөй турган вафли, томпок печений, алчанын компоту, килки дегендер ушул күнү "багы" ачылчу. Классташтар бөбөктөрүбүздү ээрчитип бири-бирибиздин үйлөрүбүзгө кирип чай ичип, майрамдап анан кечкурун үйгө келчүбүз. Ушу бүгүн ойлоп отурам, азыркы 50-70 жаштагылардын балалыктары эң эле бактылуу учурда өтүптүр. Көчөдө чогулуп, көк чөптү тытып "чакмак" ойночубуз, улуу-кичүү аралашып качма топ, чикит, чочко топ , "мак" деги койчу толгон-токой оюндар бар эле, азыр, шаардагы балдар буларды билбей калды дейин десем, айылда деле ошол экен. Балдар телевизор, телефон тиктеп отурушат, сүйлөсөң мага сүйлөп атабы дегенсип дендароо карап калышат, өтө өкүнүчтүү, кошунанын, же туугандардын өзүң курактуу балдар-кыздары келип жүрүшөбү деп сурасаң, аларды тургай азыр жашап аткандарды да таанышпайт. Кайран гана балалык, шатыра-шатман түшүп улуу-кичүү майрамдаган кайран гана 1-МАЙ деп ойго батып отурам. Илгеркилер, менин замандаштарым баарыңарды биздин бактылуу балалыкты эске салган майрамыңар менен куттуктайм.
Дариха Мамбетова.
#1май_элдик
Комментарии 7