КӨҢҮЛ КАЛУУ. Ангеме.1.Башы. Ар бир жарык дүйнөгө келген адамга, жашоого бир гана жолу өмүр берилет эмеспи. Ал өмүр кайталангыс болуп, кайра кайтып келбейт, анткени ал жашоодогу жалгыз энчиң. Анын баркын сезип, жыргалын таатып, бакубат жашап өтүш керек, жакшы турмуш менен жашоо үчүн, ар сайын күрөшүү да керек. “Алма быш- оозума түш!” деген тилек, дегеле өмүрүңдө аткарылбайт, жомокто да баяндалбайт. Турмуш өзү өйдөөсү-ылдыйы, ыссыгы-суугу менен коштолот. Адамдын жашоосу ошондуктан оомаал-төкмаал жүрөт-дейбиз...Учурда күтүүсүз турмуштук бир өкүнүчтүү окуяга кабылып, ичим ызага толуп, ыссык буусу бышылдап, кайнап турган чагы...Бул окуяны кагаз бетине түшүрүп, сиздер менен бөлүшүп, ал
КӨҢҮЛ КАЛУУ.Ангеме 2.Аягы Аларга жоолугуп калганыма,кубанычым койнума батпай, сүйүнүп алыпмын, кучакташып калдык.Дзержинский булварында Сөң- Көл деген ,жаштар көп баруучу белгилүү ресторан иштечү.Ал Ала-Тоо кинотеатрынын маңдайында эле.Ошол жайга кирип,үчүнчү этажындагы,үстү ачык кафесине жайланыштык.Бир бөтөлкө шампанский,мороженьелерди алдык.Чогуу жүргөн студенттик күндөрүбүздү эстешип,бир топ божурашып сагынычты таратып отурдук.Майрамкүл баягыдай эле сүйкүмдүү,дагы чырайына толгон, мурункудан ажарлуу көрүнөт.Өспүрүм жашыбыздагы ошол студенттик өмүрүбүздү эсибизден кайра татканып,учурдагы бири- бирибиздин турмушубуз тууралуу эч бир кызыкпапбыз… Бир маал өткөндө эле Шаршенбек туурадан чыгы
Алтын сөйкө.ангеме.2.аягы + Үйдөн келген каражаттан үнөмдөп отуруп: “8-март майрамына тууралап, Асылга сөйкө тагып, ал ойдон түгөл арылайын,болуп?”.Тезинен белек даярдамай болдум. Каражатты жолдон үнөмдөп; жаңы жылда да, биринчи сессиядан кийинки каникулда да, айылга барбай турдум. Чогулткан каражатым алтын сөйкөгө жетпейт эле, бирок күмүш сөйкөгө жетмей чогулду. Салондордон тандап, сатып алып, эми Асылга жолугуу үчүн, 8-март майрамына тууралап, айылга жөнөдүм. Асылды аябай сагыныптырмын, бараткан жол узарып кеткенсип, түгөнбөчүдой сезилет... Жолугуп, кусалыгыбыз, сагынчыбыз тарап, анан бир аз айбыгып жатып, -Асыл! 8-март майрамың менен куттуктайм! Бул менин кичинекей сага арнаган белегим
  • Класс
Алтын сөйкө. Ангеме.1. + «Жеңиш» паркынын стадионунда, райондук мектептер аралык спорт оюндары жүрүп жаткан. Түрдүү спорт кийимчен жаштар толуп жүрүшөт. Биздин мектептин кыздар курама командасынын волейбол оюнуна күйөрман болуп барып, арасынан аны “байкап” калдым... Бою бийик, ичке созулган денелүү, ак жумал, жүзүнөн муңайым жылмаю кетпеген, суйкайган жаркын кызды учуратып, сезимим эбегейсиз козголуп, жүрөгүм туйлап кирди. “Буга чейин бул кызды кантип байкабай жүрдүм десең? Аты ким болду экен? Кайсы класстан окуйт?... Сүйлөшкөн жигити жок болсо экен? Эми кантип таанышам? Көңүлүм тынбай тысылдайт?” Жалгыз анын көз карашын эрчийм, карегин учуратууну самайм!
Показать ещё