Күндөрдүн биринде Фарват ибну Науфал, радыяллаху анху, пайгамбарга ﷺ келип: «Оо, Аллахтын элчиси! Мага бир нерсе үйрөтүңүз, мен аны жатарда окуп жатайын» – деп сураганда, ал айтты: *«Кул йаа айюхал каафируун…» деген (сүрөнү) оку. Чындыгында ал (сага) ширктен коргоо болот».* (Тирмизи, 3403)
*ХАДИСКЕ ТҮШҮНДҮРМӨ*
Пайгамбарыбыздын ﷺ сахабалары бул дүйнөдө да, акыретте да аларга пайда бере турган маселерди дайыма андан сурашкан. Бул хадисте да сахабалардын бири Фарват ибну Науфал да пайгамбарыбызга ﷺ келип, анын акыретине пайда бере тургандай нерсени үйрөт деп сураганда, пайгамбарыбыз ﷺ ага жатардан алдын «Каафируун» сүрөсүн окуп жат деп насаат кылды. Анткени ким жатардан алдын бул сүрөнү окуп жатса, анда ал аны ширктен коргойт. Себеби бул сүрөдө мушриктер сыйынган жалган кудайларын ачык түрдө жокко чыгарган жана Аллахка гана сыйынуу парз экендиги тууралуу айтылган. Андыктан ким бул сүрөнү жатканда окуй турган болсо, анда Аллах аны диндеги эң чоң күнөө болгон ширктен коргойт.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев