(1- бөлүм)
✍Умар Абдиламит уулу
1⃣ЖАҢЫРГАН АЙДЫ КӨРГӨНДӨ ДУБАСЫН АЙТУУ
Ибну Умар, радыяллаху анху, айтты: «Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, жаңырган айды көргөндө мындай деп дуба кылат эле: «АЛЛАХУ АКБАР, АЛЛАХУММА АХИЛЛАХУ АЛАЙНА БИЛ-АМНИ
УАЛ-ИЙМАНИ
УАССАЛААМИ
УАЛ ИСЛААМИ
УАТТАУФИИКИ ЛИМАА ЮХИББУ РОББУНА
УА ЯРДОО РОББУНА
УА РОББУКА АЛЛАХ». (Аддарими, 1687)
2⃣ ЧЫН ЫКЛАС МЕНЕН ОРОЗО КАРМОО
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллалаху алейхи уа саллам, мындай деп айтты: «Кимде-ким Рамазан айында (орозонун парз экенине) ыйман келтирип жана сообун үмүт кылып орозо кармаса, анда анын өткөн күнөөлөрү кечирилет». (Бухари, 28)
3⃣ ПАРЗ ОРОЗО КАРМОО ҮЧҮН ТҮНҮ НИЕТ КЫЛУУ
Хафса, радыяллаху анха, айтты: «Кимде-ким таң атаардан алдын (парз орозо кармоого) ниет кылбаса орозосу кабыл болбойт». (Насаи)
4⃣ РАМАЗАН АЙЫНДА САДАКА БЕРҮҮНҮ КӨБӨЙТҮҮ
Ибну Аббас, радыяллаху анху, айтты: «Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, адамдардын эң берешени болгон. Рамазан айында Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга, Жебреил периште түшкөн кезде берешендиги дагы да күчөгөн. Жебреил периште Рамазан айында ар бир түнү Пайгамбарыбызга түшүп Куранды үйрөтөт эле. Себеби Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, жакшылык кылууда катуулап соккон жел сыяктуу өтө берешен болчу». (Бухари, 1902)
5⃣ОРОЗО КАРМАГАН АДАМ СӨГҮШ УКСА «МЕН ОРОЗОМУН» ДЕП АЙТСЫН
Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айтты: «Аллах айтты: «Орозодон башка бардык адам баласынын иш-аракеттери өзү үчүн болот. Ал эми анын орозосу Мен үчүн. Анын сообун Мен гана беремин. Орозо бул – (күнөөдөн тосуучу) калкан. Силердин бириңер орозо кармаган күнү жаман сөз сүйлөбөсүн жана үнүн көтөрбөсүн! Эгерде кимдир бирөө аны тилдесе же урушса «мен орозомун» деп айтсын. Мухаммаддын жаны Анын колунда болгон Затка ант болсун! Орозо кармаган адамдын оозунан чыккан жыт Аллахтын алдында атырдын жытынан да жыттуу. Орозо кармаган адам эки кубаныч менен кубанат. Ооз ачканда кубанат жана Раббисине жолукуканда кармаган орозосу үчүн кубанат». (Бухари, 1975)
▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁
☑ ИсламОнлайнKG
➥ Facebook.com/islamonlinekg ➥ Instagram.com/islamonlinekg ➥ Ok.ru/islamonlinekgz ➥ t.me/islamonlinekg 🔘 WhatsApp группасына катталуу: https://chat.whatsapp.com/Knp6mLj0K4sGLK6Mb27Hm4 ▶ YouTube каналына катталуу: https://www.youtube.com/channel/UC3VltXW530pYZEXXNN1P3Kw/featured
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1