✍🏼 Эрланбек Кушчубек уулу
Мына кечээ эле башталган Рамазан көз ачып жумгуча өтүп кетти. Бул айдын жакшылыктарын пайдаланган адам пайдаланып калды, ал эми пайдалана албаганы көптөгөн жакшылыктардан куру калды. Рамазан башталгандан баштап жан дили менен ибадат кылып, бирок Рамазан бүтөрү менен ибадатты токтоткон адам – Рамазанды татыктуу тоскон адамдардан эмес. Бишр ибну Хаафиге бир адам келип: «Баланча адамдар Рамазанда эле ибадат кылышат»,– деп айтканда, ал мындай деп айтты: «Аллахтын алдындагы милдеттерин Рамазанда эле билген адамдар – эң начар адамдар. Чындыгында, такыба адам жыл бою ибадат кылууга жанталашат».
Күн санап күткөн Ыйык Рамазан да бүттү. Эми кайрадан сыноо күндөрү башталды. Ким Рамазанды талаптагыдай өткөргөн болсо, анда ал адам келерки Рамазанга чейинки убакытты да Рамазандагыдай же андан дагы жакшы деңгээлде өткөрүүгө умтулат. Ушуга чейин кылып келген ибадаттарын үзбөйт, ички дүйнөсүн тазалайт, жашоосун оңдойт, бир сөз менен айтсак, анын динге болгон бекемдиги күн өткөн сайын күч ала баштайт. Ал эми ким талаптагыдай өткөрбөсө, анда ал Рамазан бүтөрү менен мурунку кейпине кайта баштайт. Күнөөнү да таштабайт, бузукулуктан да кайтпайт.
Рамазан айы бүтүп Шаввал айы да келди. Бул айда да ыймандуулар үчүн Аллахка жакындоого жана көптөгөн соопторго жетүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Ошолордун бири туурасында Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айткан:
«Кимде-ким Рамазан айында орозо кармаса жана ага улап Шаввал айында да алты күн орозо тутса, анда ал бир жыл орозо туткандын сообун алат». (Сахих Муслим)
Имам Навави, рахимахуллах, хадисти мындайча шархтаган:
«Чындыгында, бул (орозонун) бир жылга барабар болушунун себеби – ар бир жакшылыкка он эсе сооп берилет. Ошого ылайык Рамазан айы да он айга барабар болот. Ал эми Шаввалдын алты күнү – эки айга (б.а алтымыш күнгө) барабар болот». (“Шарх Сахих Муслим”)
Ал эми башка хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Рамазан орозосу он айга барабар, ал эми андан кийинки (Шаввалдын) алты күндүк орозосу эки айга барабар. Баарысы (биригип) бир жылдык орозосун сообундай болот». (“Сахих аль-Жаамиъ”)
Рамазандан кийинки Шаввал айында алты күн орозо тутуу – бул пенденин Раббисине келтирген шүгүрү сыяктуу. Анткени Аллах Таала ага Рамазан орозосун толук тутууга шарт түзүп жана көп жакшылыктарга жетүүсүнө мүмкүнчүлүк берди.
Ибну Ражаб, рахимахуллах, Шаввал айынын пазилеттери туурасында мындай деп айткан:
«Биринчиден, Рамазан орозосун туткандан кийин Шаввал айында да алты күн орозо тутуу – бир жыл толук орозо туткандын сообуна барабар.
Экинчиден, Шаввал айы менен Шаабан айындагы орозолор – парз намаздардын алдынан же артынан окулуучу сүннөт намаздар сыяктуу. Парз намазда катачылык же кемчилик кетсе, анда ал ушул намаздар менен толукталат. Чындыгында, Кыямат Күнү парз намаздар сүннөт намаздар менен толукталат. Бул туурасында Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдан, ар түрдүү далилдер келген. Ошол сыяктуу эле көпчүлүк адамдар да Рамазанда туткан орозолорунда катачылык жана кемчиликтерди кетиришет жана алар да (Кыяматта) толуктоого муктаж болот.
Үчүнчүдөн, Рамазан орозосунан кийин да орозо кармоону адат кылуу – Рамазан орозосунун кабыл болгондугунун белгиси. Чындыгында, Аллах Таала пендесинин кылган ибадатын кабыл кылса, анда ага андан кийин да жакшылыктарды кылууга ийгилик берет. Кээ бир аалымдар айтышкан: «Жакшылыктын сообу – андан кийинки кылынган жакшылыктан билинет. Кимде-ким жакшылык кылса жана андан кийин да башка жакшылыктарды кылса, анда бул анын биринчи кылган жакшылыгынын кабыл болгондугунун белгиси. Ошол сыяктуу эле кимде-ким жакшылык кылып, бирок анын артынан күнөө кылса, анда бул анын кылган жакшылыгынын кабыл болбогондугунан кабар берет».
Төртүнчүдөн, Рамазан орозосу хадисте айтылгандай адамдын өткөн күнөөлөрүнүн кечирилишине себеп болот. Рамазанда орозо туткандар сооп-сыйлыктарын Орозо Айт күнү толугу менен алышат, бул күн сооп-сыйлык күнү. Мына ошол себептен Орозо Айттан кийин орозо тутууну адат кылуу – берилген сооп-сыйлыктарга шүгүр кылууга жатат. Ал эми өткөн күнөөлөрдүн кечирилиши – жакшылыктардын эң улуусу. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, түндөсү намазда көп турганы себептүү буттары шишип кетчү. Күндөрдүн биринде Аиша энебиз андан “Оо, Аллахтын Элчиси! Аллах Таала сиздин өткөн жана келерки бардык күнөөлөрүңүздү кечирди го, эмне үчүн мындай кыласыз?” деп айтканда, ал айтты: “Мен да Аллахтын көп шүгүр кылган пенделеринен болууну кааласам болбойбу?” (Сахих Бухари)
Аллах Таала пенделерине Рамазан орозосун тутууга мүмкүнчүлүк түзгөнү үчүн аларды шүгүр кылууга буйруган. Мисалы, Аллахты зикир кылууга ж.б зикирдин түрлөрүн аткарууга буюруп мындай деп айтты: «Ал силерди белгилүү сандагы күндөрдү (орозону) аягына чейин толуктооңорду жана силерди Туура жолго салганы үчүн Аллахты улуктооңорду каалайт. Балким, шүгүр кылаарсыңар». (Бакара сүрөөсү, 185-аят)
Пенденин Рамазандан кийин Аллахка шүгүр кылып туткан орозосу – жалпысынан Аллахтын ага Рамазан орозосун тутууга ийгилик, жардам бергени үчүн жана күнөөлөрүн кечиргени үчүн Раббисине шүгүр кылганына кирет. Алгачкы улуу муундун кээ бир аалымдары ушундай кылышкан, эгерде Аллах Таала ага түнкү намазды окууга ийгилик берсе, анда ал күндүзү орозо туткан жана ал орозосун Аллах аны түнкү намазга турууга ийгилик бергени үчүн Ага шүгүр кылуу максатында туткан.
Эгерде кимдир бирөө Вухайб ибну Вардтан кылынган ибадаттын (мис., тавафтын ж.б) сообу туурасында сурап калса, ал мындай деп айтчу: “Анын сообун сурап не кыласыңар, андан көрө ошол ибадатты кылууга ийгилик жана жардам берген Аллахка кантип шүгүр кылуунун жолун сурагыла”.
Бешинчиден, адамдын Рамазанда кылган ибадаттары Рамазандын бүтүшү менен эле токтоп калбайт. Ал ибадаттарды адам тирүү кезинде дайым кылса болот». (“Латоифуль Маъариф”)
▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁
☑ ИсламОнлайнKG
➥ Facebook.com/islamonlinekg ➥ Instagram.com/islamonlinekg ➥ Ok.ru/islamonlinekgz 🔘 Ватсапка катталуу үчүн:
📲 +996 703 667 418
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 16