Абдурахман ибну Харис өзүнүн атасынан риваят кылган хадисте мындай дейт: «Мен Усман ибну Аффан, радыяллаху анху, мындай деп айтканын уктум:
«Арактан алыс болгула. Анткени ал бардык ыплас иштердин башаты. Чындыгында, силерге чейин бир ибадатчыл киши жашап өткөн. Ал кишини күнөөгө баткан бир аял сүйүп калат. Бир күнү ал аял өзүнүн күңүн ибадатчыл кишиге жиберет. Ал күң кыз келип: «Сизди бир ишке күбөгө өтүп коюңузду өтүнөбүз» – деп чакырат. Ал киши күң кыз менен кошо (аялдын үйүнө) жөнөйт. (Аялдын үйүнө келишкенден кийин) ал киши ар бир эшиктен кирген сайын күң кыз анын аркасынан эшиктерди жаап баштайт. Ошентип бир чырайлуу аял отурган бөлмөгө келишет. Ал аялдын жанында бир кул бала жана бир чоң идиште арак турган болот. Ошондо аял: «Аллах менен касам ичемин! Чындыгында, мен сени күбөгө өтүүң үчүн чакырган жокмун. Мен сени мени менен зына кылууң үчүн же ушул арактан бир чыны ичишиң үчүн же ушул баланы өлтүрүшүң үчүн чакырдым» – деп айтат. (Башка жол менен кутула албасын билип) ал киши: «Мага ушул арактан бир чыны куюп бер» – деп айтат. Аял макул болуп кишиге бир чыны арак берет. Ал киши бир аздан кийин: «Дагы куйгула» – деп сурайт. Ошентип ал киши аракты иче берип, аягында баягы аял менен да зына кылат, кул баланы да өлтүрөт.
Ошондуктан арактан алыс болгула. Аллах менен касам ичемин! Чындыгында, ыймандуулук менен аракка берилүү (адамдын жүрөгүндө) бирге боло албайт. Же ыймандуулук аракка болгон берилүүнү (жүрөктөн) чыгарат же аракка болгон берилүү (жүрөктөн) ыймандуулукту чагарат». (Насаи)
Имам Табарани «аль-Аусат» китебинде риваят кылат. Абдуллах ибну Умар, радыяллаху анху, айтат: «Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, дүйнөдөн өтүп кеткенден кийин, бир күнү Абу Бакр ас-Сыддык, Умар ибну аль-Хаттаб жана Аллахтын Элчисинин сахабаларынан кээ бир адамдар отурушуп, эң чоң күнөө жөнүндө сүйлөшүштү. Алар ал маселеде бир сөзгө келе алышпай мени Абдуллах ибну Амр ибну аль-Аас, радыяллаху анхуга, барып ошол маселе туурасында сурап келүүм үчүн жиберишти. Ал мага эң чоң күнөө арак ичүү экенин билдирди. Мен аларга келип Абдуллах ибну Амр айтканды айтып бердим. Алар анын айтканына ишенбей баары тең ага барышат. Ошондо ал Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айткандыгы туурасында кабар берди:
«Бану Исраил коомунан болгон бир падыша бир кишини арак ичүү же бир баланы өлтүрүү же зына кылуу же чочконун этин жегендин арасынан бирөөнү тандоого мажбурлайт. А эгер баш тартса, өлтүрүүсүн айтат.
Ал киши арак ичүүнү тандайт. Ал киши арак ичкенден кийин өзүнө ээлик кыла албай андан падыша талап кылган нерселердин баарын тең аткарат».
Ошондо Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, бизге мындай деп айтты: «Ким гана аракты ичпесин, анын намазы кырк түн кабыл болбойт. Жана табарсыгында арактан бир нерсе калган абалда өлүп кала турган болсо, анда ага бейиш арам болот. Ал эми кырк түн ичинде өлүп калса, анда жахилият өлүмү менен өлгөн болот». (Табарани «аль-Аусат», 1/116)
🔴 ХАДИСТЕН АЛЫНГАН ПАЙДАЛАР
1. Арактын күнөөсүн баяндоо. Жана аны ичкенден кийин артынан кандай күнөөлөр ээрчип кетишин баяндоо.
2. Бузуку адамдардын түз жолдо жүргөн адамдарды адаштырууга жана ыплас иштерге, күнөөлөргө түртүүгө болгон аракетин кылышат.
3. Мусулман адам бузуку адамдардын тузагына түшүп калуудан дайыма этият болушу керек.
4. Мусулман адам окуяда болгон сыяктуу абалдарда Раббисинен жардам тилеп, кандай болсо да кутулууга аракет кылышы керек. Жада калса, өлүм алдында турса да кутулуусу керек. Бул сыяктуу абалда мусулман адам үчүн өлүм артыгыраак.
5. Бану Исраил коомуна да арак, зына, чочконун эти арам болгон.
✍🏼 Касиет Кенжебек уулу
▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁
☑ ИсламОнлайнKG
➥ Facebook.com/islamonlinekg ➥ Instagram.com/islamonlinekg ➥ Ok.ru/islamonlinekgz ➥ t.me/islamonlinekg 🔘 WhatsApp группасына катталуу:
📲 https://api.whatsapp.com/send?phone=996703667418 ▶ YouTube каналына катталуу: https://www.youtube.com/channel/UCCX84TvZuq9fyP7Rq5RKBkA
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5