- Агай, жашооңузда эң бактылуу учуруңуз качан болгон?
Ратан Тата мындай деп жооп берди:
Мен жашоомдо бактылуулуктун төрт баскычын басып өтүп, акыры чыныгы бакыттын маанисин түшүндүм.
Биринчи кадам байлыкты жана ресурстарды топтоо болду.
Бирок ошол учурда мен каалаган бакытка жете алган жокмун.
Андан кийин баалуу жана зер буюмдарды топтоонун экинчи этабы келди.
Бирок мунун да таасири убактылуу экенин, зер буюмдардын жаркырап турганы көпкө созулбасын түшүндүм.
Андан кийин чоң долбоорлорду ишке ашыруучу үчүнчү этап келди.
Индия менен Африкадагы мунай запастарынын 95% менде болчу. Мен Индиядагы жана Азиядагы эң ири темир заводуна да ээ болчумун.
Бирок бул жерде да мен ойлогон бакытка жеткен жокмун.
Төртүнчү кадам, бир досум майып балдарга кайрымдуулук үчүн коляска сатып берүүмдү суранганда келди.
200гө жакын бала. Досумдун сунушу менен мен дароо коляскаларды сатып бердим. Бирок ал досум мени кошо баруумду жана ал балдарга коляскаларды өз колум менен тапшыруумду суранды. Даярданып, жолго чыкты.
Ал жактан балдарга өз колум менен коляскаларды тапшырып жаттым. Ошол учурда балдардын жүзүнөн кызыктай бир башкача бакыттын шооласын байкадым. Алардын баары коляскаларды ары-бери айдап, өтө кубанычта, бактылуу ойноп жатышканын көрдүм.
Алар бир пикникке келип, жеңип алган байгесин бөлүшүп, майрамдап жатышкандай көрүндү.
Ошол учурда мен өзүмдү мурда болуп көрбөгөндөй бактылуу сездим.
Бир аздан соң ал иш-чарадан кетейин дегенимде, балдардын бири келип буттарымдан кучактап алды.
Бутумду акырын чыгарайын дедим, бирок ал бала бетиме карап ого бетер кыса кучактады. Мен эңкейип баладан сурадым, “сага башка дагы бир нерсе керекпи?”
Ошол учурдагы бул баланын сөздөрү мени таң гана калтырбастан, бүтүндөй жашоого болгон көз карашымды толугу менен өзгөрттү.
Ал бала мага карап мындай деген эле:
"Мен сиздин жүзүңүздү жакшылап эстеп калгым келет. Кийин мен сизди Бейиште көргөнүмдө таанып, сизге дагы бир жолу ыраазычылык билдирем....!!!"
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 40