Эми билдим алоолонгон сүйүүнүн,
Чынын эмес ушунчалык жалганын.
Сезимиме бүлүк салган экенсиң,
Сүйүүм эмес, болуптурсуң арманым.
Эң сонунун өткөрүппүз түндөрдүн,
Эчен эчен кыялдарга батыпбыз.
Чалкып жаткан махабаттын көлүнүн,
Толкунунда кол кармашып агыппыз.
Бак ичинде дарактарга жөлөнүп,
Сырдашчуубуз эч түгөнбөй сөзүбүз.
Сүйүү оту алоолонуп жалындап,
Тураар эле тиктешкенде көзүбүз.
Алды жактан кадимкидей элестеп,
Көрүнчү эле келечекте жолубуз.
Ошол жолдо бараткандай сезилчү,
Бирге басып кармашканда колубуз.
Элестетип алдын ала турмушту,
Канчалаган кыялдарга баткамын.
Сүйөмүн деп айтпасамда батынып,
Угузбастан далай ирет айткамын.
Билипмин ошол кезде махабаттын,
Тамшанткан кереметтүү бал экенин,
Ашыктыктын деми менен ойлобопмун,
Өкүнтөр уусу дагы бар экенин.
Бүт аалам аңтарылып кеткенсиди,
Укканда кошкун деген кабарыңды.
Көзүмдөн жашым агып ыйлай бердим,
Узатып менден кеткен карааныңды.
Алсыздык кылдым окшойт махабатка,
Токтотуп эмнегедир сурай албай.
Ойлонуп, унчукпастан тура бердим,
Бараткан багытымды улай албай.
Мейли эми. Кетебердиң кайрылбадың,
Сездим бирок акырын ыйладыңда.
Өтүмсүз экениме сыздап турдум,
Баш ийип махабаттын мыйзамына.
Тилеймин ар убакта бакытыңды,
Тагдырдын каршылыгы болбосо дейм.
Түбөлүк сүйгөн жарың капалантып,
Арманга салып сени койбосо дейм.
Буулугам, кээде болсо ызаланып,
Чөгөмүн, тумчугуп мен арманыма.
Өмүрдө өмүрлөшүм болбой калып,
Башканын жары болуп калганыңа.
Чын болсо махабаттын алоолонгон,
Отуна азыр деле күйөөрүмдү.
Билгениңде абдан сонун болоор эле.
Азыр да унутпастан сүйөөрүмдү.
Өзүңсүң жүрөгүмө бекем катып,
Эч кимге айтылбаган сырым болуп.
Түбөлүк унутулбай кала бердиң,
Окулбаган жазылбаган ырым болуп,
Эч кимге окутпаган ырым болуп.
Автор:Жыргалбек Усенов. Алай. Гүлчө.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4