================================
Мен кырк жаштагы кызмын. Өзүм кыз болгонум менен сырткы кебетем окшошпойт. Кантип окшошсун “кырк жаштагы кыз”. Ата-энемин кимдер экенин билбейм, мени кайсы эркек туудуруп, кайсы аял төрөтканага таштап кеткен? Балдар үйүндө чоңойгомун. Бир жакшы тарбиячы эже бар эле, жанын койбой жабышып сурап билип алганмын. Ал айткан башка балдарды төрөтканадан алып келишсе мени көчөдөн таап келишиптир.
Ата-эне мээримин дегдеп самасам дагы, мени эч ким асырап албады. Шеригибизди бирөөлөр бала кылып алууга ээрчитип баратканда артынан телмире тиктеп ыйлагым келип, мени да бирөөлөр келип жүрөгөй кызым, сага апа болом деп айтса деп тилечүмүн. Бирок келгендер мага көңүл бөлүшчү эмес. Эмнеге экенин балалык менен элес алган эмесмин, көрсө өтө эле куник экенмин. Ошол чырайсыздыгыман мени асырап алышпаптыр. Ким куник кыздуу болгусу келсин. Азыр деле ошондоймун.
Өзүм сары, чачым сары, шиш ээк, кууш чеке, бучук мурун, тырмап тешкенсиген жылчыйган көздөрүм мышыктын көзүнүн түсүнө окшоп сезим билдирбей карайт. Балдар менен урушуп калганда “мышык көз” дешкенде, алардын сазайын берчүмүн. Баса калып жулмалап, уруп таштап экинчи айткыс болушчу. Кодоо боюм, ийри анан кыска буттарым, улам бой тарткан сайын эриним үстүндө саргайыңкы түкчө коюу тартып пайда боло, мурут кебетеленип көргөндүн көңүлүн жипкиртип ийсе керек.
Балдар үйүнөн мектепти бүткөндөн кийин мени аяган жакшы тарбиячы эже Оштогу жатаканасы бар ишканалардын бирине ишке орноштуруп, ал жерде иштеп калдым. Барар жерим, издеп алаар эч кимим болбогондуктан өзүм чоңойгон балдар үйүнөн кеткенден кийин деле ылым санап тарбиячыларыма барып жүрдүм. Алардан башка жакын санаарым болбосо, кайда бармак элем. Улам жыл өткөн сайын алар дагы улгайып пенсияга кетип, ордуна жаңылары келип, алар мени билишпегендиктен балдар үйүнө да аз барып калдым.
Ата-эне тарбиясы менен балдар үйүндөгү тарбия асман менен жердей экен. Жатаканада жашаган жаңы тааныш кыздар, цехте бирге иштегендер адегенде эле кимсиң, каерденсиң, ата-энең кайда иштейт, канча бир туугансың дешип териштирип киришет. Алгач маанисине жетпей балдар үйүнөн келгенмин деп айта берипмин. Кийин мамилелери башкача боло баштаганда айтканыма өкүндүм. Сурашпаса экен деп четтей берип корунганыман сырдаш курбу күтө албадым.
Балдар үйүндө билчү эмесмин: мендейлерди биздин кыргыздар “арам”, “нокотек” дешип коомчулук жакшы кабыл алышпайт экен. Ушул сөздөн басынып эч кимге кошула албай, куниктигимен мамиле жасагысы келишпей корунчаак, түнт бойдон кала бердим. Эркек болсом балким жеңил болот беле, кыз үчүн мындай сөздү угуу жеткен азап экен. Учтуу шишти атайлап кызытып дал жал жүрөккө малып таштагандай сезимде болом. Башкалар капа болгондо ыйлап же бирөөлөргө бугун айтып жазылат экен. Мен байкуш Бати жарылбас жарамын, мелтейип эле ичтен эзиле берем, өзүмдөн башка эч ким болбосо кимге айтып жеңилдеймин. Ачуум келсе бирөөлөр күнөөлүү кейптенип корс пейил тартып барам.
Ишканада жүргөн жылдарымда жакшы иштеп, айлыкты көп алып, акчаны кеңири кармап кассага топтой баштадым. Кымбат кийимге жетинбеген жаным бар күчүмдү кийимге чыгардым. Мындан башка неге жумшайт элем. Ошо кымбат кийимдер кодоо боюма жарашпасын, “кодошкина” деп мазакташарын билгенде муңаяр элем. Канчалык жакшы кийинип түз жүрсөм дагы жигит көзүнө илинбей койдум. Көрсө мендей куниктен жигиттер да четтеп өтүп, кодоо боюма, жылчыйган көзүмө таң калышат тура.
Станок арасында сегиз саат чуркап жүрүп иштегенден чарчап, жатаканага келгенде моокум канганча уктап, бир түрдүү окшош күндөр өтүп, отуздан өткөнчө жатаканада жашап келем. Бирге жашаган кыздар биринин артынан бири күйөөгө кетип, ордуна жаңы кыздар келип, менин жашым жогорулап өмүр өтө берди. Кичинемде мени бирөөлөр бала кылып багып алуусун тилеген дегдөөм кыялымда кала бергендей… эркекке жар, балага эне болуу бактысын дагы тагдыр мага буйрубады. Жанымдагы кыздарга жигиттер келип киного, көчөгө кетишет.
Түн бир оокумда бактылуу шарактап келишет. Аз өтпөй күйөөгө чыгып, анан балалуу болушат. А мен Бати бечара түнү уйку келбей чакчайып кудайдан тилейм. Келсинчи мага ошол күйөө болуучу жигит. Белгисиз ошол эркекти күтүп отуз бешке чыгып калдым. Сүйүү күтүп, эркек кучагын эңсеп, бала жытын сагынып арманда келем. Ошол белгисиз эркек жарык нур болуп төгүлүп, жарк этип жаныма кубат болуп, өмүрүмү гүлзарга айлантып кечикпей келсең? Сага деген сүйүүм жүрөгүмдө толуп ташып не бир ширин сөзүмдү арнаймын, сага келген балакетке көкүрөгүмдү тосуп сени алаканыма салып аздектейин. Көзүм жумулуп акыркы демим калганча сени сүйүп, сага келген ажалга барып сени сактап калайын.
Азизим сага келген азапты көрүмө ала кетсем ыраазымын. Жарк этип күтүүсүздөн бакыбат кучагыңды жайып келчи, сени зарлап күтөм. Сага алтындай уул, күмүштөй кыз төрөп берем. Ошо балдар кыздар мендей куник болушпайт, сулуу болушат. Сенин колуңа кирген зыраба менин жүрөгүмө кирсин, келчи азизим. Күтүүдөн жүрөгүм бырчаланып кусага толуп чарчап бүттүм. Өз өлөң төшөгүңө, өз очогуңа ээрчитип кетип армандан арылтсаң. Оо арман! Бир жакшы эркек жолукса, экинчи аялы болсом деле мейли, бала төрөп алсам, кытыратып казан жууп, жалаяк кургатып чачылып, мейман күтүп топурасам, балдарым сени ат кылып минип чурулдашса, ишке ашпаган ушундай курук арзууларым менен далай таңды аттырып жаштыгым өттү.
Ээ, ээ жамандын тилегин көр. Куниктигим кара да, сулуу бала төрөгүм келген тилегим кара. Куниктен сулуу бала төрөлөт имиш деп муңаям. Эркек сүйлөбөгөнү үчүн чүнчүйм, курук арзуум менен көктө көкөлөп жүргөн жаным жерге түшүп уйкусу канбаган көзүмдү кызарта эртең менен ишке жөнөйм.
Анан бардык балакет башталды. Акыркы жылдардагы жашоонун такыр башка нукка түшүшү, өлкө системасынын кыйрашы менен коом өзгөрүп кетти. Ишканабыз үч күн иштесе он күн токтоп, айлыктар өз убагында берилбей, бардыгы кымбаттады. Кассага салган акчам, акча алмаштырганда курсу өзгөрүп арзыбаган сумма болуп калды. Жашоонун ит чыдагыс муунтушу биздин ишканага да келип жетти. Кыскартуулар башталды. Жакшы иштегеним менен мени кетиришти. Сен коколой жалгыз башыңды бакпай эмне болупсуң, башкалардын бештен баласы бар дешип, эмгек китемчеми колума карматышты.
Оо шор пешене байкуш Бати! Эми кайда барасың? Кантип жан сактайсың. Кимден жардам сурайсың дедим өзүмө. «Нокотек» деген сөздөн корунуп жүрүп башка иш түшкөндө кеңеш берип кайрат айтаар, зарымды айтып сырдашкан жан күйөрүм болсочу. Эптеп биртке топтогон акчам менен канчага чейин жашаймын? Ал түгөнсө эмне кылам? Шалдырап олтуруп кайра кайраттандым. Мен өзүмө керекмин, бир айласын табайын, мен гана кыйналып жатыпмынбы? Башаламан азыркы чалкеш жашоодо мендейлер толуп кетти го. Ошолордун биримин. Кантип айласын тапсам экен? Коколой жалгыз башымды кантип баксам экен? Акыры казан, челек сатып алдым. Семичке кууруп сата баштадым. О, менин азаптуу ошол күндөрүм! Саткан семичкеге эптеп курсагым тоёт эле. Болор болбос тыйынга канимет эте, эртеңкимен үмүтүм үзүлө, качанкыга чейин ушинтип жашаймын деп сарсанаага батам.
Дагы балээ башталды. Мен жашаган жатаканадагы иштебегендерди кетиришип, баш аламан болуп жатты. Акчалуулар бөлмөлөрдү ээлеп, акчасы жоктор көчөдө калдык. Тагдыр эмнеге өчүштү? Кайсы күнөөм үчүн? Жалгыздык азаптан башка, адамдардын мыскыл карашынан бөлөк не жыргалын көрдүм? Эки сумкадагы көөнөрүп бараткан кийимдерим, семичке кууруган казаным, аны салып саткан челегими көтөрүп соксойуп талаада калдым.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 36