================================
Ош шаарынын көпчүлүктөн баш адашкан базарын аралап, кайда барышымды билбей темселеп келатып машинага урунуп ала жаздадым. Шоопурдун ашата сөккөнүн, көзүңө карабаган кандай немесиң дегени кулак сыртыман кетип коркконуман делдейип тура бердим. Ушундан көрө өлтүрө тебелеп кетсе эмне, бардык азаптан кутулуп калмакмын. Артыман жоктоор эч ким жок мусаапыр өлүм болот эле. Ажалым жетпептир, эсен калдым.
Туннелден өтүп, Навои багынын ичиндеги отургучта ачкалыгыман шалдайып отурам. Кеч кирип бараткан сайын, кайда барып баш калкаласам деп ойлонуп аалам аңтарылат. Адамдар ары-бери өтүшөт. Отургучтагы бир бечара менен кимдин иши бар. Курсагым курулдап бак ичиндеги майда-чүйдө саткандардан көзүм өтөт. Жанымда бир жаш кыз чүкүрү сатып же анысын алган эч ким жок. Сата албасына көзү жеттиби, четкерээк барып ыргытып ийип кетип калды.
Ошо чүкүрү ыргытылган жакты карасам төш таяна коюу, нары бийик өскөн балтыркан көзүмө урунду. Ошо сасык балтыркандын арасына кирип кеттим. Ырысым болуп жаз мезгили, кышында болсо тоңуп калмакмын. Кийимдерими жая салып кынтайдым. Курсагым ачып, жанагы ыргытылган чүкүрүнү терип келдим. Кермек даамы кайра өзөгүмдү карартты. Жалгыздыгым жанга батканы аз келгенсип айдай талаада калсам. Ушинтип кор болуп жашаганча өлүп калсам кантет, жанагы машине уруп кетип тынчытып койбоптур. Кимге керегим бар?
Бир келген өмүрдө жалгыз келип, жалгыз кетсем. Ата-энеден, күйөөдөн, баладан айтпаса. Баш калкалаар бурчегим жок, сасык балтыркандын арасында, ыргытылган чүкүрүнү жалмап, тиземе ээгими жөлөй шүмшүйүп олтурсам, ушу кантип жашоо болсун. Чындап өлгүм келди, уктаган бойдон турбай калсам ээ. Эртең менен бирөө көрүп же сасыганда жытынанбы — шыйрагымдан сүйрөп барып көмүп коюушар. Өзүм алдында башымды жөлөр, ыразычылык берер, кошок айтып жоктоор жан күйөөрүм жок мусапыр өлүм болмок. Ошентип өз өлүмүмдү өзүм тилеп боздодум.
Жарым түндө өлбөй эле алдымдан сыз өтүп, чыйрыгып ойгондум. Дарак арасынан ай шыкаалап, түрдүү паренделердин чулдурап сайраганы, чөптүн, сасык балтыркандын жыты, жалбырактын шуудурап дирилдеши, нарырак жакта агып жаткан Ак-Буура дарыясынын шоокуму, парк ичиндеги балдардын күндүзгү чулдурагы жок тунжурап турушу, жадесе анда-санда өткөн машинанын доошунун болор болбос жетиши дагы жашоонун өзү сонун экенин сездире, табигаттын ушул ажайыбынан көңүлүм сергек тарта чалкаман кериле жаттым.
Бийик өскөн дарактардын түн ичинде сүрдүү көрүнүшү, жалбырактардын дирилдеши ажайып кооз экен. Жаратылыш таасиринен улам кушбак болуп, өлүм тилеп зарлаганымын изи калбай кайрадан жашоого кумарландым. Мага дагы кудайдын айтканы бардыр. Пешенеме азаптуу тагдыр жазылса качып кайда барам. Көпүрөнүн башында эки буту иштебегендер коляскасында отуруп өткөн-кеткенден тыйын жыйнашып тилемчилик этишет ко. Аларга караганда кудайга шүгүр алты саным аман. Басып жүргөнүмө шүгүрчүлүк келтирейин. Туннелдин жанында бир эркек, бир аял эки азиз ырдашып акча табышат. Бер жагында дагы эки азиз жигит комуз чертип ырдашат, аларга акча таштап өтүшөт. Аларга караганда мен жарыкчылыкты көрөм го. Жинди жаным, көзүмү жумуп караңгылыктан кайра ачканча шаштым, мага дагы кудайдын айтканы бардыр, айласы табылар, эртеңкиден үмүт үзбөйүнчү.
Шыр-шыр эткен добуштан ойгонуп тура калсам, өйдө жагымда бир кемпир даарат ушатып жатыптыр. Тура калган мени көргөн кемпир өйдө болушка чамасы келбей, чочуганынан уят сөз айта белимчилене, көчүгү менен лак отуруп калды. Экөөбүз эч нерсе түшүнүшбөй, делдейише караштык. Мен уйкусурап эсиней, ал ычкырын байлана сүйлөндү.
— Ой, сен кандай катынсың? Чөп арасында таң атпай эмне жатасың? – деп демитти.
Жаман оюнда мени маспы же эркек менен жаткан немеби деп ойлодубу, дагы бирөөнү издегендей мойнун созо балтыркан арасын карай баштады. Кана эми кемпир ойлогондой эркек болсо. Чокума жатамбы эркек менен. Мени көргөн эркек кебетемен качканы үчүн минтип кыркка чыккыча кыз бойдон калганымы кемпир кайдан билсин.
— Иштебегендерди жатаканадан кетиришти. Кимдин акчасы көп болсо, жыргал заман ошонуку болду го. Түнөөр жерим жок ушул жерге уктадым. Издеп сурап алаары жок мусаапырмын. Али кыз бойдонмун, эже, — деп муңайдым.
Керме-Тоо тоосунун жанына жакын жайланышкан кичине кыштакта жашайт экен. Пакса менен урулган коргону, эшик алдында багы, кичине огороду бар үч бөлмө үй экен.
Шордууга шордуу табылат демекчи, кемпиримдин баяны мындай болуп чыкты. Сөйкөбү эне жалгыз баласы менен жаш жесир калып, ошол бойдон күйөөгө тийбей жалгыз балам деп өмүрдөн так өтүптүр. Ал баласы Ошунан узак жакка армияга барып, ошол жактан үйлөнүп, аялы башка улуттан болгону үчүн бул жакка келбей коюптур.
— Үч баласын кыя албай балам дагы кала берди. Төрт-беш жылда бир келип кетчү. Эми жети жылдан бери келе элек. Ылайым баласынан көрсүн. Карыганда мени соксойтуп жалгыз таштады. Жалгыз балам дебей эле жаш кезимде күйөөгө тийип алсам го балам да көп болуп, чалым жанымда болмок. Жат эркектин көзүн каратпаймын депмин, а балам чоңойгондо мени эстеген деле жок, — деп кобурап калат.
Өмүр бою ооруканада пол жуугуч болуп иштептир. Пенсияга чыккандан кийин Навои багынын ичинде майда-чүйдө сатып тиричилик өткөрүп жүрүптүр. Ошентип эки бакыр бир тукур болуп, ага жалгыздыкта мен эрмек табылып жашап калдык. Анын берген биртке акчасына семичке кууруп сатып күнүмдүк нан таап жегенибизге шүгүрчүлүк келтирип жашап келебиз. Мага баш калкалаар паанек табылганына сүйүнүп, айып таап кет дебесин деп оту менен кирип, күлү менен чыгам. Бирөөнүн көзүн караган ошондой жалтак болот. Чөнтөктө акча болсо шагдам жүрөт киши, басканың ыкчам, сүйлөгөнүң өктөм болот экен. Бул акчанын деми.
Чөнтөктө беш теңгең болбосо басынып, көз карама, жалтак болот адам. Менчи, бир туруп кең пейил, бирде какшанып карылыгынан мүнөзү айнып калган кемпир саал эле бош калсам кабагы бүркөлөт. Айып таап кууп чыкпасын деп көзүнүн агы менен тең айланып, бутунан бери жууп күнкөр болуп жашап келем.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 17
*Иштешем оптом товар алып сатып иштейм*
*Онлайн магазин ачам*
*Озум учун САПАТТУУ товар алып колдоном дегендер жазыныздар.*
*Бут товар бар.*
*Косметика*
*Бытовая техника*
*Кийим КЕЧЕ*
*Идиш аяк*
*Уйго керекту каражаттар*.
*50%90% скидка мн* *АЛАСЫЗдар* 89999652060