================================
Кышында суукта титиреп, жайында азапта сызгырылып туннелдин жанында семичке сатам. Андан чоңураагына алым жетпейт. Оюм онго, санаам санга бөлүнөт. Учугу жок ойлорго кабылып, жооп таппайм. Качанга чейин семичке сатып өлөр өлбөс күн көрөм. Капыстан Сөйкөбү кемпир ары карап кетсе туугандары көчөгө түртүп чыгарышат ко. Анда кантем? Жашооң түшкүрдүкү заман өзгөрүп мурдагы кеңиричилик жок, эмне деген күндөргө кабылдык? Ичегидей чубалып кеткен базар ичинде семичке алгыла, семичке алгыла деп баратсам бирөө токтотот. “Атыргүл” дүкөнүнүн тушу болчу.
— Эже, токтоңуз, менин тушума келгенде акчаңызды түшүрүп алдыңыз, меңиз, — десе болобу.
Ой кандай сүйүндүм, болгону жыйырма гана сомум бар эле.
— Ие, ука, мынча жакшысың, сен бербей койсоң эмне кылмак элем, — дедим сүйүнгөнүмөн шаша сүйлөп. — Атың ким?
— Папандык Мөнөкбай болом, анабы жерде лампочка сатам, — дейт.
Жакшы жигит экен. Ал бербей койсо айлам курумак. Ушул жыйырма сомго семичке алып, түшкөнүнө нан алчу элем. Аз эле жылдар мурун бул жерде эч нерсе жок болчу. Эми жайма базар болуп кетти. Эмнелер гана жок. Түркүн буюм көз жоосун алып ич күйгүзөт. Менде гана эч нерсе жок. Алардын сатып жаткан түркүн буюмуна ичим күйүп, чөнтөк толо акчасына ичим тарып, мендеги жоктукка ушулар күнөөлүү кейиптенип, атайылап бутумду сүйрөп басып, буюмдарына ылай чачыратып өтөм.
Каткенде мен дагы ушулардай болуп курсагым кеңири тоюп баш паанекке жетем? Жыртылган кийимди жамап кийгеним, жаңысына кудуретим жетпегени, Сөйкөбү эженин үйүнүн акысын берсем деле карылыгынан унутуп кайра сурай бергени, жардамын колкоо кылып, үйүнө түнөткөнүн кыйыта сүйлөгөнү жанга тийди. Акыркы күндөрү пенсиясын убагында алалбай же анысы отун-сууга жетпей, өлүмдү көп ойлоп, баласын эстеп, өзү да айнып баратканы кошул-ташыл болуп, жаман ойлорго азгылырып баратам.
Бу пенде дегениң жашоо оор болгон сайын мендей кара мүртөз боло баштайбы. Алдыман сыз, үстүмөн күн өтүп соксоюп отуруп саткан семичкеге курсагым тойсочу. Ошондо көп сүйлөп какшана берген кемпирди жыга койгум келет.
Бир жолу базар ичинде семичке, семичке алгылалап баратып, «Мир» универмагынын жанындагы валюта алмашкан жерден нан сатат эмеспи, нан алып жаткан бир аялдын чөнтөгүнөн кынжыйган жигит акчасын алып койгонун көрүп калдым. Ушуну көрүп калган мен деле ушинтсем кантет деген кара ниет калпыс ой башыма келе кайра чочудум. Койчу, кантип ошентейин, дегеним менен мынабу курулдаган курсак, эртең кыш түшсө өтүгү жок эч жакка чыга албай калам деген ой эзип салды. Жакшылап сарасеп салсам, дурус кийинген адамдар арасында жупуну кийинген мен кодоюп баратам. Семичкелеп базарды тынбай айланып чыгам. Меникин же жакшы алышпайт. Кебетең менен жергегир кодойгон, куниктигимди көргөн адам менден кантип бир нерсе сатып алсын дейм өзүмчө.
Барына тобокел, ушинтип куурап жүргөнчө, арга жоктон уурулукка барам деген күнү эртелеп туруп кудайга жалындым. Ээ Алла, пенде кылып жараткан соң, неге ырыскымды кошо жаратпадың, азап тартып кыйналганда өлөйүн десем ажал келбесе. Күнүм бүтүп ичээр суум түгөнгөнчө жашоо керек экен. Ага мындан башка жол таппадым. Өзүң колдо, шерменде кылба. Адалдык-арамдык, жакшылык-жамандык, баары өз буйругуң менен. Уурулукка барам деген үмүтүм эртеңки жашаар үйүм, ичээр тамагым, кийээр кийимим болбосо кантем.
Биздин Ош шаарынын базарында таңдан кечке эл аягы үзүлбөйт. Базарын айт, адам жанынан башкасынын баары бар. Жөөлөшкөн көпчүлүккө аралашып, ыңгайын келтирип, каерде эл көп болсо ошол жерден кантип илип кетүүнү үйрөнө баштадым. Бир жерде арзан жемперлер сатылып, таламай болуп эл көп экен. Бирөөнү көрүмүш болуп туруп сатып жаткан аялдын алаксып калганынан пайдаланып жылып кеттим. Жүрөк кургур лакылдайт. Артыман бирөө кубалап келаткандай, мына азыр кармап алып чачтан бурап жыга тартчуудай салып уруп баратам. Жок, оңтою келди.
Мен шордуу кайсы бирин айтып үнсүз чаңырайын, бирок ошол чаңырыкты уккан пенде чыгат бекен. Ошентип көнүп кеттим. Эми болсо биринчи жолкусундай жаным чыга качпастан, каерде кантип жымырышты, өзүмдү кандай алып жүрүүнү, кантип бекитишти, соодагерлердин кимиси кандай экененин байкап, уурулукту баштаарды куп гана үйрөндүм. Кудай балким зарлаган үнүмдү угуп ырыскымды ушундан айткандыр. Колго түшүп калбай жолдуу болуп жаттым, акчага кенелип, курсагым жакшылап тоюп, жыртык кийимим бүтөлүп маанайым көтөрүлүп калды.
Сөйкөбү энеге бирөөлөрдөн акча алып айлантып жатам деп шыпырылттым. Ага арзаныраак болсо дагы бир сыйра кийим алып бергенден кийин мамилеси башкача болуп калды. Көпчүлүк арзанына карап ала беришет. Базардын чоңдугунан бир тарабынан илип кетип, бир тарабына барып арзанга пулдап ийем. Ушуларды сатып көбөйткөн акчалар бул башаламан жашоодо менин эртеңки жашаар ырыскым эле. Кемпир ары карап кете элегинде эптеп кичинекей үй алып алсам деп жанталашам. Акчам көбөйгөн сайын эси дартымын баары кимдикин кантип жымырышта. Бара-бара Кара-Суунун түнкү базарына аттандым. Ушул жерден жолдуу болдум. Жөөлөшкөн көпчүлүккө аралашып маңыроо кейиптенип кете берем, өлүмүш болгонум менен пикирим башка, кыйыла карап ыңгайын издейм, менден эч ким шектенбейт, бирок жанымды оозума тиштеп, ар дайым шиштин үстүндө отургандай болгонум менен оңой акчанын кумары, күңүрт келечегим кайрадан уурулукка түртүп жатты.
Эртең менен ордуман туруп уйкусу канбаган жүзүмү көрүп шалдаямын. Ээ байкуш Бати, качанкыга чейин абийриң ачылбай, шерменде болбой жашаар экенсиң. Көздөрүмдү карасам сезим билдирбей тунжурап, мени бул дүйнөгө жаратышкан аял эркек, эки акмакка нааразы болом. Кимиси мага окшогон куник эле, кимиси көк бет? Кебете кешпирим, мүнөзүмдүн татаалдыгы кимисинен калган мурас? Мени эстешип, кудай алдындагы бир кездеги күнөөлөрүн билишет бекен? Мага белгисиз аял эркек беш мүнөттүк лаазат кумарына берилип, мени жаратаарын жаратышыптыр дагы иттин күчүгүндөй көчөгө ыргытып, тагдыр эркине таштап кетишиптир, бала болуп жаралып доорун сүрбөй, ата-апа деген сөздү айталбай, мээримине канбай калган кандай арман.
Ургаачы болуп эркек көз кырын салбай, кумарын билбей, өз денеңден бөлүнүп чыккан наристени жыттабай, балкылдатып бала эмизбей, бооруна эзилип балам деп айтыш буйрубаганы кандай бактысыздык. Ошол аял, эркек мени ушундай тагдырга туш кылганын билишпейт. Анан акмак дебей эмне дейин.
Артыма бир кылчайып өткөн өмүргө саресеп салсам, муңдуу эле бир күү чертиле бериптир. Ошол күүдөн зарлаган гана кайрыктар угулуп, бир өмүрдүн ушунчалык муңдуу, жалгыздык кемирип бүткөн дастанына айланыптыр, уккан пенде чыкпаптыр, ишенич жөлөктү издептир, бирок табалбаптыр. Уккан, түшүнгөн пенде болбогон соң мен бечара Батини уурулукка түртүптүр, таш боорго айлантыптыр. Ошол күүлөр дале зарлап-зарлап чертилип, эч ким укпаган дастанга айланып келет. Качан шаңдуу чыгат? Шаңкылдап чыгар күнү болобу же бир күнү чорт үзүлүп тынчып калабы?
Бир күнү колго түштүм. Ал мындайча болду. Туфлим жыртылып башы айрылып жүргөн. Ургаачылыгыма барып бир жакшынакай туфлиге көзүм түштү. Жинди жаным аа, төшөгүмө карап бут сунбаймынбы десең, кодоо боюма жараша бекен, кийбесем сатаармын дедим дилимде. Шайтан шаштырды да. Кармалап көрүмүш болуп туруп лып илип алып жөнөгөнүмдө ээси байкап калыптыр, дароо жетип эле алка жакадан алды. Жулмалаган бойдон базар четиндеги милицияканага сүйрөп жөнөдү. Шаптай болгон кара келиндин колунан чыгып кача албай калдым. Албуут неме экен, базарды башына көтөрүп ажылдап кордоп жатты.
Анабы кодоо катын дешет, ууру экен кармап алыптыр, чала ошол кодоого, дагы ура түшсө экен дешип мени көрдөн алып жерге, жерден алып көргө чаап жатышты. Шүмүрөйүп ийри буттарым тейтеңдеп тигинин жетегинде дегдеңдеп баратам. Эл наалатынан жер жарылбады, мен кирбедим. Ошондо дагы көзүмөн кылайып жаш чыкпай мелтейип калдым. Ажан дүйнөмдөгү бурганак, ошо бурганактын азабы бүт ааламды каптап кетчүдөй жүрөгүм чаңырып жатты. Эч ким туйбады, туймак турсун түпсүз жарга чыга алгыс кылышып ыргытып, өз колдору менен көөмп жатышты. Жан дүйнөм шолоктоп ыйлап, бир өмүрдүн муңдуу дастаны дагы муңдуурак зарлап чертиле берди.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 14