================================
Шаптай болгон кара келин мени милицияканага сүйрөп кирип түртүп ийгенде талп эте жыгылып түшүп, башым столдун бутуна катуу тийип ооруп калды. Ушундай дагы долу болобу, оозунан ыплас сөздөр чыгып, каматам деп албууттанды. Үй алам деген үмүтүм кыйрап, калган өмүрүм түрмөдө өтсө жыргаган экенмин. Мени түшүнөр пенде чыгар бекен деп жер жаңырта кыйкыргым келди. Менин бул үнсүз боздогонум сыртка атылып чыкпай дилимде удургуп жатты. Турайын десем кайра түртүп салгылап, тейтең эте жыгылам. Ушу сенден келгенди көрдүм, эми мага баары бир, аябай жаалым келген экен, мага кайдан күч топтолду, бардык азап тозогума бул келин күнөөлүү кейптенип айтып бере алгыс доолулук менен колун тиштеп, туш келген жерине салгылап, башым менен сүзүп, экөөбүз милициякананын тар бөлмөсүндө тытышып атабыз. Жан кашайганда пенде ушундай күчтүү болуп кетет экен тообо.
— Болду ай катындар, жөн эле айтсаңар, бекер киши бардай жулмалашып киресиңер, — деп милиция жигит экөөбүздөн кичүүлүгүнө карабай ашата тилдеп корсулдады.
Анан эмне болгонун сурап, аты-жөнүбүздү жазып, тигинин туфлисин колуна карматып кетирип жиберди. Шүмүрөйүп мен калдым. Милиционер жигит чегип жаткан папиросунун түтүнүн көпкө үйлөй мени ойлуу тиктеп калды. Бармагым көрүнгөн жыртык туфлим, көөнөргөн эски көйнөгүм, жанагы жулмалашкандан улам кебетем келишип турганы жигиттин боорун ооруттубу же периштеси шыбырап, кудай дилине салдыбы, боору ооругандай жан тарта сүйлөдү.
— Каап эже, сиз дагы аргасыз барган окшойсуз, эч нерсе айтпасаңыз деле түшүнүп турам, — дейт.
Жүрөгүмө жеткен сооротучу сөз ушу болдубу, жылуу сөзү долулугуму кыйып түштү. Жанагыдай кайратым, жоготом деп корсулдаганда кашайганыман тытып жешке даяр элем. Адам канчалык жашоодон запкы жеген сайын жан кечти болобу деп калдым.
Арам оокат, арамга кетет дегендин чындыгы бар белем. Үй алам деп уурулуктан тапкан акчамы штраф төлөп, ары-бери суралып жүрүп түгөттүм. Милициянын тергөөсүнөн суурулуп чыгыш үчүн баарын төгүп бердим. Ушул шермендечиликтен аман-эсен кутулсам бирөөнүн ырыскына кол сунбай калайын деп касам ичкеним менен бир тыйыны жок жалдырап отуруп калдым. Кутулаарын го кутулдум. Эми кантип жашаар экенмин десем заманам куурулат.
Кайрадан көчөдө семичке сатып, ач отур, тынч отур дегендей чүнчүп жүргөндө кемпирдин бир колу, бир буту иштебей шал болуп калды. Эмнеси болсо дагы көпкө бирге жашап көнүшө түшкөн экенбиз, аны чын дилимден аяп тамак-ашын каалагандай берип, алдын кургактап, көңүлүн оорутпай айыгып кетсе деп тилегеним менен, жашаарын жашап, жашы жетимиштен ашып калганда оңоло албасын сезе, кокус ары көздөй жөнөп кетсе шордуу башым темселеп кайда барар экен деп жан дүйнөм сыздайт.
Сөйкөбү энеге сүйөнүп калыпмын, жаткан шейшебин таза кармап, тамак-аштан өксүтпөй бапестегенимеби же өлүм алдында дил тазарып, баарын электеп өктөрүп каниет сабырлуу болуп калабы? Кемпирдин мурунку айныкейи жок, мага жан тартып баратты. Бечара кемпир жалгыз баласын күндө он маал айтып, кайра балаңдан тап деп күбүрөгөнү менен көрбөй арманда көзү жумулаарына жаны кейип, көз кычыгынан жаш сызылып жаздыкка таамп, же аны жубатаар арга тапсамчы. Мен бала жытын сагынып арманда болсом, баланын акыбети ушул экен го. Көздөрү сезимсиз тунарып, жаак эти шалбырап, өңү ак шапак болуп өлүм сүрү кирип турганы мунун күнү жакында бүтөөрүн айгинелеп, менин күнүм эмне болор экен деп эзиле бердим. Эки тиземе ээгимди жөлөп, шалдырап олтурсам Сөйкөбү эне:
— Бати, — дейт үлдүрөп сүйлөп. — Бати, мен чачымдагы ачкычты алып, сандыгымы ачып түйүнчөктөрүмдү алып келчи.
Анын аркасына жаздык жөлөп, жыгылып кетпесин деп ороп-чулгап тике отургуздум да, өзү айткан түйүнчөктөрүн чечип алдына коюп бердим. Эти качып териси шалбырап, көк тамыры көрүнүп бырышкан муздак колу менен колумду кармалап эмшеңдеп ыйлады.
— Акыр түбү өлөт экенбиз, барар жерибиз акырет болгон соң, ал күчүмдүн барында неге дүйнө жыям жеп жанталаштым. Ушунун бары азыр мага арзыбас нерсе болуп калды. Экөөбүз Навои багында майда-чүйдө сатып темселегенче жанды кыйнабай ушуларды сатып оокат кылсак болор эле. Балам барибир келет деп күтүп сактадым эле. Ак ниетим менен элге той берем, неберелериме деп атап чогулттум эле. Буйрубады. Өлүм алдында небере эмес баламы көрүүгө зар болуп кетип баратам. Келиним келсе сөйкө, шакек тагам деп бул алтындарды үмүтүмдү үзбөй сактап жүргөмүн. Ме, бул кичине түйүнчөктү чеччи!
Түйүлгөн чүпүрөгү мезгилден саргайып, бирок ичиндеги алтын сөйкө, шакектер, цепочка айнектен түшкөн күн нуруна жалт-жулт эте чагылып, ушул кымбат жасалгаларда кемпирдин не бир ак тилеги, уулун көрсөм деп күткөн, жылдар бою катылып зарланган сагынычын түшүнүп туруп колуман эч нерсе келбейт.
Кемпир мүңкүрөп жансыз колун берки колу менен шалак эттире таштады.
— Бати, ушулардан өлүмтүгүмө дегеним башка түй. Өзүң айткандай сен бир шордуусуң. Ушул алтын буюмдарды сен ал. Үйүмдү дагы көзүмүн тирүүсүндө өткөзүп алгын. Сен үзүрүн көр, жыйган-тергеним сага насип болсун. Жаныңды бак, мага күйөөр тууган деле жок. Эч ким сенден талашпайт.
Бул күтүүсүз кептен абдырап калдым. Кырк жашка чейинки кор болгон тагдырымы көз жашым жууп кете тургансып солуктай бердим. Кемпир жалдырап карап жатты. Адамдарга болгон ишенимим эртелеп жоголуп, көк бет, түнт, бирөөлөргө оңой менен жарылбаган, ким экенимен, куниктигимен корунуп өскөн мен мынчалык бошошкон учурум болгон эмес.
Сөйкөбү эненин эски сандыгынан үйүнүн керектүү кагазын алып жатып баласынын адресин таап алдым. Шааболот экен аты. Энесинин оор акылабын эртерээк келбесе көзүн көрбөй каларын айтып кат жазып жибердим. Салехардга кат жетеби жокпу, ал адрестеби же башка жактабы — арсар ойдо болгонуман алагдыланбасын деп кат жөнүндө айта алган жокмун.
Шааболот энесинин кырк ашын бергенден кийин гана келди. Жашы кырк бештердеги шыңга бой, тармал чачтары, жазы маңдайына түшүп турган, ак жуумал чырайлуу киши экен.
Ээн үйдө экөөбүз соксоюп отурабыз. Ал энесинин көзүн көрбөй калганына өкүнүчүн же жалгыз энесин таштап чет жерде жашап калганына арманын билгизбей, лам деп ооз ачпай үңкүйүп отура берет. Күйүтүн баскысы келеби же адатыбы, тамекини бурулдатып көп чегет экен. Эки бөлмөдө экөөбүз жашап ортодо кеп уланбайт. Менин бары жогум менен иши жоктой, көңүл деле бурбады. Эми үйүн талашат экен деп менде жан жок. Кайра энесинин мага таштаган мурас кагазын эстесем, көңүлүм ток. Кемпирдин азын оолак туугандары деле үйүн сага берсе болуптур да дешип тим болушту го. Балким баласы көкшүнү басылып энесинин күйүтү унутулганда катын-баласына, өзүнүн Салехарддына кетип калар.
Ал менин атыма жазылган апасынын мурас кагазын көрүп тим болду. Кетээр койорун айтпайт, сыртка деле чыкпайт. Ошентип бир топ күнгө чейин туруп калды. Жинди жаным аа, ал канчалык мага көңүл бурбаган сайын өзүм ага тартылып баратам. Жазы маңдайына түшүп турган бир тал чачы баскан сайын селпилдеп жарашып турат. Кош каттуу кара көзү сынай карап, ички сырын аңтара окуй албайсың, кандай кийим кийсе да жарашкан келбетичи. Кодоо боюман, куниктигимен анын жанында бүжүрөп тартынып турганым менен аны карап эле отургум келет. Кучагына бой таштап, эркекти эңсеген, аткарылбай келген кумарымы бассам ээ. Өзүмө баш ийбеген, ээ жаа бербеген сезим аргасын таба албай, ургаачылык напсими баса албаганымы кантейин.
Ошондо менин шорум каткан экен. Бир жолу көчөдөн кызуу келди. Кагаз баштыкка эт, сабиз, күрүч, арак салып алыптыр.
— Бати, — деди, биринчи жолу атымдан атап. — Жакшылап палоо демдечи, энемдин арбагын эскерип куран окуп коёлу.
Куранга аракты аралаштырганы эмнеси деп тим болдум.
— Куран окушту билесиңби?
— Жок, өзүңүз окуй берсеңиз да.
— Кайдан, биздин Салехардда куран окушмак беле. Отуз жылдан бери ошол жакта жашап, өзүбүздүн салтты да унутуп баратам. Балдарымы жакшы көрөм. Үч баламы кыя албай өмүрүм жат жерде, жат элде өтүп жатат. Энемди көрбөй, топурак сала албай калдым.
Көздөрү жашка толуп, таамп кетпей мөлтүрөп түнөрүп унчукпай калды. Шылкыйып отурушу, муңая сүйлөшү, коюу буурул тармал чачтары сапырылып ирээтсиз самсаалашы көзүмү күйгүзүп, өзүнө чексиз суктандырып, бул чырайлуу эркекти карап эле отура бергим келет. Серпилген сезимими билип кала тургансып, өзү менен өзүмү салыштырып көрүп коруна түштүм. Ажарлуу, келбети келишкен эркектин жанында мендей кодойгон буту ийри неме турса…
Ошол күнү ой боюма койбой ичирип экөөбүз тең кыйла эле кызып алдык. Ичкиликтин деми менен корунганым жоголуп баатыр болуп чыга келдим. Колу тийсе денем дүрүлдөп өзүмү токтото албай, дагы бекемирээк кучакташын самап, ушул бактылуу сааттар узакка созулса экен, түшүм болуп чыкпаса мен жан дилим менен берилип ырахаттандым. Бардык нерсени унутуп магдырадым.
— Ой сен кызсыңбы? Мен бирин чыгарып, бирин киргизген катын го депмин.
Үнүндөгү мыскылдуу кемсинткени, баятан берки магдыроомду атайлап шылдыңдагысы келгендей үстүмө муздак сууну жаба куйгансып жыйрыла түштүм, аялзатын эмес чириген дөңгөчтү аттап өткөнсүп жийиркене, кийимдерими тебелеп ички үйгө кирип алды. Шылкыйып отуруп калдым. Бул эмнеси?
Экөөбүз ошентип жакын болуп кеттик. Ага кандай гана берилбедим. Жан дилим менен самап кучагында болгум келгенин сыртка чыгара албай буулугуп, же сезимими басууга кудуретим жетпей кебетемен көрүнүп, өзүмү андан алыстата албаган бул бир муңдуу шоркелдей үмүтсүз сезим эле. Канчалык тең ата болоюн десем да анын чырайлуулугунан, нары буйра сүйлөгөн өктөм үнүнө баш ийип, мени азгыра берген тармал чачын сыласам ээ. Атаганаат! Бул азгырыктын аягы эмне болуп бүтөр экен?
Арман менен кусага баткан жинди жаным аа. Кетпесе экен, эрди-катын болуп жашап калсак деп кудайдан тиледим. Үйдү таза кармап, тамакты түрдүүлөп ширин жасап көңүлүн тапсам дейм. Ал мени эч качан албасын сезгеним менен өзүмдү алдап куру кыялга берилем. Ушундай дагы күтүүсүз бакыт болобу, кемпирдин үйү мага калды, өмүр бою топтогон дүйнөсү насип болду. Жанымда – уулу, келбеттүү эркек. Өмүр бою мени менен болуп, бейкапар бапырап жашасам, балалуу болуп жалгыздыктан кутулуп, үй-бүлөлүү болсом деп зарлаганым кудайга жетип ишке ашат бекен?
Мен ага канчалык берилген сайын, жалдап алган малайындай мамиле жасайт. Көп жолу көчөдөн кызуу келип мени тээп кемсинтсе деле, ушунчалык берилгендик менен көзүмө сүйкүмдүү көрүнүп баарын кечирем. Мен керек болгондо оюм менен эсептешпей, өз билгенин жасап, анан сөгүнүп-сагынып, мени буту менен тээп, керебеттен итти түртүп жаткансып, түртүп жиберет же жийиркене аттап өтүп, келип калбасын дегендей ички үйгө кирип илип алат.
Мага малайындай мамиле жасап, бутунан бери жуудуруп, мастыкка салып кордоп жатса деле лаззат жыргалы үчүн кечирип, дал ушунуман өзүмө кыжырланып бирок серпилген сезимим күчтүү болуп жатса кантейин. Ичинде эмне сыры кыйнап жатты, бир нерсеге кыжаалаттай, көңүлүн жай албай ызырына берет. Апасынын үйүн мен өткөзүп алганыма алеми ичинде кыйнап жаткансыды. Көбүнчө көчөгө кетип кечкисин кызуу келет. Эмне кылып кимдер менен ичип жүрөт — мага белгисиз. Канчалык көңүл бурбаган сайын дегдеп кыйналам.
Тагдырдын тамашасы ай. Боюма болуп калыптыр. Сүйүнгөнүмөн ырдамыш болуп маанайым көтөрүлдү. Баарынан үмүт үзбөдүм беле. Мага да кудайдын айтканы бар экен го. Ушунусуна шүгүрчүлүк. Шааболот бүгүн соо келсе бир чечимге келейин, балага байланып деп оюма ар нерсе кетип, жакшылыкка жоруп, биротоло калаар. Кайдаан. Не кыларын мага айтып болуптур. Жүрөгүнүн тереңинде не максаты бар экенин билсем ээ. Көкүрөктү мыжыгып эзген кубаныч кайгымды бөлүшөр, кол сунар адамым болуп калса го. Андай күн кайда-ан. Эмнеси болсо да боюма болгонун айтсам мамилеси өзгөрө бекен?
Ал ошол күнү мас келип, өзү эле эмес, сомодой болгон төртөө менен, алары дагы мас. Төркү бөлмөдө арак ичишип карта ойноп, мен байкуш тамак жасап, дасторконун тазалап анан мени “тамагын жеп, табагын теп” кылышты.
Төрт эркек кийимдерими үзүп жулкуп айрыган сайын өлөрчө мас немелер эмне кылып жатышкандарына акылдары жетпей калды. Мен Бати бечара беш эркектин ортосунда бул бетсиздиктен эмне айла табышымды билбей, колуман эч нерсе келбей кор болгонума жаным күйүп, ырахат ала ха…халашканы жүрөгүмө бычактай сайылып титиреп турдум.
— Бул эмнеңиз, назары пас, бетиңиз жок экен, — деп боздоп ийдим. Шааболот менин боздогонумду түшүнбөйт эле. Жанагылар тыткан кийимдеримди тебелеп, бир колунда бөтөлкө, бир колунда стакандагы арактан жутуп коюп, беркилерге ичирип, сулуу чоң көздөрү менен шылдыңдай карап, жарымы ичилген аракты бетиме чачып жиберип мени айлана басты.
— Эмне кылганыңды билбейсиңби, канчык. Мени келбейт деп энеми коркутуп үйүн, дүйнөсү менен өткөзүп алган ушундай кымбатка түшөт. Эй төртөөң, карасаңар ушундай дагы сулуу катын болорбу, мүчөсүн карасаңар, тал чыбыктай буралып, тиктеп эле тургандай.
Энесин көрүп калсын деп сага кат жазган колум сынсачы. Мындай ит экениңди билгенде…
Беркилер кол чаап ха…халашып стаканды улам бирине өткөзүп ичише беришти. Шааболот мас болсо дагы ажарлуу, көздөрү ого бетер коюланып, чачтары иретсиз саксайышы дагы өзүнө жарашып, кудая тобоо… ушундай чырайлуулукка бул бетсиздик түк коошпойт.
— Ит экенсиң. Ушу сенден келгенди көрдүм. Жулунуп барып каруусунан алымдын барынча тиштеп алып тырмаңдап жатам. Этинин ооруганына чыдабай көмөлөтө койду. Ык эте өзөрүп ортолорунда тыбырчылап тура албай жаттым.
— Кодойгон канчык, бул деген энемди коркутуп, үйүн тартып алгандын өчү болот. Эй төртөөң, алгыла силердики. Картадан утулганымда өмүрүңөрдө көрө элек кызыкты көргөзөм дебедим беле, ошо кызыгым ушу, карагылачы, мындай кебетеси келишкен аял чанда учурайт.
— Ха…ха…
— Ой боорум ай…
— Кана кимиң…
— Ой кудай ай! Бул эмне деген кордугуң! – деп чыңырып тепкиленип жаттым.
Колуман эч нерсе келбеди. Мени жашоого шоркелдей кылып жараткан мага белгисиз аял эркек кимсиңер? Силерди каргыш алсын! Укум-тукумуңар менен жалчыбай өткүлө. Силердин лаззатыңардын жыйынтыгы мен болуп, пешенеме кордуктан башка эч нерсе жазылбаптыр. Эй, аялзаты, баланы төрөдүңбү, күнөөсүн кошо көтөр, таштаба, мендей азапка туулуп кор болуп, зар болуп жашаганча туулбай калсын деген жан дилимдеги чаңырыкты угушпады.
Өлөрчө мас төрт эркекке кордолдум. Көкүрөктө ызаам кайнап колуман эч нерсе келбей ортолорунда сулайып мен жаттым. Дивандагы Шааболот эки бутун кайчылаштыра селкилдетип, көздөрү уятсыз кылгыра маашырланып ал олтурду.
— Менден үй талаша турган сен экен ээ. Кымбатка түштү го. Кана бул төртөөнүн…
Ал сөзүн бүтпөй, эшикке чыгууга чамасы келбей дасторкон үстүндөгү тамак ашка окшуй кусуп жиберди. Баары булганып тамак ашка аралашып, төртөө мындан жийиркенише сөгүнүштү.
— Энеңди Шааболот…
— Чактап ичпейсиңби, баарын булгап.
— Кодойтуп тапкан катынын кара.
Жийиркенишкен төртөө темтеңдешип чыгып кетишти. Шааболот кусундусуна булганып, кроватка күп эте чалкасынан түшүп уктап калды. Анын мени азгырып келген чачтары жаздык менен бир болуп жайылып, көзүн ачсам, бери эле дегенде беш саатсыз ойгонбойт. Элүүгө жакындап баратса дагы чырайынан жазбаган ушул сулуу эркек азга да болсо бактыга бөлөй ырахат тартуулады, эне болуу кубанычын буйруду. Анан энесинин үйүн мага таштаган алемин төртөөнө таландыга салып берип өчүн алды. Көрсө мен түшүнбөгөн үшкүрүгү, ичтен эзген кыжаалаттыгы үйү үчүн экен да.
Мени ушунчалык кыйнашкан экен, өйдө болууга дарманым келбестен жанында шылкыйып ыйлап олтурам. Баягы кумарлануум, чексиз жакшы көрүп дегдегеним эми жек көрүүгө айланып, чырайы мокочо болуп көрүнө, жанын оорутуп кантип өч алсам деген ачуу сезим гана калды. Бугуму чыгара боздоп ыйлап жатканымы айтаарга эч ким жок, мен бечара кайра чыйралдым.
Жок, Шааболот, эми сени жөн койбоймун. Мени кандай кордосоң сени да ошондой кордоп жатканыңды көзүңө көргөзбөсөм элеби. Шейшептерди айрып бышык кылып эшип, керебет астынан өткөзүп аны козголо алгыс кылып таңа баштадым. Бутунан башына чейин ороп таңып салдым. Шашпа сени, эсиңе келээрсиң. Өзүм жуунуп тазаланып ойгонгонун күттүм. Үй чачылган бойдон жатат. Эми мурдагыдай жыйноого кайдан көңүл келсин. Энесинин эт чапчу курч бычагы бар эле, кайрак менен ого бетер курчутуп, жубалдызды дагы даярдап койдум. Баатырыраак болуш үчүн арактан ичип алдым. Анын таасири менен көргөн ызам жаныма батып аял эмес азезилге айланып чыга келдим.
Ал далайда гана эсине келди. Эч нерсеге түшүнбөй же козголо албай адатынча корсулдады. Эй, ким байлады мени?..
— Мен…
Көздөрү жеп ийчүүдөй бажырайганы дагы жарашат. Бирок эми мурдагыдай элжиретип өзүнө тартпастан кантип өч алсам деген ыза гана дилимде удургуйт.
— Чеч колумду, канчык.
— Мен сага азыр канчыкты көргөзөм.
Өзүн туурап аракты улам жутуп коюп калганын бетине чачып ийдим. Бышкырынып көзүнөн бери кирип аарчый албай башын чулгуп жатты.
— Энеңди…
— Сен мени түндө төртөөнө салып берип кандай кордосоң мен да сенден өчүмдү алышым керек. Мына сага, — дедим да колумдагы сөөмөйдөй зым менен чаап жибердим.
Ал адам чыдагыс уят сөздөр менен сөгүндү. Ээ, ээ… мен сени угуп отурамбы дедим да курсагына бычак такадым.
— Жаныңдан үмүтүң болсо оозуңду ачасыңбы же курсагыңды жара тартайынбы? Оозуна чүпүрөк тыгып салбасам сүйлөнө берет экенсиң.
Курч бычак ичинде такалып, мындан көргөн кордугуман аял эмес азезил болуп, сыртыман ошенткеним менен чындап келсе балээни жамандыкка бара албасымы сезип, жок дегенде көкшүнүмү ушинтип сууткум келди.
— Сыйың менен оозуңду ачасыңбы же курсагыңды жара тартайынбы? Бычакты этине катуураак такап жанын оорута чийсем шүүшүңдөп кан чыга түштү. Көздөрү алаңдап, оозун ачпоого аракеттенип тиштенди, көзүндө огу болсо атып ийчүдөй акшыйганы дагы жарашат, оңбогур. Арактын деми менен азезил болуп жаттым.
— Ачпасаң мынабу жубалдызды кара, көздөрүмдү жуумп башыңа бир урсам ищиң бүтөт. Ач, өлө элегиңде.
Ал сүйлөөгө эптенип оозун ача бергенде чүпүрөктү тыгып салдым. Башын гана чулгуй алат. Жубалдыз менен этин оорута чийдим, тили менен түртүп салбас үчүн оозун байлап салдым да зым менен дагы катуу чаап жаттым. Жаны ооруганына табам канып, аз болсо да көкшүнүм сууп аял эмес азезил элем. Колу байлануу, ургандан эти канталап чыкан бул ажарлуу эркектин көчөдөн тез келишин саргая самаганымы эстеп шуу үшкүрүп алдым. Эми ошонун изи калбай жаным кашая кантип көңүлүн оорутуп өч алсам деген өчөшүү сезими мынчалык күчтүү болорбу. Урган сайын жаны ооруганына, колунан эч нерсе келбей жатканына, көкшүнүм сууганы менен жан дүйнөм муңга батып, жамандыкка баралбасмын, энесинин жакшылыгын кантип унутайын. Баарынан да өмүр бою эңсеген бала ушунуку. Али төрөлө элек наристенин билбей мени таландыга салганы үчүн урган сайын табам канат.
— Жубалдызды көзүм жуумп туруп бир урсам ишиң бүтөт, же курсагыңды жара тартайынбы, тирүүлөй ичегиң чубалып мынабу жерде ит өлүмү болуп өлөсүң.
— Жубалдызды жанын оорута сайып, бычак менен кан чыгара бир тарттым. Ал коркконунан жинди боло турган акыбалга жетти. Үн ката албай гуугуулап – алаңдаганынан ырахат алдым.
Мастыгым тарап өзүмө келе баштадым. Керектүүлөрдү сумкама салып сүйлөй бердим. Энесинин биртке акчасын, алтын жасалгасын түйүп алдым.
— Үйүң башыңда калсын. Жөн айтсаң деле түшүнөт элем. Энесин көрүп калсын деп чакырган өзүмө кылдым. Коркпо, жара тартып өлтүрбөйм. Энеңдин арбагы үчүн кечирдим. Баламды көрбөй арманда кеттим деп үзүлгөндө көздөрүн жуумп өз колум менен узаттым эле. Энең үчүн, ичимдеги сенден бүткөн, төрөлө элек наристе үчүн жамандыкка баралбайм. Кече сага айтам деп күттүм эле, а сен болсо… мына үйүң. Эч жакка арызданбайм.
Бычакты, жубалдызды үстүнө коюп таңылуу бойдон таштап жообун күтпөстөн сумкамды алдым да биротоло чыгып кеттим.
Кеч күчдүн суугу сөөктөн өтүп үшүтүп, саргайган жалбырактар бут алдымда шуудурап Навои багынын ичинде темселеп келе жатам. Ичимдеги наристе биринчи жолу кыймылдап, мени курчаган караңгылыктан жылчык чыкпай калды.
Бати.
Ош шаары.
Аягы....
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 32
Бактылуу же бактысыз болсунбу АВТОР