Москвада кыргыз жигити сойкунун көрсөткөн кызматына канааттанбай, аны терезеден ыргытып жиберген. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
"Кыргыз өлкөсүндө туулган жигит көңүл ачуу үчүн интимдик кызмат көрсөткөн агенттиктердин бирине телефон чалып, кара терилүү сойку жиберүүсүн сураган. Чакырууга келген кыздын кызматына канааттанбаган жигит кызды бутунан кармап, терезеден ыргытып жиберген. Аны менен жөн калбаган жигит интимдик кызмат көрсөткөн агенттикке кайрадан телефон чалып, алардын кызматына нааразычылыгын айтып, акчасын кайтарып берүүсүн же ордуна башка кыз жиберүүсүн талап кылганы жазылат маалыматта.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, кыздын жамбаш сөөгү сынып, жүлүнү жабыркаган. Ал Нигериянын жараны экендиги белгилүү болгон.
Окуя тууралуу "Тез жардамга" жигит өзү кабарлаган. Полиция кызматкерлерине "мен жуунуп жаткан учурда ал терезеден кулап кетиптир" деп көрсөтмө берген. Бул сөзгө ишенбеген полиция кызматкерлери кызды суракка алган учурда бул окуяга түздөн-түз жигит себепкер болгону белгилүү болгон.
Учурда бул факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 15
Озун сыйлаган норм. еркектер да ечкачан антип далайды тейлеген сойкунун денесине жолобойт.