- Туура айтасыз.Аңгыча ооруканага келип калышты. Рапиянын кийим-кечесин которуп Шайгүл түнү менен жанында отурду. Каткан кандарын жылуу суу менен жууп, жаратына дары сайып таңды да тамырын кармап көрдү. Алсыз согуп жаткан тамырын көрүп Шайгүл чоочуп кетти: "өлүп калбаса болду, али үмүт бар" деген ойдо кайнак суудан алып келип кашык менен оозуна куюп кирди. Ошондо анын тамагынан "кылк" деп сууну жутканын көргөндө Шайгүл кубанып ыйлап алды; "байкушум ай, азап жедиң го, эми сенин жаныңдан чыкпай кайтарам" деп ойлоп, андан карегин албай карап отура берди. Түн бир оокумда баласы Болот келип "алып кетем" дегенде болбой койду, "али эсине келе элек, өзүнө келип калса анан барам" деп баласын жөнтүп жиберди. Шайгүл Рапиянын керебетинин жанында отурган бойдон уктап калды. Таң агарганда көзүн ачып, керебеттин этегине башын коюп уктап калганын көрүп чоочуп кетти. Ордунан туруп ажатканага барып келди да Рапиянын жанына келип карады эле этинин ысыганы түшүп калыптыр.Ал бир аз отуруп анан дагы суу тамчылатты оозуна. Арадан бир сааттай убакыт өткөндө Рапия кыңкыстай баштады да көздөрүн ачып:- Суу, -дегенге жарады. Шайгүл анын башын өйдө көтөрүп оозуна чыны менен суу ууртатты да:- Тынч жат, сага кыймылдоого болбойт. - деп эки жагын кымтылап коюп сыртка чыкты.Врачтар Рапияны "баш сөөгүнө жаракат кеткен, көп сүйлөгөнгө болбойт, кыймылдатпагыла" деп Шайгүлгө эскертти. Ал кайрадан санааркап: "баш сөөгүнө жаракат кетсе же өлүп калышы мүмкүн же жинди болуп калышы күмөн, демек коркунучтуу" деп күнү түнү жанынан кетпей карап жатты. Балдарына Шайгүлдүн кайдагы бир жолдо жүргөн аялды "кызым" дегени жаңылык болуп ишенип ишенбей аргасыз ооруканага тамак өтө көңүлүндө калган жүрөк ооруткан армандуу мезгили экинчи жолу кайталанып ушул азыркысы өмүрүн алып тынчудай сезилет өзүнө. Анткени Нуржигит дайынсыз кетип анан мунжу болгон кезде жолукканда күнү түнү ыйлап өмүрүндө бир келген бактысы талкаланып жашоосу бүткөндөй баарынан кечкен кезинде дал ушундай азап тарткан эле. Эмичи; "аруу сүйүүмдөн жаралган Аруукемди эми таап маңдай тескей отруп баарлашып чайлаша албадык, азаптуу күндөрдө жолугуп же дартына дабаа табалбай тирүүлөй кыйналдым" деп бир түндө чачы агарып жүзүнө бырыш түшүп, дурустап тамак иче албай күнү, түнү санаа тартып жатты.***Ишенбектин жашоосунда өзгөрүү болуп аялы менен такыр келише албай акыры ичип кетти. Кымбат балдары үйлүү жайлуу, очор-бачар болуп калган кезде сүйдүм, күйдүм деп кызматчы адам менен жүрүп алып Ишенбек менен иши да болбой калды. Ушул Сезимдин айынан бир үйбүлөө жабыр тартты. Балдары канчалык аларды бириктирүүгө аракет кылса да болбоду. Ишенбек кээде үйүнө келсе кээде келбей "досторунун" үйүнө түнөп калып бара бара анын бомждан айырмасы болбой калды. Камбаттын балдарына берген жообу: "атаңар бир кезде мени таштап коюп шаарда иштеп жатам деп аял алып алган, мен билсем да билмексен болуп силерди чоңойттум, эми силер өз оокатыңарды кылгыла, мага киришпегиле" деп үйдөн чыгып кеткен. Сезим бир үйдө жалгыз калды, эч ким менен иши да жок же өлүүсү же тирүүсү билинбей бир айдан бери жатат, ажатканага барып кайра келгени болбосо ал үйдө эч ким жашабагандай жымжырт. Сезимдин кантип жашап жатканы менен кабардар болгон жан жок. Анда-санда гана чоочун адамдар кирип чыкканы болбосо ал үйдө эч ким каттабай калган. Ишенбек бир күнү келсе Сезим кадимкисиндей болуп аппак көйнөгүн кийип ак жоолугун салынып алып теспе тартып отурган. Ишенбек босогодо көзүн бардап, бардап ачып нез болгондой туруп калды. Сезим өзүн бул дүйнөдө жоктой сезип, Ишенбектин келгени менен иши жок отура берди: "Кагылайын кызым ай энеңдин эле өзү болгон турбайсыңбы, сенин айыңдан баарынан ажырадым, аман бол садага!" деп турган жеринде көзүнө жаш алып теңселип турду.Бирин, серин кирип чыккандарды Сезим тик багып карап да койбойт, болгону:- Отуруңуз, - дейт да келген себебин айтып кирет, келген адам таң калып:- Кантип билдиңиз? - деп кайра өзүнө суроо берет.- Унчукпай отуруңуз, - дейт да болгонун болгондой айтып берип, - бара берсеңиз болот, - деп калыбынан жазбай отура берет. Келген адам кадимки ыйык адамдай ага ийиле сый көрсөтө берчүсүн астына коюп чыгып кетет. Керээлден кечке келген адамдарды көргөн Сезим кечке маал сулк жатып калат. Ишенбек негедир Сезимдин адам көрүп кайрадан өз калыбына келгенине кубанып өзүн өзү токтотуп ичпей эле кадимкисиндей болуп оңоло баштады. Ошентип, кубанып жай турмуш уланып баратты. Ишенбектин балдары кээде келип ал абалын билип Ишенбектин ичпей калганына кубанып кетип жатышты. Кымбат болсо карыганда келген сүйүүнүн кулу болуп же балдарына же Ишенбекке келбей дайынсыз жоголду. Сезим бара бара кадимкисиндей болуп үй оокаттарын жасай баштады, бирок ага көрүнгөнү келген эл аны бошотпойт. Күн санап анын аты угулуп кайрадан кезекке тура баштады. Анткени Сезим Рапияны дарылаганы кеткенде элдин аягы сууп калган эле. Айтканы айткандай келген Сезимге элдин ишеничи артып атайы ага көрүнгөнү келгендери да сынап келгени да бар, бирок ал аты жөнүн же эмнеге келгени сурап койбой өткөндү жана алдыда болор тагдырын да айтып бергенде сынап келгендер уялып кете берчү. Бир жолу ага депутаттын жаш аялы атайы сынаганы келди эле ал:- Сиз эмнеге мындай ой менен келгенсиз, өз турмушуңуз да ойдогудай эмес экен, ал эми күйөөңүз сиз үчүн күч келгенде туруп бере албайт, ал сиздин жаштыгыңыз менен сулуулугуңуз үчүн гана жашап жүрөт, сиздин тагдырыңыз өтө кооптуу, бир кезде өз ордуңузду табуу кыйын болуп калат, андан көрө ушул баштан түбөлүк жар издеңиз! - деди да анын берген акчасын албай; - Эмки келгенде бересиз, азыр бара бериңиз, дегенде уялганынан кызарып эч сөз сүйлөй албай чыгып кеткен эле.Рапиянын жарааты бүтүп калганы менен өзүнө келе албай жатты. Шайгүл кадимкидей карып кетти. Эң кичүүсү Болот ага келип:- Мама, эс албасаңыз болбойт го, карачы түрүңүздү, абдан чарчагандай болуп турасыз, оорулуу жакшы болуп калган тура, эми калганын врачтар өздөрү карай берет, - деди эле ал ага болгон жок.- Жок балам, али жакшы боло элек, айкканда үйгө алып кетем.- Кызык, карыганда ушундай карыйбы адам же папамдын күйүтүнө чыдай албай ар кайсыны сүйлөй баштадыңызбы? - Уулу таңдана энеси карады.- Ооба, менде толгон токой күйүт бар, мына бул аял менин оюмдан түк кетпей кыйнап келген оору эле, эми көз алдымда минтип ооруп жатканы ошол жарамды ырбатып баратат, чоңойдуңар, жашооңор жаман эмес, мени оюмдан түк кетпей кыйнап келген оору эле, эми көз алдымда минтип ооруп жатканымы коюп өз күнүңөрдү көргүлө каралдым… - Шайгүл ыйлай албай буулугуп сөзүнүн артын айтууга чамасы келбей токтотту.- Мама, сиз биз үчүн да керексиз, ооруп калбаңыз, ошол эле керек болсо мен деле карап турайын, сиз үйгө барып эс алыңыз.- Баралбайм уулум, барбайм, качан ушунун өзүнө келип сүйлөп калганын көрүп анан эс алам.- Болуптур, - Болот таарынып чыгып кетти. Ал кетип жатып: "бул аял өлүп калса кошо өлбөгөндөй эле, түрүн кара, анысы өлүм алдында жатса өзү да өңдөн кетип оорулудай болуп калыптыр" деп ойлонду да басып кетти.Бирок Рапия күндөн күнгө сакайганы менен сүйлөбөй калды, көзү да көрбөй биротоло майып болуп калды. Шайгүл аны үйүнө чыгарып барып, жакшылап бага баштады. Балдары чогулуп келип апасынын көңүлү үчүн көрүп кетишти. Рапия азыр алсыз эле ошондуктан анын көзүн азырынча операция жасаганды токтотуп коюп жакшылап кароого өттү. Оору багуу кандай гана азап, кандай оор, жетимишке чукулдап калган аял көзү көрбөгөн, сүйлөбөгөн адамды багууда кыйналды бирок ага кейиген жок. Өкүнүп жатты: "ачка калып өлүп баратсам да, ата-энем өлтүрүп койот деп корксом да өзүм бакканда болмок экен, мынчалык болбос беле…" деп басса турса ойлонуп бир кезде орус кемпирдин битиринде жаш төрөлгөн кызы менен өткөргөн аз өмүрүн эсине салды…***Рапия жаңы эле "роддомдон" чыгып келген. Ошол учурда ал жалгыз болчу. Орус кемпир жалгыз уулунукуна россияга кетип келе элек болчу. Рапия кызын бооруна кысып Нуржигиттин оор тагдырын, анын өлүмүн эстеп жата берет. Бир күнү анын тамак ашы түгөндү, кемпирдин муздаткычында да эч нерсе калбаптыр. Улам суудан жутуп коюп бир күн өттү. Эртеси суу иче бергенге шишип калыптыр, ымыркайы да ыйлап эмчекке тойбой какылдайт. Аргасы кеткенде кызын көтөрүп алып иштеген жерине барып "декрет" айлыгын сураганы үйдөн чыгып кетип жатып көзү караңгылап жолго жыгылып калды. Ары өткөн бери өткөн элдер аны тегеректеп калышты.- Баласы бар неме ичпей эле койбойбу, - бириси жактырбагандай үн катты.- Мастай көрүнбөйт, ооруп калган го, "тез жардам" керек окшойт, - деп бири айтканда Шайгүл:- Жок, жок жөн койгула, бир аз башым айланып эле…-ордунан туруп кызын кучактап өйдө болууга аракет кылганда тургандардын бирөөсү сүйөп тургузуп койду. Шайгүл жарданган элге "ачкамын" деп кайдан айтмак.- Өзүң ооруп турсаң, жаш балаң болсо жолго чыкпай эле койсоңор болмок экен, - бир аял аны боор ооруй карады. Сенделип баратып эсине бир кезде чогуу окуган группалаш кызын эстеди. Ал шаарда ата-энеси сатып берген үйдө жашачу. Чындыгында намысы ага алып бармак эмес, бирок аргасыз кичинекей жетим наристеси үчүн жашоону, аны аман-эсен алып калууну ойлоп ага барууга туура келди. Ошол эле күнү кечинде ал өзү билген дарек боюнча аны таап алды. Шайгүлдү көргөн Роза эшикти ачып эле сүйүнүп кетти:- Оо-ой кандайсың, келгениң жакшы болбодубу, - деп Шайгүлдүн колундагы ымыркайды ала койду, - кир үйгө, - анан шыбарай мындай деди бактылуу жылмая, - Үйдө аяшың бар.- Ийи-ии, - дегенге зорго жараган Шайгүл ичкериге кирип баратып эле токтоп калды. Анын маңдайында студент кезинде өзүнө кат жазып жүрөгүн тартуулап жүгүрүп жүргөн Сагынбек турган эле. Шайгүл анын каттарына жооп бербей, алдынан чыкса кагып коюп Нуржигитти таап алгандан кийин аргасыз калып калган эле. Шайгүл келээрин келип алып же чыгып кете албай же калп болсо да күлүп учураша албай мостоюп туруп калганда кичинекей наристени ички бөлмөгө жаткырып чыккан Роза:- Эмнеге туруп калдың Шайгүл, өт, өйдө, - анан күйөөсүнө карап тааныштырып кирди:- Бул менин күйөөм, ал эми бул сулуу менин бирге окуган группалаш, сырдаш кызым Шайгүл, - Шайгүлдү карай жылмая аны колтуктай төргө өткөрдү.- Аа-аа келиңиз, мен тааныйм бул сулууну, Нуржигит деген жигитин да таанычумун. - Сагынбек Шайгүл менен кол алышып учурашты. Шайгүл колун сунуп жылмайып койду.Ал азыр ачкалыктан алсырап турган.- Сен ооруп турасыңбы? - Роза Шайгүлдү үрпөйө карады.- Ооба, жаңы эле чыккам, анан… - ок сүйлөй албай мукактана калды, - анан жаш балам менен квартирадан кыйналып…- Нуржигит кайда? - Сагынбек сөзгө аралашты.- Ал… ал жок.- Койчу Сагынбек, ооруп турган эмени суракка албай, жайыраак сүйлөшөбүз, кел төшөккө кыңкайып турчу, мен чай алып келе койоюн. - Роза Сагынбек менен Шайгүлдү жылмая карап кухняга чыгып кетти.- Жаш төрөгөн аялын, ымыркай баласын жалгыз таштап беймарал жүргөн жигиттин кандай зарыл иши бар болду экен ээ, эгер менин чүрөктөй аялым болсо, минтип балалуу болуп жатсам жарым карыш жылмак эмесмин! - Сагынбек ойлуу ары бери басып тамекисин түтөтүп жатканда Шайгүл капысынан үн катты.- Эгер ал тирүү болсо мен да мында келмек эмесмин, тагдыр деген ушундай экен да!- Эмне, ал өлүп калды беле? - Сагынбек Шайгүлдү ишенбегендей карады.- Ооба, ал өлүп калган!-Ушул учурда дасторкон көтөрүп кирип келаткан Роза алардын сөзүн угуп калды.- Кимди айтып жатасың Шайгүл, ким өлүп калды эле?- Нуржигит.- Ий жаман болгон тура.- Кечирип кой Шайгүл, орунсуз берген суроом үчүн кечирим сурайм.- Эч нерсе эмес, - Шайгүл улутуна отуруп калды. Үчөө үнсүз отуруп чай ичишти. Шайгүл үч күндөн бери наар албаганга жарытып иче албады, ага азыр бир сындырым нан да көптүк кылмак. Роза жан алы калбай тамак ашын жасап Шайгүлдү коноктоп "ич, же" деп жатты. Бир аз сүт ичкенге кичинекей Арууке да көшүлүп уйкуга кирди. Бир топтон кийин тамак аштан аз аздап ичип өзүнө келген Шайгүл Нуржигиттин тагдырын айтып ыйлап отурду. Аргасыз ата-энесине да дарегин билгизбей жүргөнүн да жашырган жок. Роза менен Сагынбек чын дилинен кейип Шайгүлдүн көңүлүн жубатып кайрат айтып отурушту. Ошентип Шайгүл Розанын үйүндө кетип кечинде келет. Шайгүл алардын үйүнө кечке Аруукеси менен калып аз аздап оңолуп калды. Роза болсо аны аяп: "Жаш төрөгөн аял жакшы тыңыбаса оорукчан болуп калат, жумуш жасабай эле кой, өзүңө кара" дегенине карабай колу бошой калганда анча мынча жумуштарын жасап коюп жүрдү. Роза бир күнү жушмушунан ары конокко кетип Сагынбек өзү келди. Ал бир бөтөлкө коньяк менен шампанский көтөрө келиптир.- Шайгүл, - деди ал, - Мен сени кандай сүйөөрүмдү билесиң, али да менин сүйүүм өчө элек.- Сагынбек, ал убак өткөн, унутулган, жаркылдаган жаш алган жарың туруп ушуну сүйлөгөнүң уят.- Ха, ха, ха, мен Роза менен үйлөнбөйм, уктуңбу? Мен аны сүйбөйм, жөн гана жашап жүрөм.- Уятсыз, - Шайгүл ары басып кетээрде Сагынбек аны колдон ала күч менен өзүнө тартып кучактап калды: - Уятсыз, ушул кантип болсун, Роза көрсө эмне дейт, арам ойлуу турбайсыңбы! - Шайгүл, мен сени сүйөм, билесиңби мен сенин артыңдан канча чуркаганымды. - Калп, Розаны дагы сүйөм деп анан ушул жерде жүрөсүңбү же сүйөм деп айткан жоксуңбу?! Койо бер!-Шайгүл ызаалуу карады.- Убактылуу эле жашап жүрөм Шайгүл, отурсаң, жайыраак сүйлөшөөлү. - Отурбайм, менин сени менен сүйлөшө турган сөзүм жок, койо бер сыйың менен, мен эртеңден баштап бул жерден кетем, сенин мындай кылаарыңды билгенде бир мүнөт турбайт элем.- Антпечи жаным, сен кетсең мен кошо кетем, эми сенден жарым карыш калбайм, уктуңбу карыш калбайм!?- Сен эмне деп жатасың, эсиңе келчи Сагынбек, мен деген жубанмын, балам бар, арам оюңдан кайт, Роза укпасын. - Шайгүл Сагынбектин кучагынан бошонуп кызы жаткан бөлмөгө кирип ыйлап жатты."Эмнеге менин тагдырым ушундай болуп жаралдым, тырмактай кызым менен кайда барып батам, ата-энеме барсам эмне дешет?" Эшикти ичинен илип алып ыйлап отурган Шайгүл кызын кучактап жатып уктап кеткен экен, каалга такылдаганда чоочуп ойгонуп кетти. Аңгыча Розанын үнү угулду:- Шайгүл, ээ Шайгүл уктап калдыңбы, тур тамактанып ал,- Азыр, - Шайгүл ордунан туруп ойлонуп отуруп калды: "эмне кылсам, Розага ачык эле айтсамбы, ал мага түшүнөбү?" деп ойлонгуча Роза кирип:- Сага эмне болду, кызың менен кыйналып жатасыңбы, жүрү тамактанып ал, мен азыр эле келдим, Сагынбек тамак жасап коюптур.- Кыйналбай эле, баланы уктатам деп кошо уктап калыпман. Экөө ээрчишип ашканага кирип столго отурганда Сагынбек:- Роза, шкафта коньяк менен шампанский бар, алып келчи, бүгүн бир майрамдап койолу.- Сөзсүз да, сен бизди майрамдатсаң кантип биз каршы болмок элек, - Роза Сагынбекти кучактап эркелей өөп койду да шкафтан коньяк менен шампанскийди алып келди, - Мынакей жаным, алып келдим, өзүң куюп бизди тейлей кой!- Силердей сулуу селкилерди тейлебегенде, -Сагынбек коньяктын оозун ачып стаканадарга куюп бирин Розага, бирин Шайгүлгө сунуп, бирин өзү колуна кармап; - кана эмесе сулуулар, биринчиден силердин денсоолугуңар чың болсун, биз эркектер аялдар бар жерде гана бактылуубуз! -деди Шайгүл менен Розаны алмак салмак карап.- Силердин да денсоолугуңар чың болсун, биз үчүн силер барсыңар да, - Роза бактылуу күлө Шайгүлдү карады, - Чынбы ыя, Шайгүл?- Ооба, ырас айтасың, - Шайгүл Розаны карап жылмая сүйлөдү. -Анын жылмайышы Розага супсак сезилип: "байкуш эмне кылсын, бекер кылдым, эгер күйөөсү жанында болсо бул да мендей бактылуу болмок" деп ойлоп: -Шайгүл, кана алып жиберчи, сенин кичинекей Аруукеңдин дагы денсоолугу чың, өмүрү узун болсун! -деп стаканын тийиштирип койду.- Роза, мен ичпей эле койоюнчу, мен ичип көрө элекмин, анын үстүнө баланы да караш керек го?- Ой аяш, кызыңды биз деле карашабыз, алып кой эми.- Жок, мен ала албайм! -Шайгүл Розаны карап сүйлөдү.- Азыраак ичип кой эми, эч нерсе деле болбойт, Сагынбек экөөбүз карашабыз Аруукени, Сагынбек ээ? -Роза Сагынбекти карай сүйлөдү.Шайгүл алардын көңүлүн кыйбай аздан алып отурду. Бир топко чейин отуруп анан өз бөлмөлөрүнө кирип кетишти. Роза Шайгүлдүн бүгүнкү көңүлү суз болуп отурганын башкага жоруду. "Байкуш десе күйөөсү өлүп жаман болуптур, ошону ойлоп кыйналып жүрөгү сыздайт да, анан калса булардын сүйүүсүн студенттер суктануу менен кеп кылышчу эмес беле, кызынын атасыз өсөөрүн ойлоп да зээни кейийт да, буга жакшы сөз айтып көңүлүн көтөрүп колдон келишинче жардам беришим керек" деп ойлоп Сагынбек оюн айтты:- Саке, Шайгүлдүн көңүлүн оорутпаш керек, каалаганча жүрө берсин, кызы чоңойсо иштеп алат. Ушундайда жардамыбыз тийбесе анан качан тиймек. Кокус мен жок болсом жаман айтпа ээ?- Койсоңчу, мен эмнеге жаман айтмак элем, анын үстүнө Шайгүл өзү деле баарын түшүнүп турат, камчы салдырбайт. - Камчы салдырбайт дегениң эмнең?- Айтырбайт билет дегеним, баардыгын өзү билип жасай берет, анан эмне демек элем.- Кызык, сен аны кызматчыңдай көрүп жатасыңбы, ал деген башына иш түшүп күйөөсү өлбөгөндө ата-энесине барып бизге кор болмок эмес, ал эми жумушту болсо өзүм эле жасайм.- Эмне, бекер отурганча жасай берет да, биз болсо кечке жумушта болсок, сен кайдан жетишмек элең?- Жок антпе, эмеле ал да бутуна турат, койкойгон врач болот, анан бүгүнкү күндү эстесе жаман болбойбу, мен анте албайм. Жүрө берсин каалаганынча, ал менин кесиптешим, курбум.- Өзүң эле бил, "киши арыгын сактасаң башың кандайт, мал арыгын сактасаң оозуң майлайт" дегенди билесиңби?- Шайгүл андай эмес, ал абдан жакшы.- Макул жаным, жаталы, сөз бүттү, кааласаң анын кирин жууп, жалаягына жардам бер!- Бул эмне дегениң, каралашса каралашып койом, эмне экен? -Роза тулдуңдай ары карап жатып калды. Сагынбек аны артынан кучактап алып тиги үйдө жаткан Шайгүлдү элестетип Розадан кантип кетип, Шайгүл экөөнүн ортосун кантип суутууну ойлонуп жатты: "эмнеси болсо да Шайгүлдү колдон чыгарбашым керек, мен аны сүйөм, аны да сүйдүрөм! " деп көңүлүнө түйүп койду. Шайгүл: "Кандай болсо да эртең биерден кетишим керек, болбосо жакын курбум менен жаман айтышып калбайын" деп чечим кылды ичинен. Үч адам, үч башка ой менен түнкү караңгылыкта ичтеринен чечим кабыл алышты. Ал эми алдыда кандай окуя болуп кетээрин Шайгүл менен Роза сезген жок. Сагынбек өз планын ишке ашыруу үчүн көз ирмебей ойлонуп өз оюн эртең эле ишке ашырууну ойлонуп жатты.Эртеси Шайгүл абдан эрте ойгонду да кызынын ороо-чулгоосун өзүнүн кийим-кечесин чогултуп даярдап жатты. Роза туруп Шайгүлгө карап:- Эмнеге эрте туруп алдың, уктай берсең болбойбу, ансыз деле баланын түйшүгүнөн кыйналып жүрөсүң-деди. - Кыйналган деле жокмун, бүгүн өзүмдүн квартирама барсамбы дегем, хозайкам Галя апа эмдигиче келип калгандыр, сага ырахмат, кыйналып ооруп турганымда жардам бердиң, эми тыңып калдым, барайын.- Шайгүл, азыр кетпей эле кой, мен сени кетирбейм, али тыңый элексиң, кызыңа бир ай болгондо деле кетсең болот, Галя апаң келсе жашай турар сенсиз эле.- Жок, кетпесем болбойт.- Шайгүл дейм, койо тур, бир аз жакшылап тыңы, анан кетсең болот, кызың да торолуп калат, болбосо таарынам.- Макул, макул кетпейм, он күндөн кийин кызым бир ай болот, силерге деле жолтоо болуп жаткандаймын, азыр баягыдан жакшымын, жаш төрөлгөнгө эле кыйналып атыпмын, көрсө.- Алтыным курбум, сени кантип сыртта калтырайын, төрөгөн аял ысык, күчтүү тамак ичпесе ооруп калат да, дагы жакшылап тыңып алып деле кетсең болот, биз дагы Сагынбектин айлына барып үйлөнүп келебиз, азыр мындай эле жашап жатпайбызбы! -Роза күлүп койду.- Бактылуу бол Роза, тилектешмин! -деген Шайгүл кечээги Сагынбектин: "мен аны сүйбөйм, ага үйлөнбөйм дагы, мындай эле жашап жүрөм" дегенин эстеп азыркы курбусунун бактылуу боло айтып жаткан сөзүн угуп денеси "дүр" этип алды: "Эгер буга үйлөнбөй кетип калса эмне болоор экен, ушундай кең пейил, дили таза аялга туш болобу же кийин өкүнүп калаарын сезер бекен?" Ошол бойдон Шайгүл Розанын көңүлүн кыйбай калып калды. Сагынбек алардын сөзүн бүт угуп отурду: "шашпа, экөөңөрдүн ысыгыңарды бат эле суутам, анан кантээр экенсиңер" деп мыйыгынан күлүп коюп ордунан туруп жуунуга ваннага кирди. Экөө тең жумушка кетип Шайгүл үйдө кызы менен отурган. Түш оогон кезде каалга такылдап калды. "Жумуштан кайтаар маал боло элек эле ким болуп кетти?" деген ойдо Шайгүл босогого жетип барып:- Бул ким? - деп сурады.- Мен эле Шайгүл аччы, керектүү кагаздарым калып калыптыр, тезирээк кетишим керек, - Бул Сагынбек болчу. Шайгүл ачаарын же ачпасын билбей дендароо болуп туруп калды: "дагы бирдеме десе башын жара чаап салам" деп ойлонуп турганда ал кайра такылдатты. Шайгүл эшикти ачып ары басып кетти эле Сагынбек каалганын ичинен илип койду да Шайгүлдүн артынан басты.- Шайгүл, мен сен үчүн келдим, жүрү Роза жокто экөөбүз кетип калалы, ишенчи жаным, мен сени сүйөөрүмө, бир жоготком эми сенден бөлүнбөйм! -Сагынбек чынын айтып жатты, эгер Шайгүл анын тилин алып Розанын адамкерчилигине түкүрүп басып кеткенде ал чыны менен Шайгүлдүн кулу болууга даяр эле.- Сагынбек, мен сага кечээ эле айтпадым беле, мен курбума кара санай албайм, андан көрө бактылуу болгула, мени кыйнабай өз жолуң менен бол!- Кантип өз жолум менен болом, айтчы кантип, мен сени жүрөгүм менен сүйөөрүмдү билесиң, Нуржигит ажыраткан экөөбүздү, болбосо сен меники гана болмоксуң уктуңбу, ал болсо жазасын алыптыр!- Тарт тилиңди, ага тил тийгизбе, ал менин аруу сүйүүм болчу, анын өлүмүн табалаба! - Болуптур ага тил тийгизбейм, келчи өзүмө Шайгүл, билесиңби, сен Нуржигитти тандап алганыңда мен жинди болуп кете жаздагам.- Ал өткөн нерсе Сагынбек, азыр сени сүйүп, сага ак дилин арнап коюнуңда жаткан аялың бар, ошону сыйлап ал!- Ихи, ал мага аял эмес, мен аны албайм уктуңбу?! -Сагынбек саатын карап туруп эшиктин илгичин ачып койду да: "келээр убагы болуп калды, шашпагыла экөөңөрдүн ынактыгыңарды заматта ыдыратпасамбы" деп ойлоп Шайгүлдүн жанына барып аны карыдан кармап өзүнө каратты, -айтчы сен мени жок дегенде бир жолу сүйгөн жоксуңбу, сүйбөйсүңбү же Нуржигиттей боло албаймбы ыя?- Кайдан болмок элең Сагынбек, мен сени эч качан эч убакта сүйгөн эмесмин сүйө албайм!- Сүйдүрө-өм, сен мени сүйөсүң! - деп кучактай баштаганда сырттан Роза кирип келди. Экөөнүн кучакташып турганын көрүп селдейе бир аз туруп калды. Ал эми Сагынбек болсо:- Шайгүл дейм койо бербейсиңби, Роза келип калды, койо бер! - деп өзү кучактап алып сүйлөй берди.Бир топто барып эсине келген Роза жини келе экөөнө жетип келип:- Бети жоктор десе, ушундай экенсиңер да, Шайгүл сен ушундай белең, мына сага сенин кара ниеттигиңе менин берген жообум, - деген Роза Шайгүлдү жаактан ары чаап, чаап ийгенде Сагынбек койо берип койду да:- Мен кала берген кагаздарыма келгем, өзү көптөн бери асылып жүрөт, мен болбой койсом бүгүн өзү асылып койо бербей жатты.- Жалга-ан!! ! - Шайгүл бир гана кыйкырып алды, - Андан башка шылтооң жокпу, акмак!- Экөөң тең үйдөн чыгып кеткиле, мен эми экөөңдү тең көргүм келбейт! - Роза ыйлап да, сүйлөп да жүрөт, - Бети жок айбандар, мен силерге ишенип жүрсө, - Шайгүлдү дагы жаакка чапты да түртүп босогого алып барып эшиктен чыгарып койду, кайра кирип болгон буюмун сумкасына салып кызын алып барып колуна карматты да сумкасын ыргытып коюп каалганы тарс эттире жаап алып буркурап ыйлап жатты.- Бети жок акмактар, айбандар, кантип ушуга бардыңар ыя? Мен сага ишенип жүрсө ушуну кылмак белеңер?- Койчу жаным, менде эмне күнөө, эгер менден башка болсо алда качан сага билгизбей жүрө бермек, ал мага өзү асылып атпайбы, кечирип койчу жаным, мен сени гана сүйөөрүмдү билесиң да-деп ага жалбырап жатканын босого түбүндө кызын кучактап ыйлап отурган Шайгүл угуп алып жини келип ушул азыр кирип барып бычактап өлтүрүп койгусу келип турду: "адам түспөл айбан, жүзү кара бети жок, жугунду ичкен ит, Розанын жылуу төшөгү, майлуу тамагы үчүн жандалбас кылган шүмшүк!" деп кыжынып көзүнүн жашын аарчый сумкасын алып кызын бооруна катып жолуна түштү. Келсе, Галя апасы келе элек экен. Өзү бекиткен жерден ачкычты алды да үйгө кирди. Көзүнө үйдүн ичи кунарсыз көрүндү. Кызын диванга жаткырып коюп жарым саат мурун болуп өткөн окуяны эстей жүрөгү ачышып Розага боору ооруп турду. Ага таарынган жок түшүндү, анын ордунда өзү болсо да ошентмек, "бүгүн эртең үйлөнүп айылга ата-энесине алып кетем деген күйөөсүн бирөө эле кучактап асылып атса ким чыдасын, буйкушум" деп койду өзүнчө. Ишенген адамың ошол болсо… отурган ордунда көзүнүн жашын көл кылып: "эки жол бар, же ата-энеме чындыкты айтып барып түшүндүрүшүм керек же, же бул кызды биротоло ташташым керек!" "Кимге, кайда таштайм?" акыры ал кызын кайрадан өзү төрөп чыккан роддомго алып барып таштоону ойлоду…" Ачка болду го?" деп ойлонгон оюнан алыстай түшкөн Шайгүл Рапиянын жанына келди. Ал жалдырап карап отурган. Шайгүл ага тамакты таптап берип кайра горшокко отургузуп кайра ары бери сүйрөп өзүнчө эле машакат тарта берет. Рапия болсо эки көзү жалдырап турганы менен эч нерсе көрбөйт же сүйлөбөйт. Ал мурункудай же өлүмдү же өмүрдү ойлоп машакат тартпайт, ага азыр баары бирдей күн менен түндүн, өмүр менен өлүмдүн айырмасын сезбегендей нез болуп калды. Ошентип бар менен жоктун ортосунда макулук катары жашоо кечирип жатканына Шайгүлдүн гана жүрөгү ооруп картайганда анын кайгысы күчөп оорукчан болуп кетти. Балдары тез келип кабар алып турат. Шайгүл эптеп денсоолугу калыбына келсе Рапиянын көзүн операция жасоого аракет кылып жатты. Күндө өзү текшерип көрүп тамырын кармап: "кудай буйруса жакшы, эми операцияны көтөрөт" деп ойлоп эртеси эле Сонун Дегенбаеванын кабинетине барып операцияга даяр экенин айтты эле ал да каршы болгон жок. Ошентип Шайгүл Рапиянын көзүн операцияга берди. Операция оор болгон жок, ийгиликтүү аяктады. Үч күндөн кийин анын таңылган көзүн ачканда ал кубанганынан кыйкырып жиберди. Анкени анын көзү бир аз бозоруп барып палатанын ичиндеги жарыктыкты, жанында турган Шайгүл менен врач Сонун Дегенбаеваны көрүп сүйүнүп, улам көзүн колдору менен сыйпалап ыйлап да күлүп да жатты. Бирок ошол саамда ыраазычылыгын билдирүүгө чамасы келмек эмес, анын сүйлөбөй калганына көп болгон. Рапиянын абалы түзүк болуп калган кезде аны Шайгүл чыгарып келди. Ал азыр анча түйшүк тартпай калды. Өзү басып, баарын өзү жасоого үлгүрө баштаганы менен сүйлөбөй калганына өкүнөт да ушунусуна дагы шүгүр кылат. Бирок Рапиянын башы көбүрөөк ооручу болду, "жыгылганда башына доо кеткен эмеспи, ошондон го?" деп ойлоп Шайгүл ага керектүү дары дармекти өзү берип саксактап турат. Канчалык азап тартпасын Рапиянын өңү өзгөргөн жок кайрадан супсулуу болуп бир аз арыктаганга ого бетер жакшына болуп калган. Шайгүл пенсионер экенине карабай иштеп жүргөн эмеспи, Рапия колуна келгени ал биротоло жумушунан чыгып үйдө болуп калды. Пенсиясы кудайга шүгүр, экөөнө жетет, анан калса балдары да кайрымдуу, каралашып турат. Шайгүлдүн туулган күнүндө балдары, келиндери болуп чогуу келишти. Алар Рапиянын татынакай болуп өзү басып, көрүп калганын көрүшүп чын эле Шайгүлдүн жаш кезине окшоштуруп аны абдан сыйлап отурушту. Алардын үйүндө аза кайгысы али бүтө элек болгондуктан апасын куттуктап коюп кайра эле кетишти. Анткени Султандын жылдыгы боло элек эмеспи. Шайгүл Рапиянын жанынан чыкпайт, "дагы эмне болуп кетет, эмнени ойлоп жатат ким билет" деген ойдо карыш жылса да кошо жүрүүгө аракет кылат.
#КукукЭнеЖеСойкунунТаг
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 34