ЫНТЫМАК чыгармасы
#ЫНТЫМАКчыгарма
9 болум
– Жарайт, ушул жерде бол, – деп Гүлжамал басып бара жатты, Руслан үйүнө жөнөдү, барып түшүндүрүп кайтуу үчүн, бирок аны Гүлжамал чыгып таппай калды да группасы менен жөнөп кетти, ошентип Руслан кала берди, айнып Элмирага үйлөнөм деп айткысы келет, бирок өзү Гүлжамалды сүйөт, ошондуктан унчукпай он күн бат эле өтүп кетет, – деп өзүн-өзү алаксытып жүрдү. Бир күнү Акылбектин үйүнүн жанына өтүп бара жатып Элмиранын үйүнөн чыгып кетип жатканын көрүп жетип барды:
– Кандай балдыз?
– Жакшы, ашыгып алган жоксузбу?
– Эмнеге?
– Балдыздуу болгонго.
– Кызык, акыры болосуң да.
– Жо-ок, жаңыласың Руслан, бир күндүн ичинде эмнелер болуп кетээрин кудай билет, али эжеме үйлөнбөй туруп балдыз дегениңизге кошула албайм.
– Анан эмне дешим керек?
– Менин өз атым бар.
– Кечир Эля, мен эми баары бир Гүлүгө үйлөнөм, – деген ойдо айттым да.
– Мүмкүн, бирок алдыда эмне болоорун билбейбиз да.
– Туура, аа-а баса эми эжең түнкүсүн жүрбөй калдыбы?
– Көнгөн адат кайда болсо боло берет да, сиз өтө эле ишенчээк окшойсуз?
– Ооба, мен Гүлжамалды катуу сүйгөнүмдөн го?
– Кубаттайм, сүйүү адамды сокур кылып коет имиш.
– Жигитиң барбы?
– Сүйгөнүм бар.
– Жакшы экен, сени катуу сүйсө керек?
– Мен аны сүйөм, бирок анын мени сүйөөрүн билбейм.
– Эмнеге, сени сүйөм, – деп айта элекпи?
– А сен айттың беле сүйөм деп?
– Ооба, дал кетээр күнү айттым.
– Ошончо шашылдыңбы?
– Атамдар келинди киргизебиз, – деп шашып жатышат, үйлөнө электе айтууну туура көрдүм, чыныгы сүйүү абдан сүрдөтүп коет экен, кийин таарынып жүрбөсүн дедим, – Руслан оюнда жаманы жок эле сүйлөп жатты.
– Чыныгы сүйүү дейсиңби? – Элмира анын көздөрүнө тигиле Айжандын айткандарын эстеди: “Чыныгы сүйүү бири-бирине тартылышуу, сагынуу-күтүү менен башталып үйлөнүү менен аяктайт, сүйгөн адамыңдын атын жүрөгүңдөн өчүрүү мүмкүн эмес”, – дегенин эстеп, – Демек чыныгы сүйүү экен да, Гүлү дагы сени ошондой сүйөбү? – деди карап турууга чыдамы жетпей жүзүн ары бура.
– Мен сүйөм, аны билбейм.
– Менимче ал азыр карьерасын сүйсө керек ал.
– Кантип?
– Ошондой, ал үйдү дагы сахнага айлантып алды, келсе эле репитиция жасайт, жигит дегенди ойлогон түрү жок менимче.
– Өткөндө башкача айттың эле Эля.
– Түшүнбөй калгандырсың, съемкада күн-түн боло берет, сценарийге жараша болушат да, анын азыркы көздөгөнү өз максатына жетүү, башкага назар дагы салгысы жок, кыйналып калбасаң болду, – дегим келет.
– Эмне, ал эч кимди сүйө албайт демексиңби?
– Ооба, сүйүү деген нерсени ал азыр ойлогусу да келбейт.
– Эмне кылуум керек анда? – Сынай карады кызды.
– Айланаңды жакшылап кара, кандай кооз да керемет, ошол эле учурда сени сүйүп сен деп жүргөн бирөөлөрдү к өз алдыңан өткөр, өмүр күтүп турбайт, каалооңду түшүнбөйт, аркырап аккан суудай өтө берет, адам бул өмүргө аманат болгон соң ошол аздыр-көптүр жашоону каалагандай жашап калуу керек деп ойлойм Руслан.
– Аның туура Эля, бирок жүрөккө буйрук бере албаган кандай жаман?
– Бирок убакытка уттурууга дагы болбойт.
– Түшүнөм, – Руслан ойлонуп калды, – Кайда бара жаттың эле?
– Курска барам, кытай тилин үйрөнүп жатам.
– Эмнеге кытай тилин?
– Өзүм үчүн, быйыл кытайга окууга кетем.
– Чын элеби?
– Ооба.
– Укмуш, Акылбек байкенин кыздарынын бийик максаттары бар кыздары мени кызыктырып койду.
– Ыраспы?
– Ооба, чын айтам, Гүлжамал актриса болуу үчүн бийиктикке умтулуп жүрсө, сен чет өлкөдөн окугуң келсе, чынында таңгалаарлык, а Эрнис эмне кылып жатат?
– Ал быйыл окууга тапшырат, атама жардам берип соодада.
– Азамат, аскерге барбадыбы?
– Алып калганбыз.
– Жакшы кылыптыр, азыркы аскерге барган балдар согушка баргандай апаатка кабылышат, мен дагы барган жокмун, өлтүрүп коюшуп өзү өлдү дешкеничи, деги ушу биздин өлкөдө калыс башкаруу болбой калды го?
– Атамдар дагы ошондон коркушту, Эрнис жалгыз инибиз эмеспи.
– Эрнис акылдуу бала.
– Бар болсунчу, менин дагы тилегеним ошол.
– Баарыңар үчүн ал чыны жалгыз эмеспи, – Руслан муну атайын айткан, анткени алардын аталары башка экенин уккан, мурда түшүнбөй жүрдү, кийин түшүнгөндөн кийин гана Гүлжамалды жактырбаганын, күнүлүк барын билип калган.
– Ооба, атам дагы көзүн карап турат, мамам андан…
– Гүлү дагы жакшы көрөбү?
– Билбейм, анын кандай ойлогонун, жакшы көргөнү, жаман көргөнү белгисиз…
– Өтө мерез болсо керек?
– Антип да айта албайм, – Элмира токтоп калды, – Эмесе мен кетүүм керек, болбосо кечигип калам, – Жылмая карады.
– Макул анда, Гүлү келгенде жолугабыз.
– Жарайт, – Элмира басып кетти, Руслан аны бир азга карап туруп анан өз жолуна түштү, үйүнө келсе апасы кейип жатыптыр, унчукпай карап тура берди, анткени атасынын бир тууганы, карындашы менен Атырдын эки сиңдиси болуп келип убара болуп кетишкен. Русланды күнөөлөп айтпаган сөздөрү калбады, келесоо-макоосуна жетип тилдешкен, сүйлөшө албаганына чейин айтышкан эле.
– Бул катын ала албайт, Жапар экөөбүз үйгө киргизип беришибиз керек да, – деп Русланды байкабай сүйлөп жатты, – Эркек деген шамдагай эле болбойбу, кыз менен сүйлөшө албайбы же…
– Байбиче, кыз сырайып сүйлөшкөнгө убактысы болбой жатса эмне кылат?
– Ботом үйүнө деле барбайбы.
– Барганда ата-энесинин көзүнчө кантип сүйлөшмөк эле?
– Ой өзүнүн боштугу да.
– Кой байбиче, сааты чыкканда үйлөнөт да.
– Көрөбүз, өзүңдү тартып тартынчаак балаң дагы, – дегенде Руслан үн чыгарды, анткени апасы дагы атасынын тартынчаагын, өзүнө сөз айта албай жылдап жүргөнүн, акыры эптеп ала качып алганын айта баштайт:
– Апа, эми болбодубу.
– Качан келдиң эле? – Чоочулай карады.
– Азыр эле келдим, апа Гүлжамал болбосо башка кызды алып келе берейин.
– Эмне? – Атыр уулун таңгала карады, – Эмне дейсиң ой бала?
– Башка кыз алып келе берейин дейм.
– Жинди болгон го ой Жапар, балаң эмне дейт ыя?
– Айтат да, колунан келбейт, тартынчаак, – деп эле жатсаң.
– Тигилерге эмне дейбиз?
– Ал кыздын да маңдайына жазганы тургандыр.
– Кой ай, өзүбүзгө ылайык, ата-энеси сырдакана, – дедим эле да.
– Байбиче, ал чачын желкесине түйүп алып күндөп-түндөп киного түшөм, – деп жүрүп экөөбүзгө ысык чай бере алабы? – деп Жапаркул чын ниети менен айтты эле Руслан ага чекит койду:
– Тамашаладым ата, Гүлжамал келип калат, мен башканы албайм.
– Ий оо садагаң болоюн десе, ошентсең уулум, – деп Атыр коштогондо күлүп ийди Руслан.
– Шартты билип туруп эле мындай-андай дей берсеңер башканы алып келем, – дейм да, деги жинге тийдиңер.
– Кой садага, сага жакшылык эле каалайбыз да, атаң экөөбүздүн жашыбызда алдап соолап балаңарды бактырып алсаңар болбойбу, биз эмне өлбөс болуптурбузбу? – Кубана баласына дасторкон жайды.
– Апа, Элмирасы кандай кыз?
– Ийи, – Атыр ормое карап: “Буга эмне болгон, Эляны жактырып калганбы, анда Айжан капа болот да, анын кызын келин кылам, – деп жүрүп өгөй кызын алып алсак”, – деп ойлонуп кетти.
– Деги да, сиз билесиз да.
– Ал деле жакшы кыз, бир аз өжөр кыз.
– Өжөрлүк жакшы го, айтканынан кайтпайт.
– Аны кой, Гүлжамал келсе дароо эле киргизели балам ээ?
– Макул, – деп Руслан тамакка алаксыды.
– Айжанга барып келейинчи, – Атыр чыгып кетти, Руслан андан кабар алганы кеткенин деле билди. Эки-үч күн өткөндөн кийин Гүлжамал келип калды, ал келээри менен Атырдын айтуусу боюнча Айжан үйүнө телефон чалып койду. Гүлжамал кол телефонун дайым өчүрүп койчу эле, зарыл иш чыкканда ар дайым үйүнө чалышчу, Руслан апасынан угуп жетип барды.
– Кандай Гүлү, жакшы келдиңби?
– Жакшы.
– Съемка кандай өттү?
– Жакшы, мен чарчап турам Руслан.
– Эртең жолугалыбы?
– Жок болбойт, калпычыларга жолуга албайм.
– Эмне, мен калп айттымбы?
– Аны бул жерде айтуунун кажети жок, балким сүйөм деген кыздарыңдын бирөөсүдүрмүн, бар Руслан, мен чарчап келдим.
– Макул, азыр кетемин, бирок сенин дагы мага жооп берээриң бар Гүлү, – Руслан ызалуу артына кайрылды, Гүлжамал ичи ачыша аны карап турганда:
– Бечара, жоопсуз сүйүүдөн чарчабаптырбы7 – деп Элмира Гүлжамалдын жанына жылмая басып келип кашын серпе Русланга карай көзүн ымдап башын булгады.
– Эмне дедиң? – Гүлжамал каштарын жыйрый көзүн Русландан албай сурады, – Эмне деп эле жатасың Эля?
– Чындыкты.
– Сенде кандай чындык бар эле?
– Баардык чындык менде кулпулануу, өзүң сүйбөсөң сөз илээштирбе да.
– Сага кандай тиешеси бар?
– Тиешеси жок, байкушка боорум ооруйт.
– Эля, чектен чыкпа, сен экөөбүз талашчу сөз эмес бул, – Гүлжамал үйдү көздөй кадам таштады.
– Талашчу сөз эмес, бирок калыстык кылгым келет.
– Эмне, – деп эле жатасың, айтчуңду ачык айтчы, – ачуусу келе артына карады.
– Сен көтөрүлө баштагансың го, жылдыз оорусуна чалдыгып калгансыңбы? – Элмира ого бетер кычы сүйлөдү.
– Мени Гүлжамал, – деп эле сез, кана айтчуңду айтпайсыңбы?
– Уккуң келип турса айтайын, жигиттердин сүйүүсү сен үчүн кеп эмеспи?
– Муну менен эмнени айткың келет?
– Русланды айтам.
– Ал менин ишим, – Кайра бурулуп кетээрде.
– Сүйбөсөң ачыгыңды айт да, – деди Элмира.
– Мен чече турган ишке кийлигишпе сиңдим, – деди да кирип бара жатканда Айжан алдынан чыкты.
– Эмне болду кызым?
– Эчтеке апа, эс алайынчы.
– Эс ал, эртең базар аралап Эля үчөөбүз кийим кечеңди даярдайлы.
– Азыр кереги жок, керек болсо күтсүн!
– Эмне дейт?
– Ооба апа, туура уктуңуз, качан мен жооп бергенде, – деп Гүлжамал кирип кеткенде Айжан унчуга албай кала берди.
– Мама, Гүлүгө эмне болгон? – деди Элмира басып келип.
– Чарчаса керек кызым.
– Ошондо да Русланга сылык эле жооп берсе болмок, мен айтсам уккусу келбейт.
– Мейли кызым, эртең сүйлөшөлү, бүгүн жол азабынан кыйналган окшойт, – деп Айжан кирип кетти, Элмира мыскылдай жылмайып башын чайкап туруп калды: “Мени айбан деп ойлошот, атамдын тапканына көпкөн акмактар, өзүнүн гана кызын бактылуу болсо дейт, мени ойлоп да койбойт, шашпагыла тоюңарды сөзсүз бузамын, көз көрүнөө Русланга тийип албасамбы”, – деп ойлонуп алардын артынан бөлмөсүнө кирип кетти. Ал күнү Руслан үйүнө маанайы пас киргенде ата-энеси чай ичип отурушкан.
– Эмне болду, сүйлөштүңбү кыз менен? – деди Жапаркул.
– Ата жолуктум, эртең сүйлөшөбүз, бүгүн чарчап келиптир, – Башын жерге сала жооп кылды Руслан.
– Туура, чарчаса чарчагандыр… – Атыр ичтен сыза отуруп калды.
– Байбиче, көңүлүнө карап отурбай эле ала качты кылып киргизип албайлыбы?
– Опей, анда болбой калбайбы, – Атыр күйөөсүнүн сөзүн жактырбады, – Биринчи келин алып жатсак, жаңыча салт менен эле алабыз.
– Мейли эми, мен айткандай эле болсун, – Жапаркул баш ийкей отуруп калды, негизи эле үйдө Атыр башчы катары эле айтканы айткан боло турган. Ал Русланга аябай үйрөтүп жатты, алгандарын көрсөтүп, сөйкөлөрүн алдына жайып жетине албай кубанып жүрдү. Эртеси үйүнө телефон чалып Руслан сүйлөштү, бирок бул жолу Гүлжамал унчукпай эле жолугушууга макул болгондо ал кубанып кетти, чынында Гүлжамал Элмиранын сөзүнөн улам бир нерсени байкап: “Демек бул дагы Русланды сүйөт, мен сага алдырып ийе койбойм, сүйүүңдү башка жактан изде сиңдичек, жок дегенде кыз кылыгыңды көрсөтүүгө да жок бербедиң, эми суктанып да, ичиң күйүп да кала бер сиңдижан, карьерама да, сүйгөнүмө дагы жетем”, – деп ойлонуп жасанып жатты:
– Кирсем болобу? – деди ошол учурда Элмира.
– Кир, – деди кыска гана Гүлжамал.
– Бир жакка барасыңбы?
– Ооба.
– Күйөө балагабы?
– Ооба, күтүп калды. – Бөлмөдөн чыга жөнөдү.
– Жездекеге салам айтып кой.
– Айтам, – деп жөнөп кеткенде Элмира ичи ачыша туталанып бөлмөдөн чыкса Акылбек менен Айжан чайга отуруптур.
– Ата, мен таенемдикине барып келейинчи, – деди кабак бүркөп.
– Кызым, Гүлүнү бүгүн эртең узатабыз, сен катышпасаң болбойт го?
– Келип калам ата.
– Кызым, сөйкөнү салып эле алып кетебиз, – деп жатышат, – Айжан Элмираны чын дилинен мээримин төгө карады, – Сен болбосоң болбойт.
– Мама, мен тез эле барып келемин.
– Макул кызым, көптөн бери бара элексиң, – деди Акылбек жылмая, – Бара гой кызым бара гой окууга кетээриңди унутпа, – Жанына чакырып чекесинен өптү.
– Рахмат ата, мама мен кеттим.
– Жолуң болсун кызым, – Айжан дагы өөп узатты, үйдөн узаары менен Элмира ызаланып эчкирип ыйлап жиберди: “Эгерде өз апам болгондо калыстык кылат эле го, өзүнүн гана кызына тартып турат, бир тууганым болсо балким сүйбөгөнүн ачык айтат эле, бул мени менен сырдашпайт дагы, мени менен сыр айтышып сүйлөшсө балким бир туугандай болуп кетет элек го, Эрнис деле аларга тартат да, мен бул дүйнөдө жападан жалгызмын”, – деп короонун четинде ыйлап бугу чыкканча туруп анан жолго түштү.
Гүлжамал менен Руслан кафеде отурушту.
– Гүлжамал, сени барып таппай калдым, – деп Руслан ага түшүндүрүп отурду.
– Мен сени таппай калдым.
– Үйгө айтып коймок болдум да.
– Мейли эми, ал өткөн нерсе, башкасын сүйлө.
– Ошо, эртең сага сөйкө салып эле алып кетели…
– Эмне, ошончо шашылыппы?
– Өзүң билесиң да Гүлү, үйлөнүш керек.
– Руслан, менин ар бир кыял жоругума чыдай аласыңбы?
– Мынчалык сүйүп, үйлөнүүгө бел байлаган соң чыдайм, – Руслан ойлоно калып кайра суроо узатты, – Мисалы үй-бүлөө дегенди кандай түшүнөсүң Гүлү?
– Мм, үй-бүлөө деген чакан мамлекет да туурабы?
– Туура, башчыны сыйлайсыңбы же өзүң башчы болгуң келеби чакан мамлекетке? – деди Руслан жылмая.
– Менимче бири-бирин угушу керек, анан бири бийлик жүргүзөт дегенге мен каршымын.
– Мейли анда, керектүү жообумду алдым.
– Сыныңа толо алдымбы? – Гүлжамал күлө карады.
– Толгон сыяктуусуң.
– Руслан, сенден бир өтүнүч.
– Угуп жатам.
– Сен үйдөгүлөргө туура түшүндүрүп койчу, дароо эле үйлөнтүүгө шашпасын, – деди ойлуу Гүлжамал, – Себеби мен кечээ гана өз карьерам үчүн киного тартылып келдим, эми анын ачылышы болот, дагы чакыруулар дегендей, ушул майда бараттар бүтсүн, кандай дейсиң?
– Эмне экен, ээрчишип барып турабыз, кыскасы мен сага кароолчу болууга даярмын, – Руслан жылмая карады.
– Ошол кантип болсун?
– Мен бирге барсам болбойбу?
– Жо-ок, болот дечи, бирок сен деле иштешиң керек да.
– Иш эч качан качпайт, мен сүйгөнүмдүн жанында жүрүүнү каалайм.
– Болуптур эми, калганын кийин сүйлөшөбүз, сен мага жооп берген жоксуң.
– Кандай жооп?
– Азырынча куда түшүп эле койсун дегеним…
– Гүлү, менде сенин такыр көңүлүң жок болсо керек?
– Эмнеге антип сурадың?
– Эгерде мени аз да болсо жактырсаң мындай дебейт элең.
– Руслан, азыр менин иштерим көп, өзүңдү көрсөтүү абдан кыйын, менин бала кезимден берки кыялым ишке ашканы турат, ал турсун башкы полго бара албай кыжаалатмын, бул кинодогу ролумдан бир аз таанылаармын деген үмүтүм бар, сен мени кыйнап жатасың, турмуш курууга али эрте дегим келген.
– Сен мени сүйөсүңбү?
– Ооба, сүйөм дечи, үй-бүлөө кургандан кийин баары калып калабы, – деп корком Руслан, мени түшүнчү кудай жалгагыр.
– Эрте болгондо кандай, качан үйлөнсөк дейсиң?
– Мен таанылып калганда, себеби ага чейин мен жүгүрүшүм керек да.
– Мен жардам берсем болбойбу?
– Кантип жардам бересиң?
– Сен жасай турган иштерди жасайм да.
– Ой кудай ай, мени түшүнгөн жоксуң Руслан.
– Анан кандай…
– Мага спонсорлор чыгат, алар менен жолугушум керек, дагы ушундай…
– Ой ошол спонсорлукту өзүм эле мойнума алайынчы.
– Жо-ок Руслан, такыр башкача, – Гүлжамал түшүндүрө албады, же ачык айта албайт, анткени аны жакында эле бир куу чирен чакырып алып түшүнө кирбегендерди айтып мактанган, жадагалса Россиялык режиссерлор менен сүйлөшүп орус кинолоруна тартканга убада берген эле. Ошондуктан тойду кечеңдетип жылдыз болуп чыга келсем анан турмуш курууга болот, – деп ойлогон, Русландын эртең эле үйлөнө коелу дегени аны андан баш тартууга аргасыз кылып турду.
– Макул, мен карьера дегениңди түшүнбөйт экенмин, эмне кылабыз?
– Бир жыл кое тур, анан деле үйлөнөбүз, эми эле өтүп кетет.
– Эмне, бир жылбы?
– Ооба, бир жыл сага узакпы?
– Билбейм, атамдар чалкасынан түшөт го?
– Анда Руслан, сен үйлөнө бер, мен өз максатымдан кайтпайм, – деди да Гүлжамал ордунан турду, ошол учурда анын кол телефону чырылдап калды, – Алоо, ооба мен угуп жатам, макул-макул сөзсүз барам, – деди да өчүрө салып кафеден чыгып бара жатты, Руслан жаман акыбалда калды: “Бул кыздын эмне ойлогону бар, жактырбаса ачык айтпайбы, сүйүүмдү мен ага таңуулаганым жакпады окшойт, артисти күйөөм дебе дегендей бул менин ысык-суугума чыдаган аял боло албайт экен, бүттү эми баары, башка кыздардан издейин бактымды”, – деп ойлонуп отура берди. Гүлжамал аны артымдан чыгат деген ойдо бир аз күттү да такси менен үйүнө кетип калды. Ал келээри менен Айжан:
– Келдиңби кызым? – деди мээримин төгө.
– Келдим апа.
– Кардың кандай?
-----------------------------------------------------------------------------------
Класс басып. комментарий жазыныз. Оз ойунузду болушунуздор. Дагы кандай кенеш,кандай темаларды чыгарсак болот. Сиздерге кызыктуу жана керектуу нерселерди жазыныздар. Биз сиздерге таап бергенге аракет кылабыз.
------------------------------------------------------------------------------------
*БИЗДИН ГРУППАГА КОШУЛУУ УЧУН*
БУЛ НОМЕРГЕ КАЙРЫЛЫНЫЗДАР:
_Whatsapp_
(+79254077821)
(Однокласснике катталыныз)
*Эскертүү:*
_Макаланы башка тармактарга бөлүшкүңүз келсе эч нерсесин өзгөртпөстөн жүктөңүз сизге аманат._
*ОКУРМАНДАР ГРУППАСЫ*
Комментарии 56