Өбүшүүнүн бир нече түрү бар:
- Сүйүү (назик жана кумарлануу) -сүйүүсүн белгилегенде. Өбө турган жер – моюн, ооз, кулак жана башка.
- Достук – достук сезимдерин билдиргенде. Өбө турган жер эреже боюнча -кол же бет.
- Ыраазычылык билдирүү. Адатта колду өбүшөт.
- Аба аркылуу – аны тамашалашып же сүйүү, достук сезимдерин билдиргиси келгенде.
Өбүшүү адамдын жашоосун жок дегенде 3 мүнөткө кыскартат
Окумуштуулардын айтуусу боюнча өбүшүү тескерисинче адамдын жашоосун узартат. Өбүшүү организмдеги уулуу заттардын бөлүнүп чыгышын токтотуп турат. Бул нерсе ден соолук үчүн бир топ пайдалуу. Байкоолор боюнча бат-бат өбүшкөн адамдар канга, өткө, ашказанга байланышкан оорулар менен оорушпайт. Анын үстүнө өбүшүүнүн жардамы менен бир жылдын ичинде бир килограмм салмакты таштаса болот.
Өбүшүү стрессти жок кылып, нерв системасын эс алдырат
Адамдар өбүшкөндү бекеринен эле жактырышпаса керек. Себеби, ал адамга күч берип, андан кийин адам активдүү, оптимист боло түшөт жана жеке жашоодо, жумушта дайыма ийгиликтер болуп турат.
Өбүшүү тиштерге зыян
Бул ойлор заманбап жашоодо четке кагылды. Тескерисинче көптөгөн тиш дарыгерлеринин айтуусу боюнча өбүшүү курт түшүшүнүн алдын алат, аларды жок кылат. Анткени, өбүшүү учурунда курамында фосфор жана калий бар шилекей иштеп чыгат. Ал эми бул тиштин эмалдары үчүн абдан керек.
Өбүшүү бетке бырыш түшүрөт
Сүйүшкөндөр кумарлануу, берилүү менен өбүшкөндө адамдардын беттеринде отузга жакын чыңалуу болуп, булчуңдар иштеп, ал беттеги пайда болгон бырыштардын жазылуусун жана кандын активдүү иштешин жакшыртат. Ошондуктан мындай өбүшүүдөн кийин адамдын жүзү жаркырап, беттинин териси чоюлчаак жана чың боло түшөт.
Аялзаты кумарланып өбүшкөндө каалаганын билдирет
Муну талашуу кыйын. Чындыгында аялзаты табиятынан жумшак келгендиктен алар назик өбүшүүнү гана жактырышат. Бирок алар берилип, кумарланып өбүшүшсө, эркектер дароо эле аны каалап турганын, өбүшүү ага жагып турганын айттырбай билип койсо болот. Ал эми ал өбүшүүдөн кача турган болсо, албетте анда ойлонуш керек. Эмнеге?
Эмнеге көздү жумуп өбүшүш керек?
Эгер түгөйлөр көздөрүн жумуп өбүшүшсө, анда алар бир-бирин жактырбайт деп айтышат. Албетте андай эмес. Мындай учурда адамдар эки категорияга бөлүнүшөт: көзүн ачып жана жаап өбүшкөндөр. Тактап айтканда ар ким каалагандай өбүшөт. Бир чети, көпчүлүк учурда көздү жумуп өбүшкөн туура. Анткени, көзүн ачып алып, бири-бирин тиктеп өбүшкөн ыңгайсыздык жаратат. Анын үстүнө көздү жумуп өбүшүп жатканда, адамдар жакшы бир кыялдарга балкып кетишет. Бир чети түгөйү жакпай жаткан учурда башка баланы элестетип алышы да мүмкүн. Кыскасы анын эки категориясынын тең оң терс жактары бар.
Бири-бириңиздерди карап көпкө чейин өбүшүңүздөр. Окумуштуулар өбүшүүнүн пайда жактарын изилдөөдө атайын текшерүү жүргүзүп көрүшкөн. Жүздөгөн түгөйлөрдүн өбүшүүсүн байкап, 3 мүнөткө чейин жана ошол эле учурда көздү ачып бири-бирин карап өбүшүүнү идеалдуу деп айтышкан. Мындай учурда эмоция көбүрөөк болот экен.
Французча өбүшүү
Атактуу француз өбүшүүсүн француздар өздөрү ойлоп табышкан. Алар аны ойлоп эле табышпастан маданиятынын да бир бөлүгү кылып, ааламга анысы менен атактуу болгону кызык. Анын өзү тууралуу айта турган болсок, француз өбүшүүсүнүн алдында терең сезимдерге баш ийген тилдердин байланышы жатат. Француздарга дайыма сүйүү темасы жакын болчу. Ошондуктан ал “жан дүйнөдөн өбүшүү” деген атка ээ болду.
Жөнөкөй өбүшүү
Бул өбүшүү кадимки эриндердин тилдерсиз байланышын билдирет. Бир чети, ал француз өбүшүүсүнөн айырмаланып өтө романтикалуу жана жагымдуу болуп эсептелет. Бирок жөнөкөй өбүшүүдө болгону эки-үч килограмм салмактан гана арыла аласың. Ал эми французча өбүшүүдө беш килограммдан ашык салмактан арылса болот.
Кытайлыктар, жапондор эч убакта өбүшүшпөйт
Бул калк сезимдерин ичине катканды жактырышат. Ошондуктанбы, элдин көзүнчө өбүшүшпөйт.
Түгөйлөр убагы менен өбүшкөндү унутуп калышат
Албетте, убагы менен түгөйлөрдүн ортосунда өбүшүүгө болгон кызыгуу жоголуп кетиши мүмкүн. Алар мурдагыдай өбүшүүгө көп кызыкпай калышат, бирок ошол эле учурда ал ортодогу мамилени да бир аз муздатып салганын унутуп калышат. Ошондуктан анын ден соолукка келтирген пайдасын жана сезимдерди жаңылаткан касиетин эске алуу менен бирге өбүшүү аны дайыма колдоп, ар түрдүүчө өбүшүп турса болот. Ар кандай күтүлбөгөн белектерди жасоо менен ар кандай романтикалуу өбүшүүлөрдү колдоп туруш керек. Мурдагы жаш кездеги французча өбүшүүнү эстеш үчүн кулактан, моюндан, өөп баштаса, ал убакты бат эле эстеп кетесиз.
Өбүшүүдөн кийинки эс алуу
Чындыгында өбүшүү учурунда организм өтө чоң адреналин алат. Ушул учурда маанай дароо 100%га көтөрүлүп, экинчи жашоо башталат. Активдүү боло түшөт, денеси эс алып татуу уйкуну каалап калат.
Өбүшүп жатканда организмге аба жетпей калат
Адамдар өбүшкөндө жакшы дем ала албай кыйналып, ал организмге зыян алып келет деген түшүнүктөр бар. Бирок бул ойлор азыр четке кагылды. Бардыгы тескерисинче. Өбүшүү учурунда чындап эле аба кармалып калат жана бул ден соолукка абдан пайдалуу.
Түгөйлөр бир жолу кумарланып, берилип өбүшкөндө эртең менен чуркагандай калория жоготот.
Аллергия
Өбүшүү учурунда түгөйлөр кызарып татарып, ыйлап, көздөн жаш чыгып, дем жетишпей калса, анда түгөйдүн шилекейиндеги активдүү заттарга болгон аллергия бар . Ошондуктан гистаминге каршы дары каражаттарын ичишке туура келет.
Өбүшүүдөн эмнени жуктуруп алса болот?
Ден соолук, сезим үчүн өбүшө бериңиздер, бирок анын да терс жактары бар экенин унутуп калбаңыздар. Эгер билбей турган болсоңуздар бул негизги нерселерди эске сала кетели.
• Баардык суук тийген инфекциялык оорулар – ОРЗ, ОРВИ жана ангина. Бул оорулардын жугуп калышына толук кепилдик бар.
• Сасык тумоонун жана учуктун вирусу. Ошондуктан ооруп жатканда андан алыс эле болуңуздар
• Ооздун айланасындагы жана ичиндеги суук тийген оорулар – стоматит
• Ич өткөк
• Кургак учук оорусунун ачык формасы
• А гепатити жана В гепатити оорусунун өздөшүп кеткен формасы
• Кан аркылуу жуккан вирустук инфекция оорулары
• Сифилисти да жуктуруп алса болот, эгер түгөйүңүздүн шанкры ооздун шилекейинде болсо
• Инфекциялык мононукулез – кандагы вирус оорулары. Аны “өбүшүү оорусу” деп аташат. Ал кан системасын бузуп, жабыркатат. Жыйынтыгында организм абдан кыйналат.
Мындан бир жыл мурун АКШда изилдөөлөр болуп, өбүшүү жугуштуу ооруларды бат жана таасирдүү жуктуруучу жол деп тастыктап чыгышкан. Ошондой эле алар ооздогу микробдорду санаганга да жетишишкен. Орто эсеп менен алганда алардын саны 500гө жетет экен. Алардын арасында эң коркунучтуу вирустар болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан оозду таза алып, бир гана сүйүктүүңүз менен өбүшүңүздөр.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 185
-Бала кызга "сен эмне козду жумбай обуштун"десе
-КЫЗ "обушом деп коп телефон жоготтум"дейт имиш