Бүгүн, 13-декабрда Германиянын EDUVISO билим берүү борборунун баш директору Штефан Шандера Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледжи менен эки тараптуу кызматташуу максатында аталган окуу жайга келди.
Сый конокту алгач университеттин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Штефан Шандера EDUVISO билим берүү борборунун ишмердиги, эки тараптуу кызматташуунун багыттары боюнча маалымат берди.
Андан соң германиялык билим берүү борборунун баш директору Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледжинде билим алып жаткан студенттер менен жолугушуп, медициналык колледждин материалдык-техникалык базасын көрүп чыкты.
Учурда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледжинин медициналык айым иши адистигинде окуп жаткан студенттердин алгачкылары EDUVISO билим берүү борборунун программасы менен билим алып жатышат. Мында, адистик билиминен тышкары немец тилин, Германиянын маданиятын, салт-санаасын окуп үйрөнүшөт.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев