Бердикожо Бийназаров
"Ааламга жол айылдан башталат" -дегендей, айыл жеринин таза суусун ичип, таза абасын жутуп, эне тилди улуу тутуп, элибиздин каада салтын , үрп-адатын бийик сактаган элет жеринен кандай таза таланттар чыгып, белгилүү инсандар кыргызды кыйырга таанылтты. Буга мисал катары жүрөккө алгачкы жолу операция жасаган маркум Иса Ахунбаевди, аты ааламга таанылган Чыңгыз Айтматовду жана башка ысмы тарыхта калган инсандарыбызды эле алалы. Кайсы бир акылга дыйкан адам айтты эле "айылдын, тактап айтканда тоо суусунун чийки суусун ичип чоңойгон адамдын ден-соолугу эле эмес, ой-тилеги дагы Ата Мекен үчүн таза болот"-деп. Анысысыңары, тоо булагы чоң дайрага кошулганга чейин кандай таза дагы, анан дайрага кошулганда бир топко чейин таза болуп агып, ылай сууга кошула албай барып акыры айласы жок шартка байланыштуу кошулуп, ылайланып кеткен сымал, адам баласы дагы көпчүлүккө келгенде гана тазалыктан кол жууп, булганыч жашоодо жашап калганына турмуш өзү күбө. "Турмуштан өткөн сабак жок"-демекчи сөз өңүтү турмуш багытындагы негизги окуяда. Марат, учурунда келечектен чоңду үмүт кылган. Мектепти жакшы баада бүтүрүп, жогорку окуу жайга өткөндө "элимдин керегине жарайм" деп, сабакка баш оту менен киришип, көз кыскан кыздарга дагы көңүл бурбай, эмне деген гана китептерди окуп чыгып өзүн билимге сугарып, китептердерден жана окуу жайдан турмуш сабактарына байланыштуу жакшы нерселерди үйрөнүп, беш жыл ичинде өз чөйрөсүндө көзгө көрүнгөн, оозго алынган адам болду. Окуу жайды кызыл диплом менен аяктап, алгачкы тилеги кабыл болуп айылга келгенде атасы Токтоболот, чоң куйруктуу коюн көтөрүп чаап, айыл аксакалдарын чакырып өз оюн ортого салды.
-Менин ишенген уулум Марат, минтип бойго жетип, окуу жайды бүтүрүп, бир кездеги кыялымда тилегенимдей бала болду. Өз күчү менен чоң окуу жайга өтүп, ал окуу жайды кызыл диплом менен бүтүрүп, эми ишке орношкону турат. "Баланын жакшы чыкканы, атанын атын чыгарат"- дегендей, менин атымды ушул балам чыгарганы калды көрүнөт. Өткөндө шаарга барып мугалимине жолуксам " Балаң жакшы окуйт, аспирантурада калсын"-деп айтты. Бирок Мараттын ойлогон оюн, алдыга койгон максатын уксам, алда канча жогору-экен. Кыскасы мен баламдан көптү үмүт кылып калдым Ошол себептен сиздерден бата алып берейин деп, тасмалымды кенен жайып башыңарды кошуп, кеп-кеңешиңерди угуп, оюңарды билейин дедим эле, деп, сөз учугун баштаганда, төрдө олтурган Стам карыя, кеп учугун мага бергиле дегенсип, үнүн жасап жөтөлүп алып:
-Темирболот, сен абдан жүйөөлү сөз козгодуң. Ар бир ата кыз баладан эмес, өзгөчө эркек уулдан көптү үмүт кылат. Уулдун жакшы чыкканы бир эле ата менен эненин багы эмес, жаамы журттун багы. Эл керегине жараган уул бала керек болсо эл-жер үчүн ак кызматын кылып, жанын дагы аябайт. Уул бала мекендин сыймыгы. Баланын жакшы чыкканы атанын эле эмес жаамы журттун атын чыгарат эмеспи.
Тээ илгери бир киши бала көрбөй жүрүп жашы өйдөлөгөндө балалуу болуп, сендей элдин башын чогултуп, уулунун өмүрүн тилеп, тасмалын жайып, тамагын кенен жайнатып бата сураганда, көптү көргөн карыя мындай деп бата берген -экен "Уулуң ара-жол ач-белде өлсүн"-деп. Тиги киши айтылган сөзгө анча түшүнө албай калып, колун жүзүнөн алып "кандай дейсиз"-дегенде, аксакал берген батасын мындай деп чечмелеп берген-экен.
- Кандай уул бала ач бел, ара жолдо өлөт, билесиңби?-деп, кайра суроо берип анын жообун күтпөй сөзүн кайра улап. Баатыр уул гана жоо беттеп катылган жоонун колунан талаа түз, ач белде эл-жердин келечеги үчүн көз жумат. Учурунда баатырлар арман кылчу экен, "найзанын учунан өлсөк"-деп. Атаганат уул бала үчүн душмандын колунан найза жеп же окко учуп каза болгон кандай барктуу өлүм, түшүнгөн адамга. Азыр заман өсүп-өнүп жашоонун нугу такыр башка нукка түшүп кетти көрүнөт. Менин айтайын дегеним, нарктуу сөздөргө баа берилбей адамдар жукасына тартып, барган сайын батыш элинин салтына ык коюп, жеңил жашоону көздөп, ылайланып баратат-деп, угуп жатасыңарбы дегенсип, олтургандарды аяр карап алды. Марат ооз жакта сөзгө кулак салып олтургандыктан ынтызары күч алып, сөз улансын үчүн оозунуп:
-Стам ата сөзүңүздү улай бериңиз- деди эле, Стам кабагы көтөрүңкү:
- Марат уулум, булар укпаса койсун, эң негизгиси сен уксаң болду. Деңгээли бийик айтылган сөздү, аны түшүнө билген гана киши угат. Сен минтип атаң Темирболоттун ишеничине татып, көптү үмүттөндүрүп койгондон соң, мындан кийин дагы ушунуңдан жазбай өсүп-өнгөндүн үстүндө бол! Эл-журттун, ата мекендин келечеги сага окшогон жаштардын колунда. Өлкөбүз жетимиш жыл орус элинин башкаруусунда жакшы жашады.Эми минтип "өз алдынча мамлекет болдук"- деп, калпагыбызды асманга ыргытып сүйүнгөнүбүз менен аягы кандай болот болду-экен?. .. Ай аттиң, менин такыр эле жанагы жаңы шайланган ажобузга ичим жылыбай койду.Эл башы,эл эгеси деген сүрдүү, жалжайып көп күлбөгөн, сырын ичине каткан,бир сырдуу адам болуш керек эле-деп, сөздү такыр башка нукка буруп жиберди да, кайра сөзүн алып:
-Кой, ажого тил тийгизбейинчи. Эл эгеси, улуу Алланын көзү түшкөн адам болот. Балким элдин жашоосун оң жолго салып, өзүнө артылган жүктү көтөрүп кетээр. Бирок, кыргыз калкы тээ илгертен бери, биринин сөзүн бири укпаган, уруу-урууга бөлүнүп, ынтымагы жогураак калк болгонун мойунга алышыбыз керек.Буга мисал катары Бугу менен Сарыбагыш уруусунун чабышын эле алалы. Канчалаган бей күнөө адамдар ортодон каза болгон. Андан кийинки эле болгон үркүндү эске салсак. Эгер, ынтымак болгондо эл билермандары чогулуп, орустар менен тил табышып сөзгө келгенде, үркүн болмок эмес дагы,эл кыргынга учурамак эмес. Мунун баары биримдиктин жоктугунун кесепети. Эми бул ажобуздун жолу кандай болот аны убакыт өзү калыстайт. Кыскасы жаңы жашоо башталды. "Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы"-демекчи, жашоо жаңыланып турганы жакшы, эгер келечектүү болсо. Баары бир эмне болгон күндө дагы ата салтынан кайтпаш керек. Эч качан өңгөнү сыйлап, өйдө өскөн өлкөнү укканым жок. Марат мунун баарын сени уксун деп айтып жатам. Анткени, мен сенден кандайдыр бир сырды байкап, сага ишеним арткан үчүн ушул сөздөр ооздон чыгып жатат. "Иштин бүтөр учуру бар" дегендей айтыла турган сөздүн дагы өз учуру келет. Сен, булакка окшоп азыр таза жол менен аккан суусуң. Тазалык көпчүлүккө барганда кирдейт. Бир кезде менин ушул айткан сөздөрүмдү эстеген учур да алдыда.
Мына, мен дагы карылыктын айылына баш багып, жашоодогу сапрым карып, бул дүйнөнүн оюнунан четтеп, кемпирден көзүн карап, анын тун баласындай бергенин ичип, кий дегенин кийип минтип карылык доорду сүрүп, төрдөн орун алып олтуруп калдым. Мен дагы бир кезде сендей болуп ооздо олтуруп, карылардын сөзүн уккам. "Сөздү уккан жерге айт,сууну сиңген жерге куй"-дегендей, сен сөзгө кулак салган үчүн чечилип сүйлөп жатам-деп, чай ууртап оозу бошогондо:
-Мен, көп жашадым, ошону менен бирге көптү көрдүм. Бийлик секисине чыгып эл менен дагы иштеп, кимдин-ким экенин билдим. Бирок, калп айткан менен болобу, менден дагы чекилик иштер кетти. Көп сүйлөп баратат окшойм, элди тажатып.Сөздү кыскартайын. Кыскасы сен ушунуңдан жазбасаң, чоң кызматта иштейсиң. Мен сенден чоң атаң Байболоттун сыймыгын байкап турам. Ал киши учурунда укмуш кыйын адам болгон. Байлыкка азгырылбаган, кыз-келинден алыс,ачкыл сууну татпаган, абдан таза ишине берилген чыныгы "кыргыз" деп жүрөгү соккон патириот адам эле, ыраматылык. Андай адамдардын өмүрү кыска болот турбайбы. Жанагы, абак даамын таткан криминалдар аркылуу эле каза болду көрүнөт. Болбосо өлө турган адам эмес болучу.Эгер андай адамдан үчөө болсо эле элди багып кетет болучу-деп, Стам карыя сөзүнө чекит койгондо, Марат өзүнө артылган ишеничти берилген бааны жогору тутуп, кадимкидей жоопкерчилик Стам карыянын айткан сөзү менен мойнуна жүктөлгөндөй денеси оор тартып, беш жыл окуп билим алганынан азыркы уккан сөздүн күчү алда канча таазирлүү болуп, өзүнө-өзү ант берди " элдин жана жердин келечеги үчүн ак кызмат кылам"-деп. Аңгыча колго суу куюлуп куйруктуу кара койдун эти алдыга келгенде Акмат карыя:
-Токтоболот ?-деди, маанилүү сөз айтчуудай. Сырттан жаңы кирген Токтоболот:
- Кулак сизде-деп, калдастай түштү да, ката кетип калдыбы дегенсип тасмалдагы устукандарды карады эле, Акмат карыя ээгин жапкан сакалын сылап:
-Жанатан бери Стам курдашым көп сөздүн башын айтты.Эми мен дагы бир болгон окуяны айтып берейин, уулуң экөөң биз менен тамакка бирге отургулачы. "Сөздү учурунда айтпаса атасы өлөт"дегендей, сөз удулу келип калды-деп, өтүнүч менен кайрылды да, катар олтургандарды сыдыра карап:
-Менин айта турган сөзүм кыска, бирок нуска. Ириде Стам айтты го "өзгөнү сыйлап, өйдө өскөн өлкөнү көргөн жокмун"-деп. Өсө турган адам алгач өзүн сыйлайт,анан өзгөнү сыйлайт.Биздин элдики такыр тетири кетти. Айтайын дегеним азыр борбордо аялынын сөзүнөн чыга албаган сайпана, эркек деген атка доо кетирген атанын атын булгап аялдын баласы болуп алгандар, балдарын орус мектептен окутуп, кайирдин кылып өстүрүп каада-салттан алыс кылып өстүрүп жатышат. Орус мекткептен окуган баланын ой жүгүртүүсү орусча болуп, ойлогон оюу, кыял-жоругу, дити орус болуп калат-экен. Мен буга тээ жетимишинчи жылдан бери анализ жүргүзүп, баам салып келатам. Бала орус тилинде эркин сүйлөгөнү менен анын мекенге жана ата-эне, бир тууганга карата тоң моюн мамиле жасап, тилди булгап сүйлөп калганы мени абдан кыжаалат кылып келет. Эки кыргыз өз мекенинде башка тилде сүйлөшкөнү, кандай жагымсыз. Муну мен эмне үчүн айтып жатам. Жанагы биздин эл билермандары орус тилин билем деп мактанганыбы, дайыма эле теледен же радиодон орусча акылдуу сунуп сүйлөшөт. Ушул мекенди, жер- сууну бизге мураска калтырган ата-бабанын арбактарын сыйлагандыкка жатабы. Албетте орус тилинде сүйлөчү учур келет, бирок алар такыр эле эне тилди басынтканы кантип болсун. Алардын иш бүтүрүп жарытпаган немелер экенин көрүп эле турам.
Марат, сен өсөм десең алгач элиңдин тилин жана дилин сыйла. Ошондо сага бир Алла эле эмес ата-бабалардын арбагы дагы ыраазы болот. Бул айта турган биринчи сөзүм.Экинчиси бул.
- Тээ илгери бир ажыдаар болгон экен. Анын үңкүрүнө кирген киши ажыдаардай алдым- жуттум болуп, ач көздүккө берилип баарынан көр оокатты бийик баалап, убададан байлыкты жогору тутуп, эл-журтун каратып туруп алдап, өз гана кызыкчылыгын ойлоп калчу- экен. Бир күнү сага окшогон жаш бала "ажыдаарды өлтүрөм"- деп анын үңкүрүнө кирип, көз жоосун алган алтын буюмдарды көрүп, азга алым сынбай көпкө кызыгып жатып, өзү дагы кантип ажыдаарга айланганын билбей калыптыр.
- Азыр биздин ат үркүтөр төбөлдөрүбүз алдым-жуттумга баш оту менен кирип, ач көздүккө берилип бараткандай. Анысысыңары сен дагы мансапка жетип калсаң, байлыкка азгырылба жана өзүңдүн адамдык абийириңди баарынан бийик тут. Бул жерден акыл айтайын деген деле ниетим жок. Болгону бир келген жашоодо, атанын атына доо кетирбей таза абийирлүү жашап өтсөң, ошол сага бакыт. Барган сайын эмнегедир адамдык сапаттан, акча бийик болуп баратат. Байлардын сөзү-сөз болуп туура жана калыс айтылган кеп көмүскөдө калып баратканы ушул айтылган сөздөрдү айтканга түрткү берди. Негизи атаң Токтоболотко мен азыр ыраазы болуп турам. Керек болсо беш кишинин башын кошуп тамак бергенге дагы адамдын духу жетиш керек-деп, тартылган устукандан кесип оозуна салды да, тиши жок экенин билгизип, кемшеңдеп чайнаган болду.
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев