Эшиктин коңгуроосу чырылдап, мен барып ачтым. Уулум турат босогодо.
- Апа, мен үйлөндүм дейт. Аркасына бир кызды бекитип алыптыр.
- Аты Оля, мен абдан сүйөм бул кызды.
- Балам, кандай үйлөнүп алдың? А футболчу, сен футболду жакшы көрөсүң го, жакында чемпионат башталат...
- Эмне болуптур? Деп кол шилтеп койду.
- Аялың болсо анда үйгө киргиле дедим. Эки жаш диванга барып отурушуп, шыбырап сүйлөшө башташты.
Мен кухняга жөнөдүм, мына ушинтип бир күндө апа наамыма кайын эне деген наам кошулуп калганына таңыркай. Чай демдеп келип эки жашка куйдум, экөө чай ичип болушуп, музыка коюшуп сүйлөшүп отурушат.
Бир аз убакыт өтүп,жолдошум жумуштан келди. Бутун чечип жаткан жеринен эле, болгон окуяны айттым.
- Биздин Алеша үйлөнүптүр.
- Кандайча үйлөнүптүр? Жолдошум да менден бетер таң калды.
- Аялын ээрчитип келиптир, дедим. Атасы кирип эле залды көздөй жөнөдү, учурашып анан кухняга келди.
- Аял, жакшына эле экен аялы, элдин аялдарындай эле деп мени сооротуп атат.
Ал экөө болсо бизге такыр көңүл бөлбөй, шыбырашып жатышат, сөздөрү түгөнбөй. Эшиктин коңгуроосу басылып, ачсам бир чоң эне турат.
- Биздики силердикиндеби?
- Ким? Дедим түшүнбөй.
- Ольга ушул жактабы? Аа көрсө бул кудаалар тараптан келген бирөө турбайбы.
-Ольга, чык бери деп кыйкырды эле ал чоң эне, келиним жүгүрүп чыгып, башын жерге сала туфлисин кийе баштады. Жетип келген уулумдун көздөрүнө жаш толо баштаганын көрдүм. Экөө кетип эшик жабылгандан кийин, уулум диванга кулап үнүн бийик чыгара ыйлап жатты. Жанына отуруп чачын сылап, кучагыма кыстым.
- Уулум, ыйлаба. Биз бир нерсе ойлоп табабыз. А сен футбол ойношуң керек, жакында чемпионат. Уулум жашын сүрттү да, футбол ойногондо кийе турган футболкасын алып чыгып кийип, тобун алды да шашыла сыртка жөнөдү...
- Чемпион болуп кел, деп кыйкырып кала бердим артынан. 6 жашар балага футбол ойногон жакшы эмеспи - үйлөнгөндүн ордуна...😅😅😅
Которгон: #Елизабет.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев