Сулуу адам башканын сулуулугун көрө билет жана сөзсүз аны мактайт.
Таланттуу адам башкалардын жөндөмүн көрө билет жана сөзсүз мактайт, баалайт дагы. Жаңы өсүп келе жаткан талантты бапестеп өстүрөт, дайыма колдоп коштоп жүрөт.
Күчтүү адам башкалардын эрдигин мактайт, даңазалайт, таазим кылат.
Берешен адам башканын ачык жүрөгүн, берген колун мактайт.
Акылдуу адам башкалардын акылына суктанат, аларды мактайт, акылдуу кептерди жайылтат.
Жакшы адам дайыма жакшы нерсени көрөт, ошону мактайт, жайылтат.
Башкаларды эмне деп мактасаң, демек ошого байсың. Жакшы сөзгө, жакшы ойго байсың.
Жаман кепти жүрөгү жакырлар сүйлөйт. Алар жек көрүү, көрө албастык, куулукту жайылтышат. Ким эмнени көп айтса, так ошону жашоосунда көбөйтөт. Коомго эмнени берсең, ошону гана аласың.
Бир күндө бирөөгө жок дегенде бир жакшы жылуу сөз айтканды, бирөөнү чын жүрөктөн мактаганды адат кылсак, жашообузга көп жакшы нерсе тартылат.
"Кыйынды кыйын деш керек" деп аталарыбыз туура айтышкан.
Чолпон Омурбаевна
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1