“Мына мен”, “мени кара”, “мени кантип эле көрбөйсүң” деп “колун көтөрүп” атат.
Бул нерсе – ресурс!
Тагыраак айтканда, маалыматтык тирешүүдөн – ресурстук тирешүүгө өткөрүү аракеттери.
С. Жапаровду элдин активдүү бөлүгү колдоодо шек жок. Демек, бул – элдик ресурс десем жаңылбаймын.
С. Жапаровго каршы тургандарда элдик ресурс жок (активдүү эл). Булар С. Жээнбековду саясий майданга алып чыгуунун аракеттерин ишке ашырууда.
Себеби, С. Жээнбековдо ресурс бар. Муну – административдик ресурс деп айтат.
Эң кызыктуусу, мурда “административдик ресурс” деген түшүнүк негативдик мааниде колдонулчу. Айрыкча, шайлоо учурунда бийлик “административдик ресурсту” колдонуп атат деп нааразычылык мааниде колодонулчу.
Азыр болсо, “административдик ресурс” деген түшүнүк колдонулбаса, ачык айтылбаса дагы, аны иштетүүгө, пайдаланууга аракеттер күч.
Ушул жерде суроо пайда болот: “Аталган эки ресурстун кайсынысы “живучий”раак?” деген.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев