Кубалап тийген октордон үркүп, өтө кысталыш жерде колбашчыны мерт кылган ичтеги тымызын күч жүрөккө күдүк салып, уясына аңчы киргенин туюп калган бүркүттөрдөй шашыла, ата-эне, асылкеч жар, сүйгүнчүк бала, калган мекен конуш кайдасың деп, күнү-түнү тынбай ат зоруктуруп жол жүрүп, колго кеткен беш жүз жигит кайтып келатты. Алыстан бүлбүлдөп, ак жоолук салынып тосуп турган эне сыяктуу, тааныш тоо кыркалары көрүнө баштап, дагы катуу дегдетип сагыныч сүрөдү.
Көйнөктөрү этке жармашып, такым тырышып, аттары сууга түшкөн торгойдой шөмтүрөп арып, Ташкенден чыкканы жетинчи таң сүргөндө адыр этектеп жаздоо конуштарга кез келишти. Эл кайда?
Сары журт. Күлү көгөрүп жаткан жер кемеге. Калып калган куу казык. Сарала чөптөрдү шуудуратып, мал көп жатып чаңдак кылган такырларды үйлөп майда жел жортмолоп жүрөт. Те башаттуу сай жактан сагызгандын шакылыктаган үнү чыгып, анда-санда карала канаты кылак этип, бадалдын арасына кайра жоголот. Мындан башка тири жандын шарпасы жок. Айлана жымжырт.
Бул жерлердин эли өйдөлөп малга жайлуу, оттуу жайыттарга көчүп кетишкен экен.
Ушу сары журтту да болсо көрүп, көңүлдөрү тынып, чарчаганды эми сезишип, аттарды жайдактап жашанга коё беришти да, ээр жазданып сулап-сулап жатып калышты...
Сол кулагынын үстүнө сайынган жүзбашылык жыгасы бар баатыр бир оор топ жигиттердин ортосунда көрпөчө үстүндө чыканактап, ойго батып, былк этпей жаткан.
Чым көк камзолун саймалуу кең чалбарына шымданып койгон, багалегинен сары булгары өтүктүн тумшуктары чукчуюп чыгып турат. Төш жарыча кыңырак кылыч белине илинип, нары булайып жатат.
Кыңырактын сыныгындай ийрейип жылтырап төбөдө асылып турган ай чубалган бир үзүм булутту аралап кирди. Үлбүрөп өчүп бараткан оттун алсыз жарыгы баатырдын карасур жүзүн бирде жаркытып, бирде күңгүрттөнтүп турат.
— Бекназар аке, сизди пансат күтүп олтурат... — деди бир жигит отко жакын келип, Бекназардын кабагы дагы бүркөлүп, унчукпады. Чакырып келген жигит жооп күткөндөй болуп, бирпас турду да, кайрып сөз айта албай топтон акырын суурулуп чыгып кетти.
— Аттар даярбы? — деди Бекназар өз жигиттерине.
— Даяр, Бекназар аке...
Бекназар ордунан турду. Эшим элирген каракашка аргымакты алдына тарта берди.
Бекназар атка минген жок, нары обочо жерде бүлбүлдөп күйүп жаткан от жакты карай ыкчам басып жөнөдү. Эшим бир колуна өзүнүн атын, бир колуна каракашка аргымакты жетелеп, логлоп чуркап, Бекназардын артынан кетти. Калган жигиттер да аттуу, жөө болушуп ээрчиди.
Бекназар келгенде топ жарыла берди. Оттун жогору жагында кымкап тонду желбегей жамынып, чарчагансып үлдүрөп отурган киши гана козголбоду. Эки көзү чекчейген арык киши, суюк буурул сакалы бар. Сеңселген ак көрпө тебетейи арт жагында чөптүн үстүндө жатты, ал жайынча кара манат топучан отурду. Кокон ордосунун бу Аксы багытындагы таасирдүү кишиси, аскер ишинде пансат атагы бар бий1 Абил болучу. Тегерегиндеги мыктылар демдерин ичтерине алып, тым турушту.
— Ассалому алейкум!
Бекназардын келип калганын эми билгенсип, сүйүнүп кеткенсип. Абил бий алик алды:
— Быякка!.. Кел, баатыр... — деп тизе какты.
— Чакыртыпсыз, пансат аке?
Абил бий Бекназарды бир имерип тиктеп алып, жай гана:
— Баатыр... — деп аяр үн салды. — Ортого түшчү кеп бар... Мындай кыйын кезде кеңеш жакшы. Кеңешели...
Бекназар оттун төмөн жагына сыңар тизелеп отура калды:
— Кулак сизде.
Не кылган менен, Абил бий алда нерседен кооптуудай, ичи түтпөй турган өңдүү. Ал Бекназарды дагы бир кадалып тиктеди.
— Бузулар үйдөн эң биринчи ырк кетет. Атасынан адилдик кетет, баласынан намыс кетет, катыны айыңчы, келини ууру болот. Бирин-бири сыйлашуудан калат, биригип үй тутунуу милдетин унутушат. Баатыр, мына ушуну ойлонушубуз зарыл.
Карачал баатыр сөзгө кулак түрбөдү. Өмүрү ат жалында өткөн, эр көкүрөк, түркөй, сөздүн баасына, сөздүн салмагына баамы жок, шилтеген жагын жарып түшүп кызматын кылган Абил бийдин колундагы бир кара күч эле. Ал отко колун калап тынч отура берди.
— Мына, аталыктын көзү өттү, эми көрүп алабыз, ордодо дагы ит тартыш чыгат.
Дагы кудай уруп чабыш башталат. Тигинтип бир жактан орус сыгып келатат. Башсыз, көзсүз, терс карашып жатканыбызда бир күнү, же хандан келип, же орустан келип канавайран түшүрүп чаап кетсе, анда эмне болобуз? — Абил бий тарамыштуу арык колу менен сакалынын учун кармалап, ичинен тооба келтиргенсип койду.
Абил бий жылмайган болду:
— Ордо баарыбызга тең, баатыр.
Бекназар унчуккан жок. Абил бий анын жүзүн, а түгүл оозунан чыккан демине чейин байкап, маани берип, ушул сүйлөшүүдөн жакшылыкты да, жамандыкты да күтүп отурду. Бекназар жүзбашы дайыма бирге болуп, ысыкты, суукту бирге көрүп, жигиттердин көбүнө алынып кетип, кийинки күндөрдө пансатка анча ийилбей тоңмоюн болуп бараткан эле. Эмне? Мунун бир айталбай жүргөн кинеси, алалбай жүргөн акысы барбы? Алымкул аталыктын киши колдуу болушу булардын ортосун ого бетер суутуп кетти. Эч пайдасы жок дайым эле бузула берген ордодон такыр көңүлү калып, ордого жакын киши деп, мурда эле кыртышы сүйбөгөн Бекназар пансатты жек көрүп калган болучу. Жолу бир болсо да, Ташкенден бери бет келишип кеп тартышканы ушул.
Абил бий Бекназардын кабагын көрдү. Ал азыр ар кандай жыйынтыкка даяр. Бир көңүлү ачылыша кой деди, салт эрежесин, уруулаш туугандыкты ортого алып да болсо, мындай чалкеш учурда өз ордун, өз таасирин бу чапчаң жүзбашыдан өйдө сактап калууга чакырды. Бир көңүлү бул чалкеш учурда муну далысынан таптап жумша, өзүң боюңду качырып, милдеттен алысырак тур, замандын түрүнө кара деди. Анын арык бетинин оту дирт-дирт этип, уйкудан жабыркаган көздөрү Бекназарды бат-бат чалып турду.
— Бизге азыр ырк зарыл, баатыр.
Бекназар да бирдемени күтүп, оттун кызылын тиктеген бойдон былк этпей отуруп, пансаттын акыркы сөзүнө макул болуп акырын башын ийкеди.
#сынганкылыч
#жетинчибөлүм
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев