Предыдущая публикация
Чындыгында апам сулуу, ажарлуу, сабырдуу, кайраттуу! Мына карагыла, көргүлө, мени кандай аял төрөгөн 😍 Колубузга кол, жаныбызга жан болуп ар дайым кеңешин берип турган АПАМ! Бул дүйнөдөгү баардык жакшы сөздөрдү чогултуп айтсам да аздык кылат АПАМА 🥰 Отуз жашка толойун деп турсам да, башыман сылап, бетимен өөп койсо, менден кичинекей адам жоктой, канаты жок куштай асманга учуп кетем, башкача сезимдер келет ☺️ Мамоуу бүгүн сиз жарык дүйнөгө келген күн! Сиздин узак жашашыңызды күндө кудайдан тилейм 🙏 Баары үчүн сизге рахмат 😘 Эч оорубай, маңдайыбызда жакшылыктарыбызды көрүп, аман болуңуз! Сизди жакшы көрөбүз ❤️
Мамам учун жакшы тилектерди жаза кетиниздер достор ☺️
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 5