БӨЛҮШКҮЛӨ БИР ТУУГАНДАР!!!
2015-жылдын, 20-январь күнү, Горький атындагы "паркында" (Спорт ордосунун артында), саат 12-00 дөн 13-00 гө чейин "Мен Пайгамбарымды (салляллаху алейхи уа саламды) сүйөмүн" аттуу иш-чара болот.
Биз мусулмандар тынчтыкты, ынтымакты, бакубат жашоону каалайбыз. Ошол эле учурда динибизге тиешелүү болгон баалуулуктарыбызды, намысыбызды, абийирибизди сактоону милдетибиз деп билебиз.
Өзүбүзгө, ата-энебизге, бир туугандарыбызга, жакындарыбызга, мамлекетибизге туура эмес сын айтылып же шылдыңдоолор болсо дароо жообун беребиз же тиешелүү органдар аркылуу укуктарыбызды өз ордуна коюп алабыз.
Булардын баарынан бийик жана урмат-сыйга татыктуу болгон сүйүктүү Пайгамбарыбызды (салляллаху алейкум уассалам) шылдыңдатып коюп тынч олтурууга бизде эч кандай моралдык укук жана актануу жок деп эсептейм.
Ошол себептен бул иш-чарага баруу менен Пайгамбарым (салляллаху алейкум уассалам) мен үчүн эң сүйүктүү экендигин билдиргим келди.
Урматтуу мусулман бир туугандар Сиздерди дагы бул иште активдүү болууга чакырам. Уккандар мүмкүн болушунча укпагандарга жеткизип койууну суранам. Жараткан бардык иштерибизде жардам берсин.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 34